Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Орусияда интернет чектелбейт, бирок...


Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Путин интернетке чектөө кирбесин ырастады. Өткөн айда Орусия өзгөчө кырдаал жаралган учурда жарандарынын глобалдык түйүнгө кошулуу мүмкүнчүлүгүн чектөөнү көздөп жатканы айтылган эле.

Украин кризисинен улам Батыш менен мамилеси чыңалып турган шартта Орусия интернетке чектөө киргизип же аны толугу менен көзөмөлгө алууга ниеттенип жатканы өкмөтчүл эмес маалымат каражаттарда айтылып жаткан.

Шаршемби күнү Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, президент Путин бул божомолдорду төгүндөдү:

- Биз интернетке чектөө киргизип, аны толук көзөмөлгө алууга, мамлекеттештирүүгө, элдин мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн, бейөкмөт уюмдардын жана ишкерлердин маалымат талаасын чектөөгө ниеттенген жокпуз, - деген Путин ошол эле маалда бийлик киберкоопсуздукту көтөрүү максатында кошумча чараларды көрүп, экстремизм, ксенфобия, терроризм жана балдар порнографиясын пропагандалоо менен алектенген сайттарды жабууну улантаарын билдирди:

- Эң оболу биз атамекендик байланыш тармактарынын жана маалымат ресурстарынын коопсуздугун жогорулатышыбыз керек. Айрыкча мамлекеттик структуралардыкына көңүл буруп, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүгө жол бербөөгө умтулушубуз керек.

Өзү интернеттен элди үзүп салуу өлкө бийликтери үчүн канчалык оңой? Буга чейин болгон мисалдарды карап көрсөк.

Египет 2011-жылы Араб жазы учурундагы каршылык акциялары маалында интернетти беш күнгө өчүргөн. Ошол эле жылы Сирия интернетти толугу менен үч жолу чектеген. Непал жана Мьянма кыска мөөнөткө өчүрүп көргөн. Ал эми Кытай 2009-жылкы толкундоолор учурунда Шинжаң аймагын интернеттен үзүп койгон.

Интернет кызматына адистешкен Dyn Systems компаниясынын башкы илимий кызматкери Жим Коуинин айтымында, дүйнөлүк желени өчүрүү өлкөдө интернет булагын тыштан алган канча провайдер бардыгына көз каранды. Өкмөт интернетти оңой эле өчүрүп сала албайт.

Египетте кызмат көрсөткөн компаниялардын саны онго жетпейт, ал эми Сирияда экөө эле. Ошол себептен бул өлкөлөрдүн өкмөтүнө интернетти өчүрүп салуу оңой болгон.

Бул жагынан Орусия Египетке да, Сирияга да окшош эмес. Коуинин айтымында,Орусияда интернет байланышын тыштан алган үч жүздөн ашык компания бар:

- Орусияда интернет байланышы түрдүү жолдор менен ишке ашат. Ал ар кайсы шаарлардан киргизилип, көптөгөн интернет камсыздоочулар аркылуу өтөт. Ошол себептүү, Египеттегидей өчүрүүнү кантип ишке ашырса болорун түшүнүү кыйын. Бул жыйынтыкка жетүү үчүн бир жерди барып эле өчүрүп сала тургандай иш эмес.

Коуи кошумчалагандай, орус өкмөтү анда бардык провайдерлерди интернетти токтотууга мажбурлашы керек болот. Бул аракет ишке ашкан күндө дагы көп убакытты жана эмгекти талап кылышы мүмкүн.

Интернетти өчүрүүнүн альтернативасы катары анын мазмунун фильтрлөөнү атаса болот. Орусия бир нече оппозициялык сайтты жаап, айрым блоггерлерди каттоодон өтүүнү талап кылган мыйзам кабыл алган.

Москва ошондой эле чет элдик интернет компанияларга өлкө мыйзамдарын так сактоо керектиги тууралуу көрсөтмө берди. Маалымат каражаттарынын ишин тескеген «Роскомнадзор» мекемеси ушул жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, агенттикке каттоого турууну талап кылган эскертүүнү Фейсбук, Твиттер жана Гугл компанияларына жиберди. Мыйзам боюнча бул компаниялар Орусиянын аймагында маалымат таратуучу уюм катары катталып, алты ай ичиндеги архивдерин өлкө аймагында сактоого милдетүү.

Коуинин айтымында, орус өкмөтү интернетти белгилүү бир аймакта же шаарларда гана өчүрө алат. Буга 90-жылдарда майда аймактык компанияларга бөлүнүп, кийин кайра борборлоштурулуп ири телекоммуникациялык ишканага айланган «Ростелеком» оңой шарт түзүп берет.

Эгер интернет провайдерлер жабылып калса колдонуучулар мобилдүү операторлордун 3G интернети аркылуу дүйнөлүк желеге чыга алышат. Буга кошумча стандарттык телефон байланыш аркылуу алынган интернетти да бир вариант катары караса болот. Ылдамдыгы аз, баасы кымбат турган бул интернетке жетүү үчүн кадимки эл аралык телефон байланышы керектелет. Европанын интернет камсыздоочу компаниялары 2011-жылы Египет өкмөтү дүйнөлүк түйүндү жаап салган учурда египеттиктерге мына ушул жолду сунуштаган.

Эгер интернет толугу менен токтотулбай, бирок анын мазмуну фильтрленип, байкоого алынса, муну буйтап өтүүчү да жолдору бар. Мындай жолдор «Тор» деп аталган тармакта колдонулуп келет. “Тор” бул колдонуучунун аракеттерин интернет провайдер же башка үчүнчү тарапка көргөзбөй турган виртуалдуу жашыруун тоннелдердин тармагы.

XS
SM
MD
LG