Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Москва: тилсиз жоо мигрантты ишсиз калтырды


"Синдика" соода борбору
"Синдика" соода борбору

8-октябрда Москвадагы "Синдика" курулуш базарында чыккан өрттүн кесепетинен жүзгө чукул кыргызстандык мигрант жумушсуз калып, ондогон ишкерлер чыгым тарткан.

Өткөн жекшембиде Москванын түндүк-батышында жайгашкан "Синдика" курулуш соода жайынын чатыры урап, бир бөлүгү күйүп кеткен.

Өрт соода борбордун 100 миң чарчы метрине жайылып, автоунаа токтоткон жайдагы машинелерге да зыян келтирген. Бүткүл орусиялык камсыздандыруучулардын союзу тилсиз жоо келтирген чыгымды 5 миллиард рубль деп эсептеди.

Соода борбору
Соода борбору

Имараттан жалпы үч миңден ашуун адам чыгарылган. Үч кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп, бирөө ооруканага жаткырылды. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жоктугун билдирген.

Бирок курулуш базарында иштеген кыргызстандык соодагерлер зыян тарткан. Соода түйүн жабык тургандыктан бир тобу товарын ала албай убара дейт Элмар Сатыбалдиев.

- Кыргыздар соода кылган точкалар бар эле. Сыр, цемент ж.б. курулуш товарларын сатышчу. Мен билгенден ошол өрт чыккан соода түйүндүк ичинде он чакты ишкер бар болчу. Ал жерде эми миллиондор айланат да. Биз соода түйүндүк тышында соода кылчубуз. Бизге өрт жеткен жок. Бирок баарын жаап коюп, ишибиз токтоп калды. Товарыбызды ала албай жатабыз. Андан тышкары ал жакта жалданып иштегендер дагы көп эле. Азыр көбү жумушсуз жүрөт.

Жалданып иштеген кыргызстандыктар ишсиз калганын Жумабек Дыйканбаев да айтты:

- Айдоочу, жүк ташуучу, сатуучу, курьер болуп иштеген бир топ мекендештер бар эле. Азыр айрымдары кампаларда иштеп жатат. Соода түйүнү кайра качан ачылары белгисиз. Бардыгыбыз эле соода аянтты ижарага алабыз да.

Раимкул Аттокуров
Раимкул Аттокуров

Москвадагы кыргыз диаспорасынын коомдук кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуров айрым кыргызстандык соодагерлер кеминде 5 миллион рублдай чыгым тартканын айтты:

- Бул базарда миңдеген кыргызстандыктар иштечү. 2000-жылдары ушул соода түйүн курулганда ижара акы кымбаттап, көпчүлүк мекендештер башка жакка ооп кеткен. Азыр деле соода түйүндүн ичинде жана тышында соода кылган 50-60тай ишкерлерибиз бар эле. Биз алар менен байланыштык. Ичинде сегиз ишкердин товары күйүп кетиптир, ар биринин орточо чыгымы 5-10 миллион рублди түзүп жатат. Негизи ижара төлөгөндө камсыздандыруу үчүн дагы акча беришчү экен. Бирок бул нерселер формалдуу болгон. Азыр чыгымдарынын ордун толтуруп алууга юридикалык жактан жардам сурап жатышат.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүүгө 350дөн ашуун киши жана 180дей техника, анын ичинде үч тик учак тартылганын, тилсиз жоо менен күрөш 16 саатка созулганын маалымдаган.

Орусияда 620 миңдей кыргызстандык эмгектенет. Ири шаарларда соода тармагында иштегендердин саны арбын.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG