Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Москва менен Киевдин тиреши курчуду


1-апрелден тарта “Газпром” Украина үчүн газдын наркын 100 долларга көтөрдү.
1-апрелден тарта “Газпром” Украина үчүн газдын наркын 100 долларга көтөрдү.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы - ФСБ украиналык 25 жаранды камакка алды.

Украиналыктар Орусиянын түштүгүндөгү Ростов-на-Дону, Волгоград, Тверь, Орел, Белгороддо, Калмыкия менен Татарстандын аймагында 14-17-марттын ортолугунда чабуул жасаганды мерчемдеген деп шектелүүдө.

Орус өкмөттүк NTV телеканалынын маалымдашынча, кармалган украиналыктардын үчөө улутчул Оңчул сектордун мүчөсү экен. Бул группа февралда Украинанын москвачыл президенти Виктор Януковичти кулатууга активдүү катышкан. Маалыматта аларга Украинанын чек арасына чектеш аймактардагы орусиялык аскерий объекттерди сүрөткө тартуу жана орусиялык радикалдар менен байланыш түзүү жөнүндө тапшырма берилгени айтылат. Бул кабарды Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматы “куру сөз” деп, калпка чыгарды.

Береги маалымат коомчулукка жарыя болгондон бир нече саат мурда Украин тарап Орусиянын коопсуздук кызматтарын Киевдеги антиөкмөттүк наарзылыкты басууну пландоого катышкан деп күнөөлөгөн. 18-20-февраль күндөрү Киевдеги тирешүүдө 100дөн ашык адам өлгөн. Аларды көбү снайперлерлер аткан октон жан бергени ырасталууда.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.
​Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматынын жогорудагы билдирүүсүнө байланыштуу суроого Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-апрелдеги маалымат жыйынында мындай деп жооп берди:

- Мен бул билдирүүлөр канчалык ишенимдүү жана негиздүү экенине баа бере албайм. Алар, болбоду дегенде, аларды жокко чыгарган эсепсиз далилдерге каршы келет.

Лавров “снайперлер жөнүндөгү чындык ачык-айкын” жол менен такталышы керек экенин да кошумчалады. Москва буга чейин снайперлердин артында украин улутчулдары турат деген пикирин билдирген.

Москва-Киев арасындагы шпиондук жана маалымат согушу экономикалык согуш менен коштолду. Өкмөттүк “Газпром” украиндердин “Нафтагаз” компаниясынан көгүлтүр отун үчүн 2, 2 миллиард доллар карызды “тез” төлөөнү талап кылды. 1-апрелден тарта “Газпром” Украина үчүн газдын наркын 100 долларга көтөргөн, эми Киев 1 миң куб метр газ үчүн 485, 5 доллар төлөөсү шарт.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Москваны газды “саясий буроо” ордуна пайдаланууда деп сындады жана болочокто экономикалык кысым дагы күчөйт деди:

- Орусия газ майданында, анын ичинде Украинаны газ менен камсыздоодо мындан ары дагы кысым көрсөтөт деп күтүүдөбүз.

Крымдагы орус аскери.
Крымдагы орус аскери.
Орусия Украинадагы саясий тополоңду пайдаланып, Крым жарым аралын аскер киргизип, өткөрүлгөн референдумга таянып, Украинадан тартып алды. Бул жагдайда НАТО альянстын Чыгыш мүчөлөрүнүн территориясына кошумча күч жөнөттү жана Москва менен практикалык кызматташууну токтотту. Орусия өз кезегинде НАТОдогу аскер элчисин чакырып алды жана НАТОну "өз ара келишимди бузду" деп айыптады.

Айыптоону НАТОнун башкатчысы Андрес Фог Расмуссен “пропаганда жана калп маалымат таратуу” деп мүнөздөп, Орусия өзү мурда кол койгон келишимдерин бузуп жатканын айтты:

- Биз Рим декларациясын бузган жокпуз. Мени, чынында эле, Орусиянын НАТО өз милдеттенмелерин бузду деп айта алганы таң калтырды. Себеби, Орусия бардык принциптерди жана эл аралык милденттенмелерин бузуп жатпайбы.

НАТОдогу расмий булактын “Азаттык” радиосуна айтышынча, Москва менен кызматташууну токтотуу Ооганстандагы НАТО башындагы көп улуттуу күчтөрдү Орусия аркылуу тейлөөчү “Түндүк транспорт жолуна” таасир этпейт деп ойлойт. Себеби, бул авиажол НАТО-Орусия кеңеши эмес, Орусия жана коммерциялык компаниялар тарабынан көзөмөлдөнөт.

XS
SM
MD
LG