Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Орусиядагы "ГТА бандасын" ким калкалаган?


Москва облустук сотундагы атышууну орусиялыктар кызуу талкуулап жатат. Окуядан кийинки жаңы жагдайлар күмөн саноону күчөтүүдө. Айрымдар "ГТА бандасы" аталган, борборазиялыктардан куралган ал топту сот кеңсесинде кылмышка барууга атайлап түртүшкөн деп ишенбей да жатышат.

2012-2014-жылдар аралыгында Дон трассасынын Москва, Калуга облусундагы бөлүктөрүндөгү окуялар орусиялыктардын үшүн алып турган. Кылмышкерлер жолго атайын шиштерди коюп, өтүп бараткан унаа дөңгөлөгү жарылып токтогон соң, айдоочусун жана жүргүнчүсүн өлтүрүшкөн. Эки жылда мындан 17 адам ажал тапкан.

Буга шектелип ондон ашуун борборазиялыктар, тагыраагы өзбекстандык жана тажикстандыктар кармалган. Операция учурунда топтун анабашы делген Ибайдулло Субханов (дагы бир паспорту боюнча тек-жайы Рустам Усманов) өлтүрүлөт. Анын Кыргызстанда төрөлгөнү, Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында согушуп келгени маалымдалган. Бирок Орусия Тергөө комитети кылмыштар террордук максатта эмес, тоноо үчүн болгон деп расмий билдирген.

Кылмыш компьютердик оюнга окшош болгондуктан медиада GTA бандасы деп аталып кеткен.

соттолуучулардын бири, тажик жараны
соттолуучулардын бири, тажик жараны

Эң кызыгы, топтун анабашы Субханов өлөр алдында жашап жүргөн үй Орусиянын Башкы прокуратурасынын белдүү кызматкерине таандык болуп чыгат. Ошол маалда бул структурадагы коррупциялык схемаларды иликтеп жүргөн оппозициячы Алексей Навальныйдын тобу шектүүлөрдү прокурорлор калкалаган деп айыптайт.

"... 2014-жылдын ноябрында Башкы прокуратуранын иш башкармалыгынын башчысы Алексей Староверовдун Подмосковьедеги үйүнөн курал жана Банда ГТА аттуу топтун мүчөлөрү табылган. Прокурор аларды күзөтчүлөрү жана үй кызматкерлери деп жашырып жүргөн", - делет 2015-жылы чыккан иликтөө фильминде. Староверов болсо үйүн жөн гана ижарага бергенин, анда жашагандарды билбесин айтып чыккан.

Ошондон бери "ГТА бандасы" аттуу топтун иши, соттук териштирүүлөрү медиада көп чагылдырылбай, унутулгандай болгон.

1-августта Москва облустук сотундагы иш окуяны кайрадан эске салды. Айыпталуучулардын бешөөнү сотко алып келатканда алар коштогон күзөтчүлөргө кол салып, куралдарын тартып алып качууга аракет кылган. Натыйжада алдынан чыккан Орусия улуттук гвардиясынын жоокерлери менен атышып, айыпталуучулардын үчөө өлүп, экөө жараат алышкан. Берки тараптан да экөө жарадар болгон.

Бирок кийин коштоп-күзөтүүчүлөр өз ишиндеги коопсуздук эрежелерин одоно бузушканын РБК агенттиги жазып чыкты:

- Беш айыпталуучуну талапка ылайык он эмес, эки гана адам коштоп жүргөн. Анын бири аял киши.

- Аларды сот залына талап кылынгандай тепкич менен эмес, лифт менен алып баратышкан. Курал дал лифттен тартылып алынган.

- Кишендин ачкычы жетекчиде болушу керектигине карабай, күзөтчүлөрдө болгон.

- Ошондой эле жабык жайда колдонулбашы керек болгон атма куралы жанында болгон.

Интернеттеги социалдык тармактарда "демейде сотто оппозиция өкүлдөрүн жоон топ коштоп жүрөт, эмне үчүн мында беш кишиге экөө гана бөлүнгөн" деп дамамат суроо салышууда. Кылмышка шектүүлөрдү атайын ошол аракетке түрткөнбү деген жана башка шектенүүлөр да бар. Күмөн санагандардын бири орусиялык журналист Олег Кашиндин версиясы мындай:

- Үч айыпталуучунун өлүмү менен аяктаган драма сотсуз эле өлүм жазасына тартуубу деген сезим калтырат. Үчөөнүн өлтүрүлүшү калган соттолуучуларга бергенге кол коюп, айтканды моюнга алып, унчукпачу жерде унчукпай коюу үчүн айкын сабак. Эмне жөнүндө унчукпоосу керек? Кылмыштын реалдуу мотивдери, ыктымал колдоочулары, ошол эле Староверов жөнүндө”, - деп жазат журналист.

Росгвардия жетекчилиги атайылап өлтүрүү дегенди четке какты. Ошол эле учурда алардын башка сот иши боюнча күзөтчү-коштоочу болуп облустук сотко барып калышы жана дал келүүчүлүк же кокустук болуп “качкындардын” алдынан чыгып калышы да суроо жаратууда.

Бул тапта коштоочулардын шалаакылыгы боюнча кылмыш иши козголду.

- Кылмыш ишинин алкагында тергөө болуп өткөндүн бардык жагдайларын териштирет. Соттолуучуларды күзөтүп-коштоону, сот имаратын коргоону жана коопсуздукту камсыздоону уюштурган күч органдарынын жана башка тармактардын кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берет, - дейт Тергөө комитетинин атайын өкүлү Светлана Петренко.

Ошентип азырынча айыпталуучулар чынында качканга аракет кылганбы же аларды мындай кылууга кимдир бирөөлөр атайылап шарт түзгөнбү деген суроо ачык турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG