Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Орусияны тооруган газ кырсыгы


Шахты шаарындагы газ жарылган үй. 14-январь, 2019-жыл.
Шахты шаарындагы газ жарылган үй. 14-январь, 2019-жыл.

Орусияда газ түтүгүнүн жарылышынан дагы эки адам каза болуп, үчөөнүн дагы эле дайыны билине элек.

14-январдын таңында Ростов облусуна караштуу Шахты шаарындагы тогуз кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, турак жайдын жогорку кабатындагы төрт батир урап түшкөн.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) уранды алдында калгандарды издөө иштерине 120 куткаруучу тартылганын кабарлаган. Бир күндө жети киши куткарылып, эки адам оор жаракат менен ооруканага жөнөтүлгөн. Уранды алдында каза болгон эки аялдын сөөгү чыгарылып, үйдүн дагы үч тургуну изделүүдө. 16-январга карага түнү уранды алдынан 23 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Кырсык болгон жерге барган Ростов облусунун губернатору Василий Голубев кырсыктан жабыркагандардын баарына материалдык жардам көрсөтүлөрүн билдирген.

- Шаардын бул бөлүгүндө чукул кырдаал режими жарыяланды. Ошону менен катар кырсыктан жабыр тарткандарга каржылык жардам көрсөтүү, турак жай менен камсыз кылуу маселелери каралып жатат. Бардык керектөөлөрүн камсыз кылабыз, - деди ал. Губернатор жогорку кабаты урап түшкөн үйдөн тургундарды башка жакка көчүрүү тууралуу чечим өкмөттүк текшерүүдөн кийин кабыл алынарын кошумчалаган.

Эки жума мурун 31-декабрда Орусиянын Магнитогорск шаарында да газ түтүгү жарылып, 39 киши мерт болгон эле. Анда он кабаттуу үйдө бир подъезд толугу менен урап түшкөн. ӨКМ 35 батир толугу менен, 10 батир жарым-жартылай бузулганын кабарлаган болчу.

Магнитогорскидеги бир ыптасы урап түшкөн үй.
Магнитогорскидеги бир ыптасы урап түшкөн үй.

Ошого карабай жергиликтүү бийлик Магнитогорскидеги бул үйдү сактап калууну чечкен. Шаардын архитектура жана курулуш башкармалыгы ортодогу подъезд толук урап түшүп, экиге бөлүнүп калган үйдө «жашаганга болот» деп бүтүм чыгарып койгон. Азыркы кезде бул үйдүн жашоочулары бийликтен аларды башка жакка көчүрүүнү талап кылып, кол чогултууда.

Орусияда акыркы эки жылда эле газ түтүктөрү жарылган 60тай окуя катталды. Алардын көбү адамдардын өлүмү менен аяктаган. Учурда Мамлекеттик Дума жарандарды үйлөрүндө газ коопсуздугун камсыз кылган система орнотууга милдеттендирген мыйзам долбоорун карап жатат.

Орусиядагы Аймак маселелери боюнча институттун директору Дмитрий Журавлев үй ээлерин газ ченөөчү аппарат койдурууга милдеттендирүү маселени толук чечпейт деген ойдо. Ал Орусияда турак жай объектилерин заманга ылайык жаңылап чыгыш керек деп эсептейт.

- Турак жай чарбасын толук модернизациялаш керек. Эски үйлөрдү уратуу жөнүндө маселе көтөрө бербей, турак жай курууда чоң секирик жасаш керек. «Хрущевкаларды» гана эмес, 40 жылдан ашык турган үйлөрдүн баарын бузуу зарыл. Ооба, алар бетондон салынган, дагы эле бекем турат. Бирок кеп дубалдарда эмес, үйлөрдөгү суу, газ, электр коммуникацияларында. Бул чоң милдет, эбегейсиз каражат талап кылат, бирок аны аткарыш керек.

Ал эми турак жайлардын абалын текшерген «Городской центр экспертиз» компаниясынын директору Александр Москаленко үйдөгү коопсуздукка үй ээлери өздөрү жоопкерчилик алышы керек деп эсептейт.

- Турак жай кодексинде «үй коопсуздугуна кыймылсыз мүлк ээлери жооптуу» деп жазылган. Бул дагы эле үй ээлерине жетпептир. Газ түтүктөрүн текшериш керек экени айтылып, бул милдет негедир турак жайларды тейлеген компанияларга жүктөлүп калган. Өкмөттүк деңгээлде газ түтүктөрүнүн жарылуусунун алдын алган, үйлөрдү газ менен камсыздоону толук көзөмөлдөгөн система түзүлүшү керек.

Орус бийлиги жаңы мыйзам кабыл алуу менен турак жайларда газ коопсуздугун камсыз кылуу милдетин үй ээлерине жүктөөнү кааласа, газ түтүктөрү жарылган үйлөрдүн тургундары өкмөттөн аларды башка жакка көчүрүүнү талап кылып жатышат. Мисалы, Свердлов облусундагы Вересовка айылынын тургундары өкмөттөн жаңы үйдү 23 жылдан бери күтүп жүрүшөт. 1995-жылы беш кабаттуу үйдө газ баллон жарылып, бир подъезди толук урап калган экен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG