Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Политковскаянын өлүмүн уюштурду делген адам кармалды


Анна Политковская, октябрь, 2004-жыл
Анна Политковская, октябрь, 2004-жыл

Орусиянын отставкадагы бир милиция кызматкери журналист Анна Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу камакка алынды. Подполковник Дмитрий Павлюченков шейшемби күнү кармалып, Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу жөнүндө ачык айтып, Кремлди дайыма сынга алып келген журналисттин 2006-жылдын октябрь айындагы өлүмүн уюштурду деп шектелүүдө.

Павлюченковдун камалышы журналисттин өлүмүнүн артында турган негизги адамдарды табуу ишин илгерилетээри айтылууда. Деген менен жарандык активисттер Политковскаяны өлтүрүүгө буйуртма берген адам кармаларынан күмөн санашат.

Шектүү адам камакка алынды


Москва шаарындагы Политковскаяны эскерүү иш чарасы, 2010-жыл
Орусиянын кылмыш иликтөө кызматкерлери 24-августта журналист Анна Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу отставкадагы милиция кызматкери камакка алынганын, натыйжада алар журналисти өлтүрүүгө буйуртма берген негизги адамды табууга жакын калышканын айтышууда. Орусиянын федералдык иликтөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, 2006-жылы октябрь айында Политковскаянын өлүмүн уюштурган жана чечен улутундагы үч адамды жалдаган деген шек менен Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын отставкадагы подполковниги Дмитрий Павлюченков камакка алынды:

- Павлюченков накталай акчага Политковскаянын өлүмүн уюштуруу боюнча буйрук алган. Ал үч бир тууган - Махмудовдорду жана башка кишилерди камтыган уюшма кылмыштуу топту дайындаган.

Владимир Маркин билдиргендей, Павлюченков кезегинде журналисттин иш-аракетин көзөмөлгө алууга буйрук берген:

- Павлюченков ал убакта Москва шаардык милиция бөлүмүнүн көзөмөл тармагынын жооптуусу болуп туруп, өз кол алдында иштегендерге журналисттин күнүмдүк турмушун жана шаардагы анын кыймылын көзөмөлдөө буйругун берген. Анан Павлюченков курал-жарак алып келип, план иштеп чыккан жана бул өлүмдү пландап, уюштурууда ар биринин ролу белгиленген.

Рустам Махмудов, Интерполдун сайтындагы сүрөтү
Павлюченков журналистти атты делген Рустам Махмудовго курал-жарак берген деп да шектелүүдө. Политковская өз үйүнүн алдында үнү чыкпаган тапанчанын төрт жолку огунан каза болгон эле.

Буга чейин ага-ини Жабраил жана Ибрагим Махмудовдор менен отставкадагы милиция офицери Сергей Хаджикурбанов журналисттин өлүмүнө шектелип, 2009-жылы соттун өкүмү менен күнөөсүз деп табылган. Бирок Орусиянын Жогорку Соту мындай чечимди жокко чыгарып, ишти прокуратурага кайра кайтарган. Прокуратура ошол эле айыптар менен кайрадан жаңы иликтөө жүргүзүп, кийинчерээк журналистти аткан адам катары Рустам Махмудовду камакка алган.

Павлюченковдун камакка алынышы Орусиянын эң белгилүү журналисти Анна Политковскаянын өлүмүнүн негизги күнөөкөрлөрүн табууда иликтөөлөрдү бир кадам алдыга жылдыраары айтылууда.

Журналисттин өлүмүнө байланыштуу соңку жагдайды Политковскаянын тарапкерлери этияттык менен кабыл алышты. “Новая газета” биринчилерден бул жөнүндө кабарлап чыкты.

Политковскаянын үй-бүлөсүнүн адвокаты Анна Ставитскаянын айтымында, журналисттин жакындары Павлюченковдон буга чейин эле шек санап жүрүшкөн, иштин кызык тарабы кезегинде Павлюченков ага-ини Махмудовдордун сотунда жашыруун күбө болгон. Ставитская журналисттин өлүмүнүн дагы эле бети ачыла электигине көңүлүн бурат:

- Биз бул өлүмгө тиешеси бар бардык адамдар сот жообуна тартылганда гана кылмыштын бети ачылды деп эсептей алабыз. Анын ичинде буйуртма берген адам дагы. Биз бул айтылгандар ишке ашышы үчүн бардык аракеттерди жасайбыз.


Буйуртма берген адам ачыкка чыгабы?


Орусиянын федералдык иликтөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин бул өлүмгө буйуртма берген адам тууралуу айрым маалыматтар бар экенин, алар азырынча ачыкталбай турганын кабарлады

Биз бул өлүмгө тиешеси бар бардык адамдар сот жообуна тартылганда гана кылмыштын бети ачылды деп эсептей алабыз. Анын ичинде буйуртма берген адам дагы. ...
Анткен менен укук коргоочулар мындай чуулгандуу иште буйуртма берген адам ачыкка чыгып, анын ысымы белгилүү болоорунан күмөн санашат. Айрым байкоочулар бул кылмыштын акыры Рамзан Кадыров же Кремлге барып такалышы мүмкүн да дешет. Мындай пикирлерди кезегинде Кадыров Орусиянын НТВ каналына берген маегинде четке каккан.

Акыркы жагдайлар боюнча “Новая газетанын” жетекчи орун басары Сергей Соколов:

- Ким буйуртма бергенин аныктоо абдан кыйын. Сенде абдан күчтүү далил болушу керек жана бул жөнүндө алдын ала айтпашыбыз абзел. Өзгөчө биз татаал саясий мезгилге багыт алып жатабыз. Бул жагдайдан пайдаланып кетүүнү каалаган адамдар болушу мүмкүн, - деген пикирин билдирди.

Политковская Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушу боюнча “Новая газета” гезитине чагылдырып, Кремль менен Чечен жетекчилигин катуу сынга алып турган. Журналисттик эмгектери үчүн бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган Политковская федералдык күчтөр жана Чеченстандын азыркы башчысы Рамзан Кадыров баштаган чечен жетекчилеринин колунан жабыр тарткан адамдарга жан тартып келген.

Политковскаянын эмгектери Түндүк Кавказдагы карапайым адамдардын жана эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгон. Кезегинде Политковская жөнүндө батыштын бир журналисти пикирин айтып, “Анна Политковская - моралдык багытын жоготкон дүйнөдөгү жарыктын шооласы” деген баасын берген.

Политковскаяны 2006-жылдын 7-октябрында үйүнүн алдында атып кетишкен эле. Анда журналист 48 жашта болчу.

XS
SM
MD
LG