Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Москвада жогорку деңгээлдеги жолугушуулар башталды


10-декабрда Москвада КМШ өлкөлөр жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммиттери башталды.

ЖККУнун саммитине катышып аткан 7 өлкөнүн лидерлери кризистик кырдаал жана ага өз убагында чара көрүү, тагыраак айтканда, уюмга мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгү жана коопсуздугуна коркунуч келсе көрүлүүчү чаралардын системасын талкууга алышты. Ал эми КМШ саммитинде негизги маселе экономикалык кызматташууга арналды.

ЖККУнун Москвадагы саммитине Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстандын президенттери катышууда. Мунун алдында лидерлердин жыйынында ЖККУнун ишин жакшыртуу багытындагы келишимдер кабыл алынган.

Анда өзгөчө кырдаалда абалды жөнгө салуу үчүн башка ыкмаларды көрүү тууралуу Жобо киргизүү сунушу 2010-жылы июнда Кыргызстанда болгон окуядан кийин киргизилген.

Орусиялык көз карандысыз серепчи Виктор Литовкиндин баамында, андай Жобо кабыл алынгандан кийин деле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун иши оңолуп кетпейт:

- ЖККУнун ич ара алакасы эми гана калыпка түшө баштады. Бирок биринин тилин бири албаган лидерлердин менменсиниши буга жол бербейт.

Литовкин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Беларус лидери А.Лукашенко өз өлкөсүндө калкалап жатканын мисалга тартат. Лукашенко Бакиевди ушул күнгө чейин Кыргызстандын президенти катары эсептейт. Литовкиндин айтымында, Лукашенко саммитке катышып аткан, эл тарабынан шайлаган президент Роза Отунбаеваны легитимсиз жетекчи деп эсептейт.

Эксперт Дмитрий Абзалов адегенде жаңы Жобо кабыл алынса андай карама-каршылыктар жоюлат деп эсептейт:

- Баарынан мурда чечимди кабыл алуу жолун жеңилдетиш керек. Ыкчам аракеттин жоктугу Кыргызстандагы жагдайга терс таасирин тийгизбедиби.

Саясатчылар ЖККУнун алкагында өлкөлөр арасында тынчтык орнотчу күчтөр пайда болорун болжолдошот. Алар БУУнун уруксаты менен чукул кырдаал пайда болгон жерлерге кире алат жана ал өлкө тышкы саясатын теске салуу болот деп айтышууда.

XS
SM
MD
LG