Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Роман Абрамович израил жарандыгын алды


Роман Абрамович.
Роман Абрамович.

Орусиялык олигарх, Британиядагы “Челси” футбол клубунун кожоюну Роман Абрамович израил жарандыгын алды.

Буга чейин Лондон менен Москва ортосундагы дипломатиялык чырдан кийин түзүлгөн жагдайдан улам Великобритания анын британ визасын узартууну кечеңдетип жаткан. Олигархтын израил жарандыгын алуусуна ушул жагдай себеп болгону айтылууда. Израил паспорту барлар дүйнөнүн 147 өлкөсүнө визасыз бара алат.

Теги жөөт Абрамович израил жарандыгын алууда “Кайтып келүү жөнүндөгү” мыйзамды колдонгон. Бул мыйзамга ылайык, дүйнөнүн кайсы жеринде жашаган жөөт болбосун, израил жарандыгын ала алат. Маалыматтарда Абрамович 28-майда Тел-Авивге жеке учагы менен келип, израил паспортун жана башка тиешелүү документтерди алгандан кийин кайра учуп кеткен.

Израилдин Ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, Роман Абрамович жарандык алуу ниети менен Израилдин Москвадагы элчилигине кайрылган жана ал өзүнүн жөөт тукумун ырастагандан кийин жарандык алууга укуктуу деп табылган.

Роман Абрамович (оңдо) стадиондогу оюнда "Челси" клубун сүрөп жаткан учуру. 2007-жыл
Роман Абрамович (оңдо) стадиондогу оюнда "Челси" клубун сүрөп жаткан учуру. 2007-жыл

Роман Абрамовичтин учурдагы байлыгы 11,5 миллиард доллар деп бааланууда. Бул деген ал Израилдин эң бай жарандарынын бири болуп калды дегенди түшүндүрөт. Абрамович өткөн жылдары Тел-Авивден 23 миллион долларга үй сатып алганы да маалым болду.

Москва-Лондон мамилеси

Буга чейин Британиянын ички иштер министри Эмбер Радд орусиялык байларга берилген жүздөгөн визалар текшерилип жатканын билдирген. Лондон мындай кадамга орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипалдын жана анын кызы Юлиянын быйыл мартта Солсбери шаарында ууландырылышына байланыштуу барган. Лондон ал кол салуу үчүн Москваны айыптаган. Кремль болсо мындай айыптоолорду четке кагып келе жатат.

Ушундан кийин Британия орусиялык олигархтарга да көзөмөлдү күчөтөрүн билдирген. Май айында Лондон орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин инвесторлук британ визасын узартпай коюшканы, текшерүүлөр узарып жатканы маалым болгон. Визасынын жоктугуна байланыштуу Абрамович 19-майда Англиянын кубогу үчүн өткөн өзүнүн футболдук "Челси" клубу менен “Манчестер Юнайтеддин" оюндарына бара алган эмес. Анда "Челси" атаандашын утуп, Англиянын чемпиону болгон.

Абрамович "Челсинин" оюнчулары менен.
Абрамович "Челсинин" оюнчулары менен.

Орусиялык олигархка Британиянын жаңы визасын алуу үчүн британ бийликтерине өз байлыгын мыйзамдуу жол менен тапканын далилдеши керек деген талап коюлганы айтылган. Британияда мыйзамга ылайык, инвесторлук виза алуу үчүн өлкө экономикасына эки миллион фунт-стерлинг салуу зарыл.

Ошол эле учурда британ парламентинин комитети да Орусиядан Лондонго агылган шектүү акча жана байлыкка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган. Орус тарап бул кабарды "кезектеги үгүт" деп баалап, орус байларын акчасын Британияга эмес, Орусиянын өзүнө салууга үндөгөн.

- Бул сыяктуу мыйзам долбоорлору достук эмес кадамдардын бири. Албетте, бул достуктан, таза атаандаштыктан алыс кадам, - деген Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 21-майдагы сөзүндө.

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Ал эми Роман Абрамович израил паспортун алды деген маалымат тууралуу Песков «Кремлдин бул тууралуу кабары жок. Биз өз ишкерлерибиздин кайда жүрүп, кайда барып жатканын аңдыбайбыз» деп билдирген. Бул тууралуу «Би-би-си» жазды.

Израил паспорту барлар дүйнөнүн 140тай өлкөсүнө турист катары визасыз бара алат. Британияда болсо, алар 90 күнгө чейин визасыз жүрсө болот.

Орусиялык олигарх Роман Абрамович 2000-2008-жылдары Чукотка автоном округунун губернатору болгон. Андан кийин 2013-жылга чейин Чукотка автоном округунун мамлекеттик думасын башкарган. 2005-жылы Абрамович «Сибнефть» ишканасындагы 75 пайыз үлүшүн «Газпромго» саткан. Ал кен казуу жана мунай тармагында иштеп келе жатат. Учурда "Евраз" жана "Норильс никель" заводдорунун ээси. Олиграхтын бар байлыгы 11,5 миллиард доллар деп бааланууда. Орусиядагы байлардын ичинен ал он биринчи орунда. Миллиардер англиялык «Челси» клубун 2003-жылы сатып алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG