Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 07:26

Мигранттарды каттоонун тартиби өзгөрдү


Текшерүү учурунда тартылган сүрөт.

Орусияда чет өлкөлүктөргө миграциялык каттоого туруу эрежеси өзгөрдү.

20-марттан тартып Орусияда иштеген мигранттар каттоого туруу үчүн жашап жаткан үй же батирге документ көрсөтөт. Ал эми чет өлкөлүк жаранды жумуш берүүчү тарап турак жай менен камсыз кылса, ишкананын жетекчисинин расмий каты кошо тиркелиши керек. Мындай талап Орусиянын өкмөтү 7-мартта кабыл алган "Чет өлкөлүктөрдү миграциялык каттоого алуу жөнүндө" №246 токтомдо көрсөтүлгөн.

Жаңыдан күчкө кирип жаткан талап миграциялык каттоо боюнча мурунтан кыйынчылыктарга туш болуп келген Орусиядагы кыргызстандыктардын абалын жеңилдетпейт.

Бермет - Москвада миграциялык каттоосун узарта албай жүргөндөрдүн бири.

- Мурун паспорт, миграциялык картаны алып, жашаган үйдүн ээси менен атайын кызматтык бөлүмгө барып каттоону узартып койчубуз. Эми болсо ошол батирде же үйдө кандай негизде жашап жатканыңды тастыктаган документти тапшырыш керек экен. Кызыгы, мындай жаңы талапты бир жерге барсаң сурашат, бир жерде билишпейт. Мисалы, батирди ижарага алып жашасаң, үй ээси менен ижара келишиминин көчүрмөсүн алып барыш керек. "Бекер жашап жатам" деп кагаз жаздырып алып барсаң болот экен.

Москвада таанышынын батиринде жашаган Бермет үй ээлери чет өлкөдө болгондуктан, батирди ижарага алуу же акысыз колдонуу боюнча келишимди өз маалында даярдай албастыгын белгилейт. Үч айлык каттоо мөөнөтү бүтүп бараткан мекендеш эми миграциялык каттоону акчага жасагандарга кайрылууга мажбур болуп жатканын айтты.

Орусияда патентсиз иштеген Евразиялык Экономикалык Биримдиктин жарандарынан миграциялык каттоого турууга жумуш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими талап кылынат. Ал эми мигранттын балдарын, аялын же күйөөсүн каттоого тургузуу үчүн үй-бүлөлүк мамилени тастыктаган документ көрсөтүү керек.

Ыманбек Суранчиев
Ыманбек Суранчиев

Москвада мигранттарга юридикалык жардам көрсөткөн «Империя права» компаниясынын жетекчиси Ыманбек Суранчиев мурунтан иштен эмгек келишимин ала албай, батирди ижарага алууда кыйналып келген мекендештерге дагы бир тоскоолдук жаралганын айтты.

"Жарандарыбыз расмий иштесе, жумуш берүүчү жатакана менен камсыз кылса, анда тоскоолдук болбойт. Ал эми батирди ижарага алып жашаган мекендештерибиз үй ээси менен сөзсүз түрдө келишим түзүп, анда өздөрүн көрсөткөнгө аракет кылышы керек. Ачык эле айтыш керек, ага үй ээлери ынабайт. Мыйзамдуу иштеген жарандарыбыз да аз. Эми мунун айынан жарандарыбыз миграциялык каттоого тура албай калат.

Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупик жаңы токтом ишке кирип, миграциялык каттоо үчүн чет өлкөлүктөрдөн жашаган турак жайы боюнча документ талап кылына баштаганын белгилейт. Ошол эле кезде укук коргоочу жаңы талап коррупциялык схемаларды күчөтөт деп болжойт:

Валентина Чупик
Валентина Чупик

"Мындай талап батирин ижарага берип коюп, тапкан кирешесинен салык төлөөдөн качкандар менен күрөшүү үчүн кабыл алынды. Буга кошумча орус паспорту менен үйүнө толтура адамды каттап, же турак жайы болбосо деле белгисиз бир дарекке мигранттарды каттап, муну бизнес кылып алгандарга каршы жасалууда. Ал эми иш жүзүндө бул талап коррупцияны гана күчөтөт".

Орусияда 650 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Кыргызстандын миграция кызматынын маалыматы боюнча 211 миңдей жаран Орусияда миграциялык эрежелерди сактабай жүрөт. Ал эми миграциялык мыйзам бузуулар үчүн 65 миңдей кыргызстандык Орусияда «кара тизмеге» кирген. Алардын 45 миңден ашууну соттун чечими менен чыгарылгандыктан 22-апрелге чейин Орусияда кыргызстандыктарга жарыяланган миграциялык мунапыска туш болушпайт.

Мунапыс Орусиянын 114-мыйзамынын 26-беренесинин 4-8-пункттары боюнча миграциялык каттоого туруу эрежелерин сактабай жүргөн жана бул пункттар боюнча мурунтан “кара тизмеге” киргизилгендерге гана тиешелүү. Бул пункттар боюнча "кара тизмеден" чыгарылгандар Орусияга 1-майдан тарта кире алышат. Ал эми Орусияда жүргөндөр 22-апрелине чейин чек арага чыкпастан, Орусиянын миграция боюнча башкы башкармалыгынын жергиликтүү райондук бөлүмдөрүнө кайрылып, миграциялык картасын жаңырта алат.

Орусияда кыргызстандыктарга миграциялык мунапыс былтыр 16-октябрдан 10-декабрга чейин берилген. Москвадагы кыргыз элчилиги анда 6 миңдей кыргызстандык «кара тизмеден» чыгарылып, 100 миңдейи чек арадан чыгып-кирип, миграциялык картасын жаңыртканын кабарлап келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG