Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Freedom House: Орусия демократия жолунан четтеди


Freedom House эл аралык уюму кезектеги докладында 25 өлкөнү – анын ичинде Орусияны – 2010-жылдагы демократия эрежелеринен четтегендердин тобуна кошту.

Freedom House уюму жыл сайын дүйнө жүзүндөгү эркиндик деңгээлине баа берип турчу жыйынтыгын чыгарат. Жагдай мурдагыдан да начарлаган өлкөлөр катарына Кытай, Иран, Венесуэла кирген. Мурда “эркин өлкөлөр” тобуна кирген Украина бул жолу “жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн” катарына кошулган. Freedom House уюмунун баасы боюнча, Кыргызстанда бул жаатта жагдай оңолгон.

Freedom House уюмунун жыйынтыгына караганда, учурда 200дөй мамлекеттин ичинен 115 өлкө гана демократиялык баалуулуктарды карманат. Бирок акыркы беш жыл ичинде мындай өлкөлөрдүн саны азайууда.

Freedom House уюмунун баасы боюнча, Орусия акыркы беш жыл аралыгында эң оор абалда: коррупция терең жайылып, сөз эркиндигине кысым жасалып келет. Уюмдун төрагасынын орун басары Арч Паддингтон:

- Орусиядай өлкөлөрдө бийликте турган автократтар маалымат каражаттары алардын алдында чөгөлөп турганда, бейөкмөт уюмдарга көзөмөл салганда гана шайлоону өткөрүүгө макул.

Докладда оппозициялык саясатчы Михаил Ходорковскийдин кайрадан соттолушу, жогорку деңгээлдеги паракорчулуктун кулач жайышы, митингге чыккандарды күч колдонуп таратуу көрүнүштөрү белгиленген.

Freedom House уюмунун докладына ылайык, бул жолу дүйнөдө “эркин эмес өлкөлөрдүн” эсеби мурдагы бойдон калган. “Эркин эмес” деп табылган 47 өлкөдө 2,5 миллиард калк жашайт. Анын жарымы Кытайда.

Калкы жарым-жартылай эркиндикке жеткен 60 өлкө бар. Алардын бири – Кыргызстан.

Орусияда жагдай былтыр жылдын аягында кыйындаган. Докладда Орусиянын түштүк аймактары менен Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы ашынган улутчул маанайдагы топтордун акцияларына айрым аткаминерлер кайдыгер мамиле жасаганы белгиленген.

Эксперт Сергей Михеев:

- Орусия Freedom House тараптан кыйладан бери эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошулуп келет. Ачыгын айтканда жакшы болуш үчүн эмне кылуу керектигин, маселен, мен билбейм.

Freedom House уюмунун доклады жарык көргөндөн кийин акыйкатчы Михаил Федоров:

- Бизде паракорчулук, журналисттерге кол салуу боюнча чечилбей жаткан көп маселелерибиз бар. Бирок адвокат Маркелов менен журналист Бабурованы өлтүргөндөр сот алдында жоопко тартылганын, журналист Кашинге кол салуу болгондо бийликтин ишти көзөмөлгө алуусун эстен чыгарбайлы.

Дагы бир эксперт Алексей Титков “Орусия бул жолу да кеп жебей, Батышта деле эркиндик чектелүү деп айтат. Биздин демократия анча жетише элек деп актануу болот”,-дейт.

XS
SM
MD
LG