Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Дубровкадагы трагедияга 10 жыл


Дубровкадагы трагедияда набыт болгон 130 кишинин жакындары арадан 10 жыл өтсө да бийлик акыр аягында куткаруу операциясындагы каталарын моюнга алып, түшүндүрмө берет деп дагы деле үмүтүн үзүшпөйт.

2002-жылдын 23-октябрында Москвадагы театрда оюн жүрүп жаткан кезде согушкерлер имараттын ичине кирип барып, 57 саат бою 700дөй адамды барымтада кармап турушкан.

Дмитрий Миловидов ал күнү 14 жаштагы кызынан айрылган. 10 жыл мурунку окуяларды айтып берип жатып, азыркыга чейин ачуусун жашыра албайт. Нина дагы 130 кишидей эле атайын күчтөр колдонгон газдан ууланып өлгөн.

- Химиялык зат анын дем алуу органдарына таасир этип, ал дем ала албай калган экен. Адам дем албай канчага чейин чыдай алат? Анан жүрөгү токтоп калган. Мына, балдарыбызга эмне кылышты!

Дмитрий Миловидов
Дмитрий Миловидов
Нина "Норд-Ост" деген мюзикалга сиңдиси Лена менен барган. Федералдык аскерлерди Чеченстандан чыгарууну талап кылган согушкерлер бир нече баланы койо берүүгө көнгөндө, Нина бөбөгүн бошотууну суранат. Ошентип Лена аман калган.

- Нина ошол залда түбөлүккө калды. Документтер көрсөткөндөй, аны эч ким ооруканага жеткирбептир, жардам көрсөтпөптүр. Телекамералардан жашыруу үчүн автобуска сүйрөп барышыптыр.

Набыт болгондордун жакындарынын көбү медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн улам көз жумганын айтып, орус өкмөтүн ал трагедиядагы күнөөсүн жаап-жашыргандыгы үчүн айыпташат.

Дубровкадагы окуя боюнча иликтөө аяктай элек. Тергөөчүлөрдүн жада калса алдын ала отчету да эч качан жарыяланган эмес.

Коопсуздук күчтөрү террористтерди уктатуу үчүн деп колдонгон газдын курамы да азыркыга чейин ачыктала элек.

10 жыл мурун бийлик барымтадагыларды бошотуу операциясында балдар жабыркаган жок деп билдирип келишкен. Бирок, маалыматтарга караганда, ошондо бери дегенде 10 бала набыт болгон. Бийлик ошол заматта эле "куткаруу операциясы ийгиликтүү аяктады, согушкерлердин бардыгы жок кылынды, коопсуздук күчтөрү арасында жоготуулар жок" деп жарыялаган.

Көп узабай кайгылуу окуя жөнүндө чындык ачыкка чыга баштады: эс учун жоготкон адамдарды автобустарга сүйрөп баратышканы тартылган тасмалар, газдын кайсы түрү пайдаланылганын билбеген, демек кандай жардам берээрин да билбей далбастаган доктурлар...

Белгилүү музыкант Александр Карпов 7 саат бою сөөктөргө толгон автобуста жатып, Тез жардам машинесинде жан берген.

Анын апасы жакындарын жоготкон башка адамдардай эле президент Владимир Путинди "газ колдонууга буйрук берген жана кан төгүүгө алып келген куткаруу операциясынын каталарын жаап-жашырган" деп күнөөлөйт.

Былтыр декабрда Адам укуктары боюнча Европа соту алардын доосун карап, орус өкмөтүн 64 арыздануучуга 1,7 миллион доллар моралдык компенсация катары төлөп берүүгө милдеттендирген.

Сот барымтадагылардын өлүмүнө газ түздөн түз себепчи болгон эмес деген Кремлдин дооматын четке какты.

Мындай чечимден кийин доогерлер орус прокуратурасына Европа сотунун тыянагын эске алып, жаңы тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен расмий кайрылышкан. Бирок 10 жылдан кийин да бул ишке айкындык киргизүү ыктымалдуулугу аздай көрүнөт.

"Коомчулуктун бул ишке кызыгуусу тараган, экинчи жагынан ушунча жылдан кийин процессуалдык жактан фактыларды табуу кыйын болот. Албетте алар Орусия Федерациясында адам өмүрүнө кайдыгер мамиле кылынарына көңүл бурдурушу ыктымал. Бирок иликтөө алар каалаган максатка жетет деп ойлобойм", - дейт коопсуздук маселелери боюнча адис Иван Сухов.

Бирок Дубровка курмандыктары алар чындыкты билүү үчүн гана күрөшүп жатышканын айтышат.

XS
SM
MD
LG