Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Казакстан чет элдик каналдарды чектөөдө


Казакстанда орусиялык телеканалдарга чектөө киргизилүүдө, Беларус менен Кыргызстан Орусияга контрабандалык жол менен тамеки ташуу боюнча алдыда, Испания Өзбекстанда жер семирткичтерди өндүрүүчү завод курат. Орусиянын маалымдоо каражаттарында жарык көргөн Борбор Азия темалары.

Казакстан маалымат мейкинин коргоодо

Казакстанда орусиялык телеканалдарга кескин чектөөлөр киргизилип жатканын "Коммерсантъ" басылмасы жазып чыкты. Расмий Астана 1-январдан тартып чет элдик телеканалдарды алып көрсөтүүдө жарнама коюуга тыюу салды. Ал эми 2017-жылдан тарта чет элдик телеканалдар Казакстанда өздөрүнүн расмий өкүлчүлүктөрүн ачууга милдеттендирилди. Ошондой эле алардын жергиликтүү операторлорунун 80 пайызы казакстандык ишканаларга таандык болушу керек. Чет элдик маалымат каражаттарына коюлган мындай жаңы чектөөлөрдөн чочулаган Кремл Орусиянын “Биринчи канал”, ВГТРК жана НТВ телеканалдарына жеңилдик алууга аракет кылып жатканы маалымдалууда. Астана мурдатан эле чет элдик телеканалдарга эфир берүүгө тыюу салып, көпчүлүгү кабелдик берүү аркылуу көрсөтүлүп келген.

Ууру жолдун учу кайда?

"Известия" гезити Беларус менен Кыргызстан Орусияга аткезчилик жол менен тамеки ташуу боюнча алдыга чыкканы тууралуу жазды. Эл аралык Nielsen иликтөө агенттиги Орусияга мыйзамсыз жол менен кирген тамекилердин 30 пайызы Беларустан алынып келингенин аныктаган. Орус базарына жашыруун жол менен тамеки ташыган өлкөлөрдүн экинчи сабында Кыргызстан, андан кийин Казакстан жана Украина турат. Орусияда тамекиге акциз салыгы жогору болгондуктан, баасы дагы кымбат. Беларус менен Кыргызстанда бир куту тамекинин орточо баасы 30-35 рубль болсо, Орусияда 68 рубль турат. Мындай баасы арзан контрабандалык товардын айынан орус казынасы былтыр 21 миллиард рубль кирешесиз калган. Өлкөгө мыйзамсыз киргизилген товарларды чектөө үчүн учурда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголь жана тамекиге акциз салыктарын теңдештирүү долбоору талкууланып, кошумча чаралар изделип жатканы кошумчаланат. Долбоор ишке ашса, Кыргызстанда алкоголь менен тамекинин баасы көтөрүлмөкчү.

Жаңы завод икаясы

"Регнум" интернет басылмасы Испания Өзбекстанда жер семирткич чыгарчу завод кура турганын маалымдады. Intecsa Ingenieria ишканасы бул курулушка 500 миллион доллар жумшоого даяр. Төрт жылдын ичинде Навои облусунда ишке кире турган завод жылына 900 миң тонна жер семирткич чыгарары пландалган. Жалпысынан соңку беш жылдын ичинде расмий Ташкен чет элдик инвестчилердин жардамы менен 60 миллиард доллар өлчөмүндө 900дөн ашуун долбоорду ишке ашырып жатканы белгиленет.

Президент Атамбаев эмирлерден жардам издөөдө

Президент Атамбаев эмирлерден жардам издеп жатканына "Независимая газета" токтолду. Макалада кыргыз ажосунун Түркмөнстан, Кувейт жана Катарга жасаган сапары сөзгө алынып, расмий Бишкектин тышкы инвестчилерди өзүнө имерүүдө жолу болбой жатканы белгиленет. Орусия менен Казакстандагы кризистин айынан Евразия экономикалык биримдигине байланышкан үмүттөр аткарылбай, эми Кыргызстан жаңы инвестчилерге чаңкап турат деп айтылат макалада. Анткен менен, Кувейт менен Катардан Кыргызстанга барандуу инвестчилердин чыгышы деле күмөн экендиги макалада маалымдалат. Кувейт менен үч жыл мурун макулдашылган миллиарддаган инвестициялар алигиче Кыргызстанга жетпегени, кызматташуу үчүн түзүлгөн “Кыргыз-кувейт инвестициялык фонду” дагы эмдигиче ишке кире электиги айтылат макалада.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG