Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Орусияда коррупцияга каршы акциялар өтүүдө


Тверской көчөсү/ 12-июнь, 2017-жыл
Тверской көчөсү/ 12-июнь, 2017-жыл

Орусияда оппозициячы Алексей Навальный уюштурган антикоррупциялык демонстрациялар өтүүдө. Ага миңдеген адамдар чыгышты. Полиция айрым шаарларда митингчилерди кармап жатат.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды полиция Москвадагы үйүнүн кире беришинен кармап кеткенин анын жубайы кабарлады.

Москвадагы антикоррупциялык митинг Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө бийликтер менен мурда макулдашылгандай, Сахаров проспектисинде эмес, Тверской көчөсүндө өткөрүлмөк.

Макулдашылган орундун которулушун Навальный бийликтердин кысымы, үн күчөткүч жабдууларды, видео экрандарды колдонууга тыюу салышы менен түшүндүрдү.

Күч органдары Москвадагы митингдин ордун которууну мыйзамсыз деп атап, акция учурунда кандай гана кутум болбосун ыкчам басарын бышыктап жатышат.

- Тверь көчөсүндө Орусиянын Күнүнө байланыштуу жалпы майрамдык иш-чаралар белгиленгенине байланыштуу каршылыкка чыккандардын кандай гана провокациялык аракеттери болбосун ал коомдук тартипке коркунуч катары каралат жана ыкчам токтотулат, - деп расмий эскертет полиция.

Ал эми Москванын мэриясы акция плакат, чакырыктары жок өтсө гана Тверь көчөсүнө уруксат берилерин билдирди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматынын маалыматына караганда, Навальныйдын кеминде беш жактоочусу Санкт-Петербург шаарында да кармалды.

Алардын бири “Володя! Биз сенден тажадык!” деген плакатты көтөрүп жүргөн.

Коррупцияга малынды деп, өкмөткө каршы оппозициячы Алексей Навальный уюштурган акциялар айрым шаарларда жергиликтүү бийлик чектеген аймактарда өттү. Айрым шаарларда борборго чогулушууда.

Новосибирсктеги акция.
Новосибирсктеги акция.

Сибир тараптагы бир катар шаарларда акциялар жыйынтыкталды. Уюштуруучулардын акыркы маалыматтарына караганда, Новосибирскте 5 миңдей адам чогулган. Алар "Коррупция келечекти уурдайт!" деген жазууну кармап алышкан. Айрымдары «Путинсиз Орусия», «Бийлик бул - эл» деп кыйкырып, шаар ичинде жүрүшкө чыгышты деди «Азаттыктын» орус кызматынын бул шаардагы кабарчысы.

Новосибирск.
Новосибирск.

Орусиянын түштүк - чыгышындагы Владивосток шаарында уруксатсыз акция өткөрүшкөнү үчүн деп кармалгандар саны кеминде 20га жетти. Норильск шаарында 10, Благовещенскте 9, Казанда 4 киши кармалганы тууралуу маалымат келди. Ал эми Орусиянын батышындагы Санкт-Петербургда митингге бараткан жеринен жергиликтүү кеңештин депутаты Даниил Кен кармалган.

Орус президенти Владимир Путиндин дагы бир оппоненти Михаил Ходорковскийдин «Ачык Орусия» кыймылы да бүгүнкү акцияны колдоп чыккан. Петербургда кыймылдын координатору Андрей Пивоваров да кармалды.

Навальный анын жактоочулары антикоррупциялык акцияларга Орусиянын 210дон ашуун шаарында чыгарын билдирген.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

Антиөкмөттүк акцияларга Навальный жетектеген "Коррупцияга каршы күрөшүү фонду" быйыл мартта жарыялаган фильм себеп болгон. Анда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин мүлктөрү иликтенет. Фонд премьердин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлктөрү деп Орусиянын булуң-бурчундагы жана Италиядагы хансарайларды, жер тилкелерди, жүзүмзарларды, андан тышкары яхталарды көрсөткөн.

Оппозициячы Алексей Навальный 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG