Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Ош базарында ортомчуга алданган мигранттар


Мигранттар элчиликтин кызматкерлери менен жолугушууда.
Мигранттар элчиликтин кызматкерлери менен жолугушууда.

Ош базардан ортомчулар аркылуу Орусияга ишке барган мигранттар Москванын четиндеги ишканада эмгек эзүүсүнө кабылган.

Июлдун башында кыргыз элчилигине Москва облусундагы Большевик айылында кырктай кыргызстандык мигрант кысымга кабылганы кабарланган. Москвадан 110 чакырым алыстыктагы айылда жумуш берүүчү мигранттардын өздүк документтерин алып, аларды ишканада мыйзамсыз кармап, иштөөгө мажбурлаганы маалымдалган.

Бул кабар боюнча элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Большевик айылына чукул барышкан.

Большевиктеги курулуш материалын чыгаруучу "Витра плитка" заводунда 35 кыргызстандык иштей тургандыгы аныкталган. Алар ишке "Экоклиниг" аттуу агенттик аркылуу орношкон. Агенттиктин кызматкерлери биринчи күнү эле мигранттардын документтерин алып коюшкан. Аларга эки жакка эркин чыгууга тыюу салынып, санитардык нормалар сакталбаган жатаканада жайгаштырылган.

Ал заводдо иштеп калган Алтынбек болгон окуяны мындайча баяндайт:

- Ал жерде көптөн бери эле борбор азиялыктар иштейт. Кыргызстандан жумушчуларды алып келатканда эле "жол чыгымын иштегенде төлөйсүңөр. Миграциялык каттоону жасап беребиз" дешет. Ага да кийин акча кармап калышат. Айлыгы 30-35 миң, жатаканасы бар, тамак-ашка айлыктан акча бөлүнүп турат. Бирок иш оор. 12 сааттан керели-кечке плитка ташып, чаңда аларды каптамалаш керек. Ишке кечиксең, иш тартибин бузган болсоң 2 миң рублга чейин айыппул кармап кала берет. Дем алыш күн деген жок. Арыздангандардын көбү эле иш шартына арыздангандар.

Документтерин алгандар.
Документтерин алгандар.

Бул жолу элчиликке жардам сурап кайрылгандар иш алмаштырыш үчүн колдоруна жеке документтерин кайтарып алууну көздөшкөн экен. Агенттик болсо жол киреге, жатаканага, миграциялык документтерди каттоого жана тамак-ашка кеткен чыгымдар үчүн иштөөнү талап кылып, алардын документтерин берүүдөн баш тарткан.

Азыр дале заводдо иштеп жаткан Мустафа бир ай иштегенден кийин жол чыгымдарын гана жаба алганын айтты:

- Июндун башында ишке келгем. Бир ай иштеп, араң карыздарды жаптым. Башкалар элчиликке арызданып, алар келгенде кетип жатканда мен айлыгымды сурасам, 14 күн үчүн 5 миңдей гана чыгат экен. Анан мен дагы иштей турайын деп калып калдым. Кеткендер деле азыр Москвада иш издеп жүрүшөт. Төрт-бешөө кыз-келиндер болчу. Бул жакта да беш-алтообуз өз эркибиз менен калып калдык.

Элчилик менен миграция кызматынын өкүлдөрү "Экоклиниг" агенттигинин өкүлү менен сүйлөшүп, жарандарга документтери кайтарылып берилген. Ошондой эле агенттик мигранттардын эмгек акысын жатакана жана жол чыгымдарын кармабастан, төлөп берүүгө убада берген.

Заводдун жумушчулары.
Заводдун жумушчулары.

Москванын четинде мындай окуяга кабылган мигранттар Бишкекте сөз болгон айлык менен иш шарттары сакталбаганына нааразы. Ишке чакыруу жарыясын алар телеканалдардагы жүгүртмө жарнамалар менен Ош базардагы радиорубкадан угушкан. Большевиктеги заводдо иште калган мигранттардын бири азыр деле Бишкектен адамдар келип жатканын айтты:

- Бермет дегенге ишенгенбиз. Анан бул жакка келсек эле заводдун ээлери башка, бизди иштеткендер башка болуп чыкты. Биз Бишкекте түзүп келген келишим жараксыз болуп калды. Анан ушунча келгенге жараша кичине да болсо, чыдап иштейли дедик. Булар болсо мигранттарды алып келип жатышат. Ошол эле Бишкектен бул жумада экөө келди.

Мурунтан Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Доорбек Абдразаков мигранттарды ишке жөнөткөн Бишкектеги ортомчулар тууралуу маалымат тиешелүү органдарга жиберилерин билдирген болчу.

Жыл башында эле Орусиянын Рязань шаарында 13 мигрант кыз-келин кийим тигүүчү цехтен эмгек эксплуатациясынан бошотулган. Алар эмгек келишиминде көрсөтүлгөн иш шарттары сакталбай, жеке документтери алынып, айлыгы толук төлөнбөй, кысымга кабылышканын айтып арызданышкан.

Орусияда азыркы убакта 640 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Былтыркы жылга салыштырмалуу мигранттардын саны 15 миңге арбыган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG