Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Иркутскидеги ташкындын азабы


Иркутскидеги Тулун шаары.
Иркутскидеги Тулун шаары.

Дээрлик бир жумадан бери Сибирде түмөндөгөн адамдар табигый кырсыктан жапа чегип, аны залакасы менен күрөшүп жатышат.

25-июндан бери тынбай куйган нөшөрдөн улам Орусиянын Иркутск облусунда дарыялар нугунан чыгып, калк жашаган 55 конушту суу каптады. Аймакта 32 миңдей адам табигый кырсыкка кабылып, эки жарым миңдейи эвакуацияланды. 600дөй киши медициналык жардам сурап кайрылса, алардын 161и балдар.

Орусиялык маалымат каражаттары расмий булактарга таянып, ташкында жети адам каза болгонун, тогуз кишинин дайыны табылбай жатканын кабарлашты.

Орусиянын президенти Владимир Путин Осакадагы «Чоң жыйырманын» саммитинен кайтып келатып, 30-июнда аймакка токтоп, тилсиз жоо менен күрөшүүгө орус армиясын да тартууга буйрук берген.

«Биз Сибирдеги абалды жакшы билебиз. Жайы кыска, кышы чукул келет. Ташкын токтогон жок. Биз качан курулушту бүтүрөбүз? Убакыт тар, суук түшкөндө адамдар чатырларда калбашы керек. Бардык жагдайга даяр болушубуз керек», - деди Путин.

Чукул жыйын.
Чукул жыйын.

Облус боюнча 13 көпүрө бузулуп, айыл-кыштактар менен байланыш үзүлгөн, аэропортту, административдик мекемелерди, жети миңдей үй-жайды суу каптап кеткен. Жолдорго жана айыл чарбага келтирилген чыгым азырынча 18 миллион долларга бааланууда.

Ал эми жергиликтүү тургундар суу ташкыны тууралуу алдын-ала кабар берилбегенин, аймакка өзгөчө кырдаал үч күндөн кийин гана киргизилгенин айтып жатышат.

«Жыл сайын суу ташкындап, суу ушул жакка топтолот. Эч кимдин башы ооручу эмес. Азыр кап менен кум төгүп жатышканын көрүп таң калдым. Кол менен ташычубуз. Түнкүсүн эч ким жок болчу», - дейт Иркутскинин жашоочусу.

«Биз мэрге кайрылып, суранганбыз. «Шагыл төгүп бергиле» дегенбиз. «Менде жок, кыла албайм» деген», - дейт дагы бирөө.

Орус өкмөтү Иркутскидеги ташкында ден соолугунан жана үй-жайынан ажырагандарга 662 миллион рубль бөлүнөрүн кабарлады.

Иркутск облусу.
Иркутск облусу.

Табигый кырсыктан жапа чеккен аймактагы куткаруу иштерине миңдей аскер менен 300дөй техника жөнөтүлгөн. Суу каптаган айыл-кыштактардан адамдарды куткаруу иштери уланып жатат.

Чукул кырдаалдар министрлигинин Иркутск облусундагы өкүлү Валентин Нелюбов айрым адамдар үйлөрүн таштоодон баш тартканын билдирген:

«Биз азыр үй жаныбарларын куткарып жатабыз. 12 итти алып чыктык, чатырларда мышык, тоок жана башка жандыктар да бар. Кээ бир адамдар үйлөрүн таштоодон баш тартып, тамдардын чатырларында отурушат. Аларга тамак-аш, суу жеткирип жатабыз».

Иркутск облусунда суу алты райондо ташкындап жатат. Ошондой эле 1-июлда Красноярскидеги Канск шаарында да суу ташкындап чукул кырдаал киргизилди. 117 жер үлүшү суу астында калып, шаардан 58 адам эвакуацияланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG