Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:29

Балдарга согушту таңуулаган "Дядя Вова"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Интернет айдыңында бөбөктөрдүн "башкы командир Владимир Путин чакырса, ал үчүн акыркы согушка да барабыз" деп ырдаганы кызуу талкуу жаратууда.

Төрт-беш жаштагы балдар "Севастополь менен Крым биздики", "Алясканы Орусияга кайтаралы", "башкы командир Владимир Путин чакырса, ал үчүн акыркы согушка да барабыз" деп ырдашууда. Мектепке бара элек бөбөктөр ырдын маанисин түшүнбөй эле ырдап жаткандай.

24-майда Нижневартовск бала бакчасында "До-ми-соль-ка" вокал тобунда ырдаган кызынын концертине барган Александра Терикова бул окуяга ачуусу келип, видеону Интернетке жүктөгөн.

- Мен буга каршымын. Андай болсо Интернетке жүктөбөйт болчумун. Биринчиден, азыркы президент менен «Крымнаш» деген секталык ырлардын баары балээ. Экинчиден, балдар эмне деп ырдап жатканын түшүнгөн жок. Менин төрт жаштагы кызым гегемон эмне экенин, Европа Биримдигинде эмне болуп жатканын билбейт. Ал гегемондун орунда "бегемот достал" деп ырдап жатты.​ Мен баламды "дядя Вова" үчүн, бийликтеги башка бирөөлөр үчүн эч качан согушка жөнөтпөйм жана өзүм да барбайм.

Иллюстрация
Иллюстрация

Александра сыяктуу эле ата-энелердин көбү нааразы экенин жашырган эмес. Балдарды саясатка аралаштырып, аларга согушту пропагандалоого бир тобу каршы чыккан. Алардын бири Ирина.

- Бул ыр бала бакча үчүн эмес. Ыр оор, балдар сөздөрүн айта алышпайт, ырдын маанисин түшүнүшпөйт. Мындай жашта балдар жакшылык жөнүндө жаркын ырларды үйрөнүшү керек.

Нижневартовсктогу N1 телеканалы социалдык тармактарда жергиликтүүлөр арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкандардын 65 пайызы бакчадагы балдарга мындай ырлардын үйрөтүүгө каршы чыгышкан.

Ал эми №68 бала бакчанын жетекчилиги бул окуя жөнүндө пикир айтуудан баш тартышкан. Билим берүү департаментинин шаардык бөлүмүндө "бала бакчанын мугалимдери менен ата-энелер балдардын жашына карап ырларды тандашы керек" деген пикир менен чектелишкен.

"Дядя Вова, мы с тобой" деген ырды алгач Вячеслав Антонов деген киши ырдап чыккан. Баласы менен бирге тартылган видеоклип Интернетте былтыр тараган.

Видеодо жети жаштагы бала чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп алып, "Биздин муун кичине эле алсыздык кылса, өлкөдөн айрылып калабыз, флот менен армия - биздин достор" деп ырдап жатканын көрүүгө болот.

Бирок бул ырдын баяны ушуну менен токтоп калган эмес. Андан соң "Единая Россия" партиясынын депутаты Анна Кувычко Волгоград шаарындагы №44 мектептин кадеттери менен бул ырга видеоклип тарттырган.

Мамлекеттик Думада үй-бүлө, аялдар жана балдар комитетинде иш алып барган депутаттын балдарды согушка чакырган, пропагандалык ырды аткартып чыкканы бир топ нааразычылыктарды жаратып, депутат тасманы "Фейсбуктагы" баракчасынан өчүрүүгө мажбур болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG