Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Мигранттын өмүрү кылдын учунда...


Мигранттар жашаган жатакана. Москва.
Мигранттар жашаган жатакана. Москва.

Өткөн жекшембиде Москвада бир кыргызстандык жаран бычак жеп каза тапса, экинчиси ооруканада оор абалда жатат.

Москвада 15-февралда Анарбек Жукушев аттуу 31 жаштагы жигит бычак жеп каза тапкан. Боорунан алган жарааттан улам ал ооруканага жетпей эле үзүлүп кеткен. Анарбектин келинчеги Айчүрөк Баамбаева күйөөсү ушуга чейин үй-бүлөсүн жалгыз багып келгенин айтты:

- 2003-жылы үйлөнгөнбүз, уулубуз 5-класста окуйт, кызыбыз беш жашта. Жолдошум бул жакта товар ташып, айдоочу болуп иштечү. Ишемби күнү эртең менен жумушка чыгып кеткен. Саат бештерде чалсам, жумуштан кийин Кыргызстандан келген досу менен жолугарын айткан эле. Кечинде дагы бир жолу чалганымда “бир саатта барып калам” деди. Ал кечте күттүк, келбеди. Суук кабарды эртеси түштөн кийин уктум.

Анарбек менен ошол күнү жолуккан досторунун бири Тимурду жүрөк тушка шилтенген бычактан төш чөнтөгүндөгү пластик паспорт сактап калган. Ал ошол күнү каргашага кантип кабылганын айтып отурду.

- Жолукканыбызды белгилеп, кичине ичимдик да ичкен элек. Анан балдарды метрого чейин узатып келип, коштошуп жатканда чоң жолдон бир орус кыйкырып, бери өтүп келе жатканын көргөнбүз. Ал чуркап келип эле күтүүсүздөн үчөөбүзгө тең бычак шилтеди. Анарбек бир досубуз менен метрого жакка чуркады, Максат экөөбүз бакчаны көздөй качтык. Кичине өтүп эле Максат кулап түштү.

Оор жаракат алган 29 жаштагы Максат Асынбеков учурда Москвадагы Н.В. Склифосовский атындагы ооруканада дарыланууда.

Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери 23 жаштагы орус жаранын изин суутпай камакка алышкан. Ал Орусиянын Кылмыш кодексинин “адам өлтүрүү” жана “адам өмүрүнө кол салуу” беренелерине ылайык, 20 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Москвадагы ИИМдин расмий өкүлү Аскат Алиев кылмышты улутчулдук мүнөздөгү атайын уюшулган кыянат катары кароого болбостугун айтууда.

- Кармалган 1992-жылы туулган орус жараны соттун санкциясы менен тергөө абагында. Бул жерде эч кандай улутчулдук мүнөздөгү маселени козгобош керек. Кармалган бала “булар бир кызга тийишип жаткан, мен ага болушкам” деп көрсөтмө берип жатат. Ошол маалда ал мас экен. Кылмыш иликтөө башкармалыгында улутчулдук маселелер, скинхеддер деп коёбуз, ошолор менен иштеген атайын кызматтар бар. Алар бизге расмий түрдө жооп беришти. Бул жакта эч кандай улутчулдук мүнөздөгү маселе жок.

Алиев белгилегендей, Кылмыш иликтөө башкармалыгы тергөө иши аяктагандан кийин гана бул окуяга мыйзамдуу түрдө чекит коёт.

Элчиликтин маалыматына ылайык, былтыр Москва жана Москва облусунда 138 кыргыз жараны ар кандай жагдайда каза тапкан. Алардын басымдуусу жолдо жүрүү жана жумуш ордунда коопсуздук эрежелерин сактабай, кайгылуу кырсыкка кабылгандар. Акыркы эки жыл ичинде Орусияда скинхеддер же улутчул такыр баштар кол салган бир дагы окуя расмий каттала элек.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG