Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Орусия Украинага газ берүүнү токтотту


Эки өлкө ортосундагы пикир келишпестик Орусия газ баасын 80 пайыздан ашуун көтөргөндөн кийин башталган эле.
Эки өлкө ортосундагы пикир келишпестик Орусия газ баасын 80 пайыздан ашуун көтөргөндөн кийин башталган эле.

Эки миллиард долларга жакын карызды төлөө мөөнөтү 16-июнда соңуна чыккандан кийин Орусия Украинага газ берүүнү токтотту.

Эки өлкөнүн бул жолку “газ согушу” 2006-жана 2009- жылкы энергетикалык кризистерден айырмаланып турат. Бул жолку газ чатагы Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы кандуу кагылышуулар уланып жаткан кезге туш келди.

Британиядагы Chatam House аналитикалык борборунун энергетика боюнча эксперти Жон Митчелдин айтымында, кеп азыр жалпы Украинанын келечеги жөнүндө болууда:

- Мурдагы бир эле газга тиешелүү чатактардан айрымаланып, бул ирет кеп Украинанын келечеги, анын жашап кетүүсү жана бүтүндүгү жөнүндө болуп жатат. Бул ирет энергия маселеси саясат менен чырмалышып калды.

Эки өлкө ортосундагы пикир келишпестик Орусия газ баасын 80 пайыздан ашуун көтөргөндөн кийин башталган эле. Москва бул чарага Киевде элдик көтөрүлүш чыгып, Виктор Януковичти бийликтен кулатып, Орусияга кире качкандан кийин барган.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Орусиянын газды токтотуу планын "Украинаны талкалоо үчүн багытталган чоң пландын бир бөлүгү” деп сыпаттоодо.

Киевдеги азыркы бийликтерди колдоп, Крым жарым аралын аннексиялап алгандыгы үчүн Орусияга каршы санкцияларды киргизген Евробиримдик газ боюнча эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчу болууда.

- Европа биримдиги Украинаны газ маселесинде коргой алса, ал канчалык деңгээлде башка маселелерде Украинаны коргой алаарын көрсөтөт, –дейт британиялык талдоочу Митчелл.

Орусия кошунасы менен болгон мурдагы газ чатактарына салыштырмалуу азыркы кадамын абайлап жасоодо.

Өзү 2006-жылкы газ чатагы “Газпромдун” көгүлтүр отту саясий курал катары колдонгондой кабыл алынып, анын коомдук беделин түшүргөн эле.
2009-жылкы экинчи жолку газ кризисинде, “Газпром” коомдук пикирге тааасир көргөзүү үчүн Батыштан пиар кеңешчилерди жалдаган.

Эксперттердин пикиринде, Орусия европалыктарды ал газ менен камсыздоочу ишенимдүү өлкө экенине ынандырып, жакынкы соода өнөктөшү - Евробиримдик менен мамилесин бузуудан качат.

Маселен, Украинанын газ түтүгүндө 17-июнда болгон жарылуудан кийин "Газпром" дароо эле бул жарылуу европалык кардарларга өз кедергисин тийгизбесин белгиледи. Москва бул чатакты бир эле коммерциялык өңүттө көрсөткөнгө аракет жасоодо.

Еврокомиссиянын энергия иштери боюнча комиссары Гүнтөр Эттингер газ боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жатып “Орусия газды Евробиримдикке каршы саясий курал катары колдонгон жок” деп айтты.

Орусиянын Европага газ транзитинин 15 пайызы Украинанын куурлары аркылуу өткөнүнө байланыштуу Украина мурдагы эки кризисте газ таңкыстыгына кабылган эмес. 2006 жана 2009-жылдары газ чатагы кыш айларында болгон, бул жолку кризис жай айларына тушташ келгендиктен Европа зыян тартпасын эки тарап тең айтууда.

- Газдын топтолгон кору көп жана жай мезгили болгондуктан Евробиримдик бул ирет бир топ ийкемдүүрөк болушу мүмкүн,- дейт талдоочу Митчелл.

Маалыматтарга караганда, Еврошаркеттин газ кампалары азыр 65% толуп турат.
2009 - жылдагы кризистен соң газ жеткирүү боюнча келишимге өзгөрүүлөр киргизилген.

Азыр "Газпром" мурдагыдай газды Орусия-Украина чек арасында гана сатып тим болбой, Украина-Евробиримдик чек арасына чейин жеткенге чейин да жооптуу. Ошол себептүү 5 жыл мурдагыга салыштырмалуу Украина европалык кардарларга багытталган газды уурдап алат деген тобокелчилик аз.

Митчелл белгилегендей, Европа акыркы айларда Киевге чоң колдоо көрсөткөнүнө байланыштуу украиналыктар Европага багытталган газды уурдай албайт.

Эгер Украина Европага транзиттелген орус газына кол салууга аракет кылса, "Газпром" Балтика деңизинин түбүнөн Германияга өткөн Түндүк куур аркылуу газдын көлөмүн көбөйтүүнү убада берген.

Орусия Түндүк куурдун курулушун 2011- жылы аяктаган. Дагы бир башка долбоор боюнча 2400 чакырымдык Түштүк куур курулушу башталган. Ал Кара деңиз аркылуу өтүп, Болгарияга жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө жетмек. Бирок Болгария ушул айдын башында долбоордон баш тартканына байланыштуу азыр курулуш токтоп турат.

Украинанын энергетикалык “Нафтогаз” компаниясы да кампалардагы газдын кору декабрь айына чейин жетерин маалымдаган. Германиянын экинчи ири электроэнергетикалык компаниясы апрелден тарта Польшадан Украинага газ жеткирүүдө.

Газды артты көздөй жөнөтүп, Украинаны көгүлтүр от менен камсыздоого Словакия жана Венгриянын дагы мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG