Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Орусиянын түрмөсүндөгү козголоң


Копейскидеги №6 колониянын алды
Копейскидеги №6 колониянын алды

Орусиянын Челябинск облусундагы Копейск түрмөсүнүн сыртында абактагылардын жакындары менен кагылыштан ОМОНдун кеминде сегиз аскери жаракат алган. Тергөө комитети камактагылардын нааразылыгына байланыштуу текшерүү башталганын билдирди.

Челябинск облусунун Копейск шаарындагы №6 колониянын айлансындагы окуялар боюнча карама-каршы маанидеги маалыматтар түшүүдө.

Абактагылар адегенде жума күнү түштөн кийин ачкачылык акциясын башташкан.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын Челябинск облустук бөлүмүнүн ырастоосунда, 250дөй соттолуучу түрмө кызматкерлерине баш ийбей абак шартын жакшыртууну жана тартип бузгандарды жазалоочу камераларга отургузулган бир нече адамды бошотууну талап кылышкан.

Челябинск облусунун Акыйкатчысы Алексей Севастьяновдун “Азаттык” радиосунун орус кызматына айтканына караганда, абактагылар кыйноолорго, түрмө кызматкерлеринин акча өндүрүүлөрүнө даттанышкан.

​Ал эми жергиликтүү укук коргоочулардын бири Оксана Труфанова болсо “Азаттык” радиосуна окуянын чоо-жайы тууралуу буларды кабарлады:

- Абактагылар зонанын кароол секисине, чатырына чыгып алышып, жардам сурап кыйкырышкан. Шейшепке кан мененби же кызыл сыр мененби жардам сураган чакырыктарды жазып алышкан. “Жардам бергиле!” деп кыйкырып турушкан.


Кимди ким токмоктогон?

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын Челябинскидеги бөлүмүнүн жекшемби күнү кечиндеги билдирүүсүнө караганда, 6-колониянын ичиндеги кырдаал көзөмөлдө турат.

Бирок колониянын сыртына жыйналган адамдар, ОМОНдон токмок жегенин айтып жатышкан укук коргоочулар менен абактагылардын жакындары башка пикирде.

Түрмөнүн сыртында ким-кимди токмоктогону да так анык эмес.

Түрмөдөгүлөрдүн нааразылык акциясы алар жакындары менен жолугушуучу учурга туш келген.

Бирок абактагы козголоңдон улам түрмө жетекчилиги жолугушууларды тыйып койгон.

Абактын ичиндеги кырдаалга анын сыртына чогулган 250- 300дөй киши да нааразылык билдирип, полиция күч колдонууга баргандай сезилет.

Түрмө сыртында эки жигиттин бети-башы канжалаган тасма интернеттеги социалдык түйүндөргө чыкты:

“Маскачан, каскачан келгендер желим таяк менен машинеден баарыбызды сүйрөп чыгып сабашты. Андан кичинекей балабыз чочуп, машинебиз талкаланды. Айылдан келгенбиз. Машинада бала бар деп кыйкырганыбыз да жардам бербеди”,- дешти ОМОНдон токмок жегенин ырастаган жубайлар.

Түрмөдөгүлөрдүн туугандары сабалганына укук коргоочу Оксана Труфанова да күбө болуп, өзү да токмок жеген:

-Адамдар жөн эле турушкан. Эч ким чагым жасаган эмес. Чарчашкандыктан адамдар сүйлөшпөй да калышкан. Мына ушундай учурда кол салышканы мени таң калтырды. Биз чуркап келдик. Мен өзүм артыман башыма желим таяк менен жедим окшойт. Бир нерседен катуу сокку жеп, кулаганымды түшүндүм.

Полиция болсо түрмө сыртында коомдук тартипти бузган 38 киши кармалганын, кармоо учурунда ОМОНдун сегиз жоокери жаракат алганын билдирди.

Алардын ырастоосунда кагылышты түрмө сыртына жыйналгандардын бир тобу бөтөлкө ыргытуу менен башташкан.

Орусиялык айрым укук коргоочулар Копейск колониясындагы окуя боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырышууда.

“Адам укуктары үчүн” деп аталган кыймылдын төрагасы Лев Пономарев ушул түрмөдө 2008-жылы төрт соттолуучу ур-токмоктон каза тапканын эске салып, айыпкерлердин арыз-муңуна прокурорлор көңүл бурбай келгенин белгиледи.

Орусиянын абактарында учурда 700 миңден ашуун киши отурат.

Абактагы шарттарды жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары утур-утур сынга алып келишкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG