Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Москва дарыясындагы кырсык


Катер сүзүп алган ОКА-5 жүк ташуучу кемеси, 31-июль.
Катер сүзүп алган ОКА-5 жүк ташуучу кемеси, 31-июль.

Москва дарыясында сейил куруучу чакан кеме менен жүк ташуучу кеме кагылыша кетип, тогуз адам мерт болду.

Кырсык 31-июлга караган түнү, саат бирлер чамасында болгон. Жалпысынан 16 киши бараткан кемеде майрамдык кече өтүп жаткан экен. Жеке менчик катер Москва мамлекеттик университетинин тушунда алдынан келаткан жүк ташуучу узун кеме менен сүзүшүп кеткен. Натыйжада сегиз жүргүнчү жана кеменин капитаны сууга чөгүп кеткен. Жети адам куткарылды. Алардын арасында Түркия жараны да бар. Бүгүн Орусия чукул кырдаал министрлиги мерт болгон тогуз адамдын тизмесин жарыялады.

Бул кырсыктан улам суу транспортун колдонууда коопсуздук эрежелери сакталбаган деген негизде кылмыш иши козголду. Кеменин ээси да сууга чөгүп өлгөнү айтылууда. Ал буга чейин үч жолу эрежелерди бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганы аныкталып отурат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кагылышууга сейил куруучу кеменин капитаны күнөөлүү. Ал дарыяда жүрүү эрежесин одоно бузганы айтылууда. Орусия тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин бул кемеге 12 адамдан ашык жүргүнчү салбоо керектигин, а бул жерде ашыкча адам салуу болгонун журналисттерге билдирди.

31-июлдун кечинде чөгүп кеткен кемени атайын крандын жардамы менен суу үстүнө алып чыгышты.

Мындан болгону үч апта мурдараак Орусияда Волга дарыясында “Булгария” кемеси сууга чөгүп кетип, кырсыкта 122 адам мерт болгон эле.

XS
SM
MD
LG