Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Орусия митингдердин кучагында


Оппозиция лидери Борис Немцов Москвадагы нааразылык митингинде сүйлөп жатат. 5-декабрь, 2011.
Оппозиция лидери Борис Немцов Москвадагы нааразылык митингинде сүйлөп жатат. 5-декабрь, 2011.

5-декабрда Орусияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция митингге чыкты. Москванын борборунда жайгашкан Чистые Пруды бульварында “Солидарность” кыймылы уюштурган митингге миңдеген адамдардын келгени айтылууда.

Полиция 2 миң адам катышты десе, акциянын уюштуруучулары 7 миң деп жатышат. Бийлик уруксат берген митинг полициянын кармоолору менен аяктап, бүгүн Москванын борборунда коопсуздук чараларынын күчөтүлгөнү байкалууда.

Бийлик менен макулдашылган бул иш-чара акыркы жылдардагы оппозициянын эң ири митинги катары бааланууда. Оппозиция 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп эсептейт.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 96% эсептеп, парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын угузган. Ага ылайык, башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясы 49, 54 пайыз алган.

“Бул шайлоо – шылдың!”, “Путинсиз Орусия” - митингде ушундай лозунгдарды көрүүгө болду.

Сахнада оппозициялык саясатчылар Борис Немцов, Илья Яшин, укук коргоочу Евгения Чиркикова, блогчу Алексей Навальный жана жазуучу Дмитрий Быков өңдүү белгилүү адамдар сөз сүйлөштү.

Борис Немцов бери дегенде 12 миллион добуштун уурдалганын айтып, “Бирдиктүү Орусияны” "Уурулардын жана алдамчылардын партиясы" деп атап, “Путинсиз Орусия” деп кыйкырып жатты.

“Уурулардын жана алдамчылардын партиясы” деген аталышты биринчи киргизген блогчу Алексей Навальный “силер “Бирдиктүү Орусия” үчүн добуш бердиңерби?” деп сураганда, калың эл “Жок!” деп жооп кайтарды.

Укук коргоочу Евгения Чирикова “Бирдиктүү Орусиянын” 50 пайыз ала албай калышын оппозициянын биринчи кичинекей жеңиши катары баалады.

Жазуучу Дмитрий Быков Орусияда жарандык коом калыптанып, ал марттагы президентик шайлоо учурунда да активдүү болоорун айтты.

Митинг бүткөн соң Лубянкада жайгашкан Боршайкомдун имараты тарапка жүрүш жасоо чакырыктары угулду, ОМОН жүрүштүн катышуучуларын ошондо кармай баштады.

Полиция кызматкерлери кечээ 300 адамды кармашканын кабарлашты.

Алардын арасында Алексей Навальный жана Илья Яшин да бар болчу. Кармалгандар кечээ түнү бошотулуп, Навальный менен Яшиндин иштери бүгүн сотто каралууда. Азыр белгилүү болгондой, Яшин 15 суткага жазаланды.

6-декабрда Москвада полиция кызматкерлеринин жана ички аскерлердин активдешүүсүн байкоого болду.

ИИМдин маалымат кызматы бул активдешүү шайлоодогу коопсуздукка байланыштуу экенин маалымдады.

Бүгүн да Триумфалдык аянтта оппозиция дагы чогулары кабарланууда. Ага катталбаган “Башка Орусия” партиясынын жетекчиси Эдуард Лимоновдун келээри күтүлүүдө. Ушул эле күнү Москвада “Бирдиктүү Орусияны” колдогон митинг да өтмөкчү.


Москвадагы массалык кармоолор
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG