Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Сочиде Орусиянын учагы кыйрады


Сочинин эл аралык аэропорту
Сочинин эл аралык аэропорту

Сирияга баратып кырсыкка учураган орусиялык учактын калдыктары Кара деңизде табылды.

Учактын бортунда 83 жүргүнчү жана экипаждын 8 мүчөсү болгон. Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында Кара деңизде кыйраган ТУ-154 учагындагы жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнүн тизмеси жарыяланды.

Маалыматка караганда, кырсыктан эч ким тирүү калган жок. Учакта Орусиянын Биринчи каналынын чыгармачыл тобу, кабарчы Дмитрий Рунков, оператор Вадим Денисов, үн оператору Александр Сойдов жана башка маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгон. Ошондой эле учакта орусиялык аскер кызматкерлери жана Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери да каза тапты.

Орусиялык учактын калдыктары табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

Кара деңизде 50-70 метр тереңдикте, Сочи жээктеринен бир жарым чакырым алыстыкта Орусиянын Коргоо министрлигинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учактын калдыктары табылды. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги өлкөнүн маалымат жана жалпы коммуникация департаментине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, учак 25-декабрда таң эрте Адлер шаарындагы аэродромдон көтөрүлгөндөн кийин радардан жоголуп кеткен.

"Интерфакс" куткаруучулар кырсык болгон аймактан аман калгандарды таппаганын кабарлады.

"Бир сааттан ашык убакыттан бери эч кимди табуу мүмкүн болгон жок. 1,5 чакырымдан 8 чакырымга чейинки аралыкка чачылып кеткен учактын калдыктары табылды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн түштөн кийин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Сочидеги учак кырсыгына байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Атамбаевдин телеграммасында "Көптөгөн адам курмандыктарына алып келген кырсыкта жакындарын жоготкондорго Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден кайрат айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм", - деп айтылат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

XS
SM
MD
LG