Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Ярославль аза күтүүдө


Кырсыктан ажал тапкан хоккейчилерди эскерүү. Ярославль, 9-сентябрь.
Кырсыктан ажал тапкан хоккейчилерди эскерүү. Ярославль, 9-сентябрь.

Жума күндөн тарта Орусиянын Ярослав облусу үч күн бою аза күтөт. Ушул эле күнү “Локомотивдин” айрым оюнчуларынын сөөгү жерге берилет.

7-сентябрда Ярославлда Як-42 учагы “Туношна” аэропортунан эми көтөрүлгөндө кулап түшкөн. Анын ичинде Орусиянын белгилүү “Локомотив” хоккей клубунун мүчөлөрү бар болчу. Хоккейчилер Беларуска минскилик “Динамо” менен ойногону бараткан.

"Локомотивдин" күйөрмандары аза күтүүдө, Ярославль, 9-сентябрь.

Азыр набыт болгон 43 адамдын денеси табылды. Баары болуп учактын бортунда 45 адам бар эле: 37 хоккейчи жана 8 экипаж мүчөсү. Кырсыктан 2 адам тирүү калды: бортинженер Александр Сизов жана хоккейчи Александр Галимов. Учурда дарыгерлер спортчунун өмүрүн сактоо арекетин көрүшүүдө, абалы өтө оор.

Бейшемби күнү алар Москвадагы ооруканага жеткирилишти.
Облустун губернатору Сергей Вахруков 4 адамдын денеси таанылбай жаткандыгына байланыштуу ДНК экспертизасы өткөрүлөөрүн айтты.
Ал эми чет өлкөлүк хоккеисттердин денелери өз мекендерине жиберилди.

Ишемби кунү, 10 сентябрда, Ярославлдеги “Арена-2000” муз сарайында хоеккеисттер менен коштошуу аземи өтөт.

“Левитин кетсин!”

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын айрым фракциялары транспорт жана байланыш министри Игорь Левитиндин кетишин талап кылышты. Бирок башкаруучу партия бул сунушту колдоого алган жок, кантсе да Левитин кырсыктын себептери боюнча Думада отчет бермекчи.

Расмий маалымат боюнча, ушул жыл башынан бери эле Орусияда 15 учак кырсыкка учурап, кеминде 120 адам каза тапкан. Бул статистика кырсыкка учураган аскер учактарын жана тик учактарды камтыбайт.

Кырсык болгон жерге барган президент Дмитрий Медведев авиакомпаниялардын санын кыскартуу керектиги жөнүндө билдирди.

Президент Медведев кырсык болгон жерде каза болгондордун элесине арнап гүл коюуда, 8-сентябрь.

Кырсыкка учураган учактан эки “кара жащик” тең алынып чыгып, алар мамлекеттер аралык авиациялык комитетке тапшырылды. Як-42нин кулашы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда 3 себеп божомол катары айтылууда: техниканын иштебей калышы, учакты башкаруудагы жаңылыштык жана учактын сапатсыз күйүүчү май менен камсыздалышы.

Бирок жергиликтүү журналисттер Як-42 тилкенин жарымынан учкандыгын, ал эми экинчи жарымы президент Медведев келээрин утурлап, жабылганы тууралуу сөз кыла башташты. Як-42 учкан каргашалуу күнү шаарда эл аралык саясий форум өз ишин баштап, Дмитрий Медведев ал жакка бараткан.

Расмий маалымат боюнча, учак жерден алыстап, бирок көп өтпөй антеннага илинип, аэродромдон бир нече чакырым аралыкта кулаган.

Кырсыктар сабак болобу?

Дагы бир ири катасторфа Орусиядагы аба каттамдарынын коопсуздугу тууралуу сын-пикирлердин толкунун жаратты. Орусиялык адистер, саясат таануучулар, илимпоздор, саясатчылар, коомдук ишмерлер өкмөттүн ишине нааразылыгын жашырышпайт. Акыркы жылдары Орусияда модернизация тууралуу көп сөз болуп, илимий-техникалык, экономикалык өнүгүүгө көңүл буруу тууралуу байма-бай жарыяланып келет. Бирок убадалар менен катар жарандардын эң жөнөкөй муктаждыктары, алардын өмүрүнүн коопсуздугу сакталбай жатат, дешет экперттер.

Кыйраган учак, 7-сентябрь.
Орусиянын илимдер академиясынын АКШ жана Канада институнун башчысы Сергей Рогов кырдаалды мындайча сыпаттайт.

- Көп жылдардан бери биз өндүрүшкө инвестиция жасабай келебиз. Советтер Союзунда топтолгон байлыкты гана коротуп отурабыз. Өкмөттүн модернизация боюнча пландары бул өлкөнү кризистен чыгаруу аракети, албетте. Бирок бул пландарды аткаруу аксоодо. Бул кырсык дагы бир жолу биз сормодон чыгышыбыз керек экендигин каттуу эскертти.

Жарандык коомду өнүктүрүүдөгү көйгөлөр институтунун жетекчиси Мария Слободская болсо Орусия аба каттамдарынын абалын жакшыртпаса, өлкө чачылат деген пикирин айтат.

- Орусиянын келечеги тууралуу көп сөз айтылат, талкуулар болот, бирок Орусиядай абдан чоң өлкөдө учактар жакшы иштебесе, себеби поезд, унаа менен кээде жете албайсың, адамдар учпай калышса, өлкө эч кандай айтылуу тышкы күчтөрсүз эле өзүнөн өзү чачылат, бөлүнүп калат. Калининград буга жакшы мисал.

Орусиянын Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов бардык себептерди өкмөттөн көрөт:

- Учактар, тик учактар, ракеталар ар бир эки жума сайын кулап жатат. Себеби парк эски. Як-40 учактарын эки завод чыгарчу – Саратов жана Смоленск - экөө тең иштебейт. Ири форумдун ачылышында, эң мыкты команда менен кулаган учак менде ар түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда. Жакшылап иликтеп чыгуу керек. Иликтөөлөр, албетте болот, буга чейин да болгон, бирок эч ким алардан тыянак чыгарган жок.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG