Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:34

Орусия: Ан-148 учагы жерге тийгенде жарылган


Учак кыйраган жерде иштеген куткаруучулар, 12.02.2018
Учак кыйраган жерде иштеген куткаруучулар, 12.02.2018

Москванын сыртында кыйраган Ан-148 учагындагы 71 киши курман болгонун Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги бышыктады. “Саратов аба жолдорунун” жүргүнчү ташыган учагы жекшембиде түштөн кийин Москванын “Домодедово” аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин байланыш үзүлгөн. Кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Оренбург облусунда дүйшөмбүдө аза күтүү жарыяланды.

Авиакырсыкты иликтеген Тергөө комитети учак жерге келип тийгенде жарылганын, ага чейин бүтүн болгонун билдирди. Күбөлөр айткандай күчтүү жарылуу учак жерге тийгенде болгону бышыкталды.

Ан-148 учагынын эки "кара кутусу" табылды. Эл аралык авиация комитети "кутулар катуу жабырканын, антсе дагы ичиндеги маалыматты окууга жарактуу" экенин билдирди. Эксперттер ишке киришти.

Өткөн түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Москва облусунун Раменск районунда түнү бою издөө иштерин улантышты. Саламаттык сактоо министри Максим Соколов сөөктөр таанылгыс болуп калгандыктан, генетикалык экспертиза зарылдыгын белгиледи.

Москва - Орск каттамындагы учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. "Тилекке каршы, борттогулардын бардыгы тең курман болду. Саламаттык сактоо министрлиги алардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп жарыялады саламаттык сактоо министринин орун басары Сергей Краевой журналисттерге.

Ан-148 учагы баш калаадагы «Домодедово» аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөт өткөн соң радардан жоголгон. Экипаждын командири Валерий Губанов жалпысынан беш миң сааттан ашуун учканын, анын ичинде Ан-148 учагын айдаган тажрыйбасы 2146 саат экени белгилүү болду. Экинчи учкуч Сергей Гамбарян 812 саат учкан.

Авиакырсык болгон жерде издөө иштери жүрүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

Окуянын күбөлөрү эмне көрүшкөнүн журналисттерге айтып беришкен. “Мен кандайдыр бир катуу үндү, жарылууну же учак жерге түшкөндө жарылганын уккан жокмун. Айылдагылар коркуп калышты, учак үйлөрдүн ары жагына, талаага келип түшүптүр” - деди айыл тургундарынын бири.

Кыйраган учак Степанское айыл аймагына түшкөн. Тергөө комитети учактын сыныктары бир чакырымдай жерге чачырап кеткенин билдирген. Комитеттин маалымат катчысы Светлана Петренко кылмыш иши ачылганын, атайын чабуул деген версияга негиздүү жүйө жоктугун айтты.

“Тергөөчүлөр авиакырсыктын мүмкүн болгон бардык версияларын карап чыгышат. Аба ырайынын шарты, адам фактору, учактын техникалык абалы жана башка кырсыкка себеп болгон бардык варианттар каралат” - деди Тергөө комитетинин өкүлү.

"Кара куту"
"Кара куту"

Оренбург облусунда дүйшөмбүдө аза күтүү жарыяланды. Авиакырсыкта кайтыш болгон жүргүнчүлөрдүн 30% ашууну облус тургундары. Алардын туугандарына жергиликтүү бийлик кенемте төлөп бермей болду. Москвада кырсыкка байланыштуу бардык көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулду.

Президент Владимир Путин кырсыкта жакындарын жоготкондорго көңүл айтканын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Путин 12-февралда Сочиге пландаган сапарынан баш тартты. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас орус президенти менен жолугууга Сочиден Москвага келет.

АКШ авиакырсыктын курмандыктарынын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты, “Саратов аба жолдорунун 703-каттамындагы учагы кабылган кырсыкка кабыргабыз кайышып турат” деп айтылат билдирүүдө.

Издөө иштери
Издөө иштери

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан көңүл айтты. "Трагедиялуу кырсыкта набыт болгон 71 адамдын жакындарынын кайгысын бөлүшөбүз" деп айтылат телеграммада.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каргашалуу учактагы жүргүнчүлөр менен экпипаж мүчөлөрүнүн аты-жөндөрүн жарыялады. Алардын арасында жашы жете элек үч бала жана Швейцария менен Азербайжандын жарандары бар.

Кырсыкка кабылган учак 2010-жылы заводдон чыккан. Былтыр февралга чейин аны “Орусия” авиакомпаниясы пайдаланып, андан соң “Саратов аба жолдоруна” саткан. Тергөө комитети учактын техникалык мүчүлүштүгү тууралуу маалымат жоктугун билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG