Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Орусия ДСУга киришинен Кыргызстанга кандай пайда?


Орус коммунисттери өлкөнүн Дүйнөлүк Соода уюмуна кошулуусуна каршы чыгышкан. 3-июль, Москва.
Орус коммунисттери өлкөнүн Дүйнөлүк Соода уюмуна кошулуусуна каршы чыгышкан. 3-июль, Москва.

Орусия ушул шаршембиден тарта Дүйнөлүк соода уюмуна расмий кошулуп, анын 156-мүчөсү болуп калды. Мүчөлүктүн дурус жана буруш жактары боюнча өлкөдө талкуулар уланууда. Ал эми Кыргызстанга Орусиянын ДСУга кошулуусунан кандай таасир болот?

Улуттук дүң өндүрүшүнүн жылдык көлөмү 1,9 триллионго жеткен Орусия - дүйнөнүн тогузунчу ири экономикасы. Мындан он жыл ашуун мурда Дүйнөлүк соода уюмуна Кытайдын кириши менен Орусия андан сыртта калган жалгыз ири өлкө болчу.

Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү Москва дээрлик он тогуз жыл бою жүргүздү. ДСУдагы мүчөлүктү күтпөстөн эки коңшусу: Казакстан менен Беларусту тартып, өзүнчө Бажы союзун уюштуруп жиберүүсүн да айрымдар мына ушул жараяндын узакка созулуп кеткендигине байланыштырышкан.

Кыргызстанга таасир

Дүйнөлүк Соода уюмуна 1998-жылдан бери мүчө Кыргызстан үчүн анын башкы соода өнөктөрүнүн бири болгон Орусиянын эми бул топко киришинен кандай пайда бар? Базарлар жана соода түйүндөрү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биринчиден бул - Орусияда бажы төлөмдөрүнүн коэффицентинин баскыч-баскыч менен 7,5% чейин төмөндөшү. Азыр Орусияда бул көрсөткүч 11,6% бизде болсо 5,1%. Башкача айтканда эки эседен ашуун чоңураак. Демек бажы төлөмдөрү боюнча коэффиценти биздикине жакындайт. Кыргызстан үчүн Дүйнөлүк соода уюмуна Орусия эле эмес, коңшу Казакстандын да тезирээк кириши оң болмок. Ошондо биз да бул эки өлкө менен соода-экономикалык кызматташтыкта жаңы мамилелерди кура алмакпыз. Өз кезегинде менимче, Кыргызстандын 2013-жылдын аягы, 2014-жылга барып, ага чейин мүмкүн эмес, Бажы биримдигине кошулуусу акыр аягында өнөктөштөрүбүз Орусия жана Казакстан менен биз мурда эле татыктуу болгон мамилени түзүүгө алып барат. Бизнес чек араларды эч убакта сүйгөн эмес жана сүйбөйт.

Азырынча үч өлкө мүчө Бажы союзунда негиз катары Орусиянын тарифтери алынган. Эл импорт менен жашап, бюджет да бажы төлөмдөрүнө байланып калган Кыргызстандын ага дароо кошула албаганынын башкы себеби тарифтер жогору экендигине байланыштуу. Аларды дароо кабыл алуу импорттук товарлардын баасы кескин кымбаттайт дегенди билдирет. Ушундан улам кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү Бажы союзуна кирүүдө жеңилдиктер сураларын белгилеп келишет.

Азыр Орусиянын, келечекте Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулушу менен эки уюмдун эрежелери кантип айкалыштырылат? Бул маселеде азырынча аныктык жок. Анын үстүнө Москванын мүдөөсү боюнча Бажы союзу 2015-жылга барып, Кыргызстанды, балким Тажикстанды да кошуп Евразия экономикалык шериктештигине айлануусу керек.

Орусиянын мурдагы экономика министри Евгений Ясиндин пикиринде, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүктөн улам алдыда Бажы союзунун эрежелери кайра каралуусу ыктымал.

Ал эми Бишкектеги “Проматанк” консалтинг компаниясынын директору Азамат Акелеевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, Орусиянын ДСУга мүчөлүгү Кыргызстандын аны менен соодадагы аласа-бересесине жакынкы аралыкта тикелей таасирин тийгизбейт:

- Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна толук кандуу киргенге чейин жети жыл убакыт өтөт. Ал ушундай шарт менен кошулган. Бул мезгил аралыгында ал өзүнүн бийик тарифтерин бара-бара ылдыйлатат. Маселен автоөндүрүш өңдүү тармактар Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине дароо эле кошулбайт. Андыктан жети жылга чейин Орусиянын кириши бизге көп деле сезилбейт деп ойлойм.

Ким утат, ким утулат?

Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчөлүктүн дурус жана буруш жактары тууралуу Орусиянын өзүндө талкуулар али уланууда. Орустардын эң ири – Сбербанкынын жетекчилеринин бири Дмитрий Средин мындай дейт:

- Орус экономикасынын кээ бир тармактары таасирди дароо эле сезет. Керектөө секторунда иштегендер, өзгөчө соода түйүндөрү курулуш компаниялары мунун таасирин 2013-2014-жылдары, ал эми башка компаниялар кечирээк сезсе керек. Бирок Улуттук дүң өндүрүштүн өсүшүнө таасирин биз тез эле көрөбүз.

Эксперттер Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу Орусиянын Улуттук дүң өндүрүшүн 3%, ал эми узак мөөнөттө 11% өстүрөт деп болжошууда.

Алардын эсебинде, мындан чоң пайданы кара жана түстүү металургия, химия өнөр-жайы табат. Ошол эле учурда өндүргөн продукциясынын тыш базарда өтүмдүүлүгү начар жеңил өнөр-жай, машина куруу тармагы утулат. Импорттун көбөйүшүнөн улам айыл чарбасы жана тамак-аш өндүрүшү сокку жейт.

Бирок акыр-аягында Москвадагы FBK аудит компаниясынын стратегиялык талдоо бөлүмүнүн башчысы Игорь Николаевдин пикиринде, мындан керектөөчүлөр утат:

- Биз модернизацияланган жокпуз, артта калдык деп айта берсек болот. Бирок мен бул жараянды өндүрүүчүнүн эмес, керектөөчүнүн көз карашынан кароону сунуш кылам. Эгер керектөөчү утса, мындан өндүрүшчү да утат. Пландуу экономика бул өндүрүшчүнүн экономикасы. Ал акыр-аягында эмне алып барарын биз көргөнбүз.

Орусия ДСУга мүчө болгонуна карабай, анын эрежелери азырынча АКШ менен соодада колдонулбайт жана эки тараптуу соода келишимдери сакталат. Вашингтон 1974-жылы Соода мыйзамына киргизилген Жексон-Вэник түзөтүүсүн колдонууну уланта бермекчи. Бул чара жарандардын укугу бузулган өлкөлөр менен сооданы чектөөгө багытталган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG