Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Карелияда 14 адам сууга чөгүп кетти


20-июнь Карелияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
20-июнь Карелияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Орусиянын түндүгүндөгү Карелия аймагында көлгө сейилдөөгө чыккан 14 адам чөгүп кетти. Алардын 13ү мектеп окуучулары.

Соңку такталган маалыматтарга ылайык, көлгө чөккөндөрдүн 13ү балдар жана бирөө инструктор болгон. Куткаруучулар алардын сөөгүн таап, тек-жайын аныкташууда. Кырсык орун алган Сямозеро көлүндөгү издеп-куткаруу иштери жыйынтыкталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Улуттук кризистик борбордун жетекчи орун басары Алексей Смирнов билдирди:

- 18-июнда Карелия республикасындагы Сямозеро көлүнө катталбаган туристтик топ саякатка чыккан, катуу шамалдан улам эки кайык көмкөрүлүп кеткен. Кайыктардагы 26 адамдын он экисин куткарып калууга үлгүрдүк. 13 баланын жана бир инструктордун сөөгү табылып, тек-жайлары аныкталды. Беш бала Петрозаводск шаарынын ооруканасына жеткирилди.

Жалпысынан саякатка 47 мектеп окуучусу жана төрт инструктор чыккан.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, буга чейин көлдүн аймагында катуу шамал болорун синоптиктер эскерткен. Ага карабай, окуучулар көлдөгү эс алууну үзгүлтүккө учураткылары келбеген сыяктуу. Буга кошумча, балдардын бул саякаты эч бир тиешелүү мекемелерге билдирилбей уюштурулганы дайын болду.

Балдарды куткарууга жергиликтүү тургундар, куткаруучулар жапырт катышкан. Кырсык катталган жердеги туристтик базалардын биринин кызматкери Юлия трагедия тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Мен дароо эле лагердин жетекчисине чалдым. Анын айтымында, окуяны саякатка чыккан кыздардын бири келип кабарлаган. Лагердин кызматкерлери токойдо аябай үшүгөн балдарды табышыптыр. Эгер убагында ал балдар табылбай калса, алар деле сууктан өлүп калмак окшойт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги лагердин жетекчилиги бул саякат тууралуу алдын ала маалымат бербегени чоң ката болгонун билдирүүдө. Алардын айтуусунда, балдардын саякаты тууралуу тиешелүү органдын кабары болгондо куткаруучулар коштоп бармак же көл үстүндөгү саякатка такыр тыюу салынмак.

Куткаруучулар кырсык болгон жерге дароо жете алышкан эмес. Буга аба ырайынын бузулушу себеп болгон.

Орусиянын тергөө комитети кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда ар кыл деңгээлдеги жаракат алган беш бала ооруканага жеткирилди.

Москванын мэри Сергей Собянин өзүнүн Твиттердеги баракчасына набыт болгон балдардын баары Москвадан экенин жазды. Ал ошондой эле Карелияга баш калаадан кошумча куткаруучулар жана дарыгерлер жөнөтүлгөнүн билдирди.

20-июнь Карелияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG