Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Путин "Панама-гейтти" Батыштан көрдү


Владимир Путин
Владимир Путин

Орус президенти “Панама-гейт” деген ат менен белгилүү болуп, дүйнөгө дүрбөлөң салып жаткан офшордук схемалар тууралуу документтерди Батыштын каралоо өнөктүгүнүн алкагындагы иш деп атады.

Орус президенти Владимир Путин 7-апрелде Санкт-Петербургдагы журналисттердин форумунда сүйлөп жатып, бир жумадан бери дуу болуп жаткан Панама документтери болюнча алгач ирет үн катты.

Ал Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) жарыялаган "Панама документтеринен" эч кандай коррупциялык иш көрбөй жатканын билдирип, Панаманын юридикалык компаниясынан документтер чыгып кетишин "Батыштын каралоо өнөктүгүнүн алкагындагы иш" деп атады. Ошондой эле "аны жасагандар элдин бийликке ишенимин кетирип, өлкөдөгү кырдаалды ичтен чайпалткысы келет", - деди Путин.

- Айланамдагы адамдар аркылуу мени каралоо аракети жүрүүдө. Биздин душмандар Орусиянын көп улуттуу элинин биримдиги менен ынтымагына тынчсызданат. Андыктан ичтен бөлүп-жарууга далалат жасашты, - деген Путин журналисттерге минтип кайрылды:

- Журналисттер маалымат кантип жасаларын жакшы билесиңер. Мына ушул офшордук схемалар тууралуу айтсак, сөз кыла турган эч нерсе жок. Бирок тапшырма бар, иштөө керек. Анан эмне кылышты? Маалыматтык продукт жасашты. Менин досторумдан кимдир бирөөсүн табышты. Анан бир нерселерди казып чыгышты да чаптап салышты.

Орус президенти ошондой эле бул документтерде аты аталган музыкант Сергей Ролдугин менен дос болгонуна сыймыктанарын белгилеп, бирок ал миллиардаган долларларды табары тууралуу маалымат бекер кеп деп айтты:

- Ал иштеп тапкан акчасынын дээрлик баарын сырттан музыкалык аспаптарды сатып алып, аны Орусияга алып келүү үчүн короткон.

Панама документтеринде Путиндин эски досу жана кыздарынын биринин өкүл атасы катары аты аталган виолончелист Сергей Ролдугин жүз миллиондогон доллардык офшордук активдерге ээ экени айтылган.

Орусиялык серепчи Игорь Яковенко Панама документтеринде аты аталган өлкөлөрдө ага ар кандай баа берилип жатканына токтолду:

- "Панама-гейтке" ар кайсы өлкөдө ар кандай мамиле жасашты. Кайсы бир өлкөдө бийликтин жогорку баскычында тургандар кызматтан кетти, дагы бир өлкөлөрдүн өкмөттөрү биз мунун баарын териштиребиз деп кыйкырып чыкты. Дагы бир өлкөдө, маселен Украинада Башкы прокуратура мында коркунучтуу эч нерсе жоктугун айтып чыкса, парламент менен коомчулук “жок, келгиле териштиребиз" деп айтышты. Менимче, Порошенкого оңой болбой жатат. Анткени ал жерде коомчулук, плюрализм бар. Орусияда баарынан аттап кетүүгө боло берет. Ролдугин миллиарддын баарына музыкалык аспап сатып алган деп оюна келгенди айтып коё берет. Бул бетпактыктын акыркы чеги. Себеби эч ким каршы чыкпайт, оппонент жок.

3-апрелде Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган. Анын Орусияга арналган бөлүгүндө президентке жакын музыкант Сергей Ролдугин жана Путинге байланышкан офшордук тармактар тууралуу сөз болгон. Тактап айтканда, Путинге жакын адамдар "Россия" банкы жана Панамадагы офшордук компаниялар аркылуу 2 миллиард доллардан ашуун арам акчаны адалдаганы айтылган.

Бул документтерде КМШ өлкөлөрүнөн Путинден сырткары казак президенти Нурсултан Назарбаев менен байланыштагы ысымдар жана украин президенти Петро Порошенконун, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин аты аталган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG