Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

АКШ-Орусия: алаканы жакшыртууга аракет


Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мамкатчысы Майк Помпео. Сочи. 14-май, 2019-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын мамкатчысы Майк Помпео. Сочи. 14-май, 2019-жыл.

14-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Сочиде жолугушту.

Путин Мюллердин иликтөөсүн мактады

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү аяктагандан кийин Москва менен алаканы жакшыртуу аракеттерин жандантты.

Трамп ушул айдын башында орус президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, иликтөөнүн жыйынтыгын талкуулаган. Ал эми 13-майда АКШ лидери Путин менен Жапонияда «Чоң жыйырманын» саммиттин утурлай кийинки айда жолугушу мүмкүн экенин айткан.

Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Сочиде жолуккан Путин Москва жана Вашингтондун ортосундагы мамиле “толугу менен калыбына келерине” үмүттөнөрүн жана Трамп да чын дилден ушуну кааларын айтты.

Путин АКШда 2016-жылы өткөн шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү максатында Трамп же анын шайлоо штабынын мүчөлөрү Кремлдеги расмий адамдар менен байланышкандарынын далилин таппаган Мюллердин иликтөөсүн мактады. Орус лидери аны «обьективдүү иликтөө» деп атады.

Бирок ал иликтөөдө Орусия 2016-жылы АКШда өткөн шайлоого кийлигишүүгө аракеттенгени аныкталганын жана буга далилдер келтирилгенин АКШнын баш прокурору Ульям Барр белгилеген.

Помпео: Москвага АКШ шайлоосуна кийлигишпөөнү эскерттим

Үч саатка созулган Майк Помпео менен Сергей Лавровдун сүйлөшүүсүнөн кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында Орусиянын тышкы иштер министри Москва Трамп менен Путиндин жолугушуусу үчүн ачык экенин билдирди. Ошол эле маалда жолугушуу так болор-болбосун ырастаган жок.

Лавров эки тарап тең «шектенүүлөрдү жана күмөн саноолорду» токтотуп, «жаңы конструктивдүү алакаларды түзүүнүн» үстүнөн иштеши керек экенин белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШнын мамкатчысы Майк Помпео. Сочи. 14-май, 2019-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШнын мамкатчысы Майк Помпео. Сочи. 14-май, 2019-жыл.

​Ал эми мамкатчы Помпео Орусияга АКШда 2020-жылы өтчү шайлоого кийлигишпөөнү эскерткенин билдирди. Өз кезегинде Лавров да Вашингтонду орус шайлоосуна таасир этүү максатында орус бейөкмөт уюмдарын каржылаганы үчүн айыптады. Венесуэла боюнча эки дипломаттын билдирүүлөрү Түштүк Америкадагы бул мамлекетке болгон Москва менен Вашингтондун көз караштары эки башка экенин дагы бир ирет айгинеледи.

«Мадуро Венесуэла калкына бир гана запкы алып келди», - деген Помпео Мадурого көрсөтүлүп жаткан орусиялык колдоо токторуна үмүттөнөрүн айтты.

Ал тапта Лавров АКШнын Венесуэладагы аракеттерин Американын Ирактагы согушка аралашуусуна жана Ливияда 2011-жылы болгон окуяларга салыштырды.

“АКШ администрациясы тарабынан жасалган коркутуп-үркүтүүлөр демократияга эч бир коошпойт», - деди Лавров.

Москва-Вашингтон ортосундагы келишимдер

Москва менен Вашингтон эки держава ортосунда сакталып калган жалгыз - Стратегиялык чабуул жасоочу куралдарды кыскартуу жана чектөө боюнча чаралар деп аталган келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөргө даярданып жатышат. (англисче абревиатурасы - START)

Анын мөөнөтү 2012-жылдын февраль айында аяктайт, бирок эки тарап тең макул болсо келишим дагы беш жылга узартылышы ыктымал.

Дональд Трамп буга чейин АКШнын мурдагы президенти Барак Обама 2010-жылы кол койгон бул макулдашууну "начар жана бир тараптуу келишим" деп атаган. Өткөн аптада Трамп Путин менен телефон аркылуу өзөктүк куралдын санын кыскартууну караган жаңы келишим тууралуу сүйлөшкөндөн соң ага Кытай да кириши мүмкүн экенин айткан.

Анткен менен Сергей Лавров менен 13-майда Сочиде жолуккан Кытайдын тышкы иштер министри Ван И анын өлкөсү Орусия менен АКШ ортосунда кол коюлган бул келишимге кызыкдар эмес экенин билдирди. Ал ошондой эле Кытай өзүнүн өзөктүк куралынын арсеналын "коргонуу саясатын гана камсыздоого жарай турган деңгээлде" кармап турганын кошумчалады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Сочи. 14-май, 2019-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Сочи. 14-май, 2019-жыл.

Быйыл февраль айында Кошмо Штаттар 1987-жылы түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимде өзүнө алган милдеттенмелерин токтоторун жарыялаган. Буга АКШ тарап белгилегендей Орусиянын «келишимди бузуп келгени» түрткү болгон. Мындай дооматтарды четке кагып келген Москва да көп өтпөй аталган келишимден чыгарын билдирген. Ал документ 500дөн 5500 чакырымга чейин жеткен, жерден атылган канаттуу ракеталарды же баллистикалык ракеталарды жасоого, колдонууга жана жайгаштырууга чектөөнү карачу.

Помпео Орусияга 13-майда эле келмек. Бирок ал сапарын жылдырып, Брюсселде Евробиримдик жана НАТО өкүлдөрү менен жолугуп Иран маселесин талкуулаган.

Иран боюнча Кошмо Штаттардын атайын өкүлү Брайан Хук билдиргендей, Помпео союздаштарына Иран тараптан болчу ыктымал коркунучтар тууралуу бөлүшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG