Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:56

"Неберелерим тирүүлөй жетим калышты"


Мигрант жумушчуларды текшерип жаткан полиция. Москва, 14-октябрь, 2013-жыл.

Екатеринбургда эки жыл мурун терроризмге шектүү катары кармалган борбор азиялыктардын соту аяктады.

Приволжск аскердик соту 7-апрелде жети мигрантты "Терроризм", "Мыйзамсыз курал-жарак сатуу" жана "Жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, аларды 12 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратты.

Козимжон менен Комилжон Абдуллажонов, Ильхом Кодиралиев, Аброрбек Каримохунов, Нумонжон Хурулбоев, Фаррух Джумаев жана Равшан Каримов эки жыл мурун камакка алынган. Алардын бешөө кыргызстандык.

Өзгөндүн тургуну Азамжан Абдуллажоновдун эки уулу - Козимжон менен Комилжон - 17 жылга кесилген.

- Менин балдарым Екатеринбургга келгенине сегиз жыл болгон. Улуусу кафе ачып, кийин кичүүсүн чакырган. Бир күнү түндө үйүнө маскачандар басып кирип, колдоруна кишен салышкан. Улуусу аялы, төрт баласы менен чогуу жашашчу. Экинчисин үч баласы бар. Мен ошондо эле консулдукка, Москвадагы элчиликке, президентке да кат жаздым. Биз Кыргызстандын жарандарыбыз. Эми "алар айыпсыз, чыгарат акыры" деп отурсак, сот болуп, жок нерсени жабыштырып түрмөгө кесип жиберди. Жети неберем тирүүлөй жетим калды.

Екатеринбург: мигранттар соттолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:42 0:00

Тергөө "ага-ини «Ислам мамлекети» менен байланышта болгон, Екатеринбургда иштеткен «Султан» кафесинде радикал уюмдун чогулуштарын өткөрүшкөн" деп аныктаган.

Козимжон Абдуллажановдун адвокаты Денис Гудков мындай айыптар сотто далилденбегенин айтат. Адвокат эми Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга даярданууда.

- Козимжон менен берки алтоо тең "ИГИЛдин Екатеринбургдагы мүчөлөрү, алар "Карнавал" соода түйүнүн жардырууну пландашкан" деп айыпталган. Бирок башынан эле бул иште бир нече дал келбестиктер бар. Негедир Козимжон эртең мененки алтыда үйүндө куртка кийип отурган экен. Анан ФСБ кызматкерлери келип, анын чөнтөгүнөн граната таап алышкан. Баарынан күлкүлүүсү - дагы экөө так ушундайча кармалган. Мигранттардын үйүнө биринчи ыкчам кызматкерлер келип дүрбөлөң салып, андан кийин гана күбөлөр менен тергөөчү келген. Телеканалдарда алардын ванна бөлмөсүнөн мусулман адабияттары, зымдар табылганы көрсөтүлгөн. Кызыгы, тергөө эки жыл жүрдү, бирок эч ким Козимжондон "гранатаны кайдан алдың" деп сурабады? Сотто мен сураганымда, ал ага гранатаны атайын ыргытып коюшканын айтты. Бул жерде “кожо көрсүн” экени билинип калган.

Гудков сот жабык өткөнүн жана айыпталуучулардын суракта кыйноого алынганы тууралуу арыздары көңүлгө алынбаганын белгилейт.

Федералдык коопсуздук кызматы жети борбор азиялыкты 2016-жылы апрелде "колго жасалган жардыргычтар менен Москва, Санкт-Петербург жана Свердлов облустарында теракт жасоону пландашкан" деп камакка алган. "Теракт жасагандан кийин алар Сириядагы «Ислам мамлекети» тобуна кошулууну көздөшкөн" деп айтылат атайын кызматтын расмий билдирүүсүндө.

Айыптоо өкүмүндө мигранттар "жардыруучу заттарды "Жабхат ан-Нусра" террордук тобунун мүчөсү экени сөз болуп жүргөн өзбекстандык 34 жаштагы Зиёдулла Ибодов менен жасашкан, ошондой эле Сирияга 100 доллар өлчөмүндө акча жөнөтүшкөн" деп айтылган. Ал эми Приволжск аскердик соту "Азаттыктын" өзбек кызматына бул иш боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан.

Орусияда борбор азиялык мигранттар терроризм боюнча шектүү катары камакка алынган учурлар көбөйгөнү байкалууда. Алардын арасында кыргызстандыктар жөнүндө айтылганы менен Орусияда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгон жарандардын саны расмий айтыла элек. Тышкы иштер министрлиги былтыр чет жакта 1793 жаран кылмыш жазасын өтөп жатканын, алардын 1354ү Орусияда экенин маалымдаган.

Эл аралык "Search for common ground" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кеңешбек Сайназаров Орусияда иштеп жүргөн борбор азиялык мигранттардын радикалдашуу себептерин изилдөөчүлөрдүн бири. Англиядагы RUSI уюму, Орусиянын Улуттук илимдер академиясынын Чыгыш таануу институту, ошондой эле Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан экиден изилдөөчү бир жыл бою Орусияда борбор азиялыктардын экстремисттик уюмдардын тузагына түшүп жатышынын оош-кыйыштарын талдап чыгышкан.

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

- Жалпылап айтуу оор. "Эмгек мигранты" дегенде Орусиядагы 4,5 миллион борбор азиялык калк жөнүндө кеп болуп жатат. "Эмгек мигранттары Орусияда күнөөсүз камалып жатат" же "Орусияда радикалдашып жатат" десек да туура болбой калат. "Андай" же "мындай" деп эмгек мигранттарына көө жабыш кыйын. Адамдардын радикалдашуусунун себептери ар түрдүү. Туура эмес диний топторго кошулуп кетиши мүмкүн, жөн гана социалдык тармактардан видео көрүп, анан аны менен бөлүшүп коюп, кылтакка илингендер болушу мүмкүн жана башка себептер толтура.

Сайназаров экстремизмдин алдын алууда биринчи иретте билим берүүгө көңүл буруш керек деген ойдо.

Убагында миграциялык документтерди жасай албай калган адам дароо мыйзамдын чегинен чыгып кетет.

- Менин жеке оюмда, адамдарга билим берүү, чынчыл ой жүгүртүүгө үндөө маанилүү. Чет жактагы толгон-токой кыйынчылыктарды эске алып, өлкөдө чыгаарда ошого даяр болуш керек. Башка бирөөнүн жеринде ошол жердин мыйзамдарын сыйлап, алардын эрежелери менен жашаш керек. Андан сырткары, бул багытта өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Мисалы, убагында миграциялык документтерди жасай албай калган адам дароо мыйзамдын чегинен чыгып кетет. Өкмөт жөн отурган жок. Иштер жасалып жатат. Мисалы, өкмөт мигрантка жеткирбеди десек, азыр маалыматты бардык жерден табууга болот. Бул жерде мигранттын өз жоопкерчилиги боюнча суроо да пайда болот. Дагы бир орчундуу нерсе - биз миграция жөнүндө кеп салганда канча акча которулганын эсептей баштайбыз. Адамдардын тагдыры, ден соолугу акча менен ченелбеши керек. Эмгек мигранттардын жүгүн жеңилдетүүгө аракет кылыш керек деп ойлойм.

Жыл башында Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы "Терроризм" беренеси менен соттолгон борбор азиялыктар кескин көбөйгөндүктөн, орус абактарында диний радикалдашуу коркунучу пайда болгонун билдирген. Жалпысынан орус абактарында Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын 29 миңден ашуун жараны кылмыш жазасын өтөп жатканы маалымдалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG