Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Абактагылар ооздорун төөнөгөнгө өттү


Бишкектеги 1-тергөө абагында оозун зым менен төөнөп алгандардын бири. 25-январь, 2012.(Сүрөттү Акыйкатчы институту сунуштады.)
Бишкектеги 1-тергөө абагында оозун зым менен төөнөп алгандардын бири. 25-январь, 2012.(Сүрөттү Акыйкатчы институту сунуштады.)

Кыргызстандын абактарында ачкачылык жарыялагандар эми нааразылык билдирүүнүн башка түрүнө өтүп, ооздорун зым же жип менен тиге баштады.

Алар өз талаптары аткарылмайынча ооздоруна наар албай турганын айтып жатышат. Кечке жуук ооз төөнөгөндөрдүн саны миңден ашканы кабарланды. Жазаларды аткаруу кызматы мындай маалыматты тастыктап, абактагылар кылмыш дүйнөсүнүн түрткүсү менен ушундай кадамга барышканын билдирди.


Ооз төөнөмөй он чакты абакка жайылды

Бул толугу менен эле саясий талап. Криминалга тергөө абагындагы айрым камералардын ачык болушу керек болуп жатат. Анткени алар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү үчүн камактагылардын баарынан акча топтоонун бир мүмкүнчүлүгү болчу...Александр Никсдорф

18-январдан бери ачкачылык жарыялап жаткандар бүгүн таң эртеден баштап ооздорун тиге баштады. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, бүгүн Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагындагы соттолуучулар ооздорун тигишкен. Андан соң бул ыкма башка абактарга жайылып, көпчүлүк абактагылар нааразычылыктын ушундай түрүнө өтүштү.

Камактагылардын ооздорун төөнөп алууга барышынын себебин укук коргоочу мындайча чечмеледи:

- Соттолуучулар ооздорун тигүү себебин төмөнкүдөй түшүндүрүшүүдө. Алар «бизди ачкачылык кармаган жок, туугандары алып келген тамактарды жеп жатат деп түрмө жетекчилери калп айтышууда. Чындыгында биз 16-январдан тартып эле ачкачылык жарыялап жатабыз. Туугандарыбыздын тамак-ашын биз кабыл алган жокпуз. Байзаковдун ушинтип айта бербеши үчүн оозубузду зым жана жип менен тиктик”- деп айтып жатышат.

Түрмөдөгүлөр мурдатан айтылып жаткан кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылышууда.


Абактагылар саясий талап коюп жатабы?


Укук коргоочулардын мындай маалыматын Жазаларды аткаруу кызматынан да тастыкташты. Бул кызматтын маалымат катчысы Александр Никсдорфдун билдиришинче, өлкө боюнча 5 абак жана 1 тергөө абагында 650дөн ашык адам ооздорун тигишкен:

- Бишкектеги №1 тергөө абагында 385 адам, Петровкадагы №8 түзөтүү колониясында 61, Ново-Покровкадагы 3-колонияда 19 адам, ошондой эле №19 колонияда 200, 16-түзөтүү колониясында бир адам оозун тигип алышты. Ошентип, Кыргызстан боюнча жалпысынан 5 абак жана 1 тергөө абагындагы кармалып тургандар ооздорун тигишти.

Александр Никсдорф камактагылар мындай кадамга кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнүн түрткүсү менен барганын белгилеп жатат. Себеби, мындан мурда алар тергөө абагындагы айрым камералардын ачык болушун талап кылышкан:

- Бул толугу менен эле саясий талап. Криминалга тергөө абагындагы айрым камералардын ачык болушу керек болуп жатат. Анткени алар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү үчүн бул бардык кесилгендерден акча топтоонун бир мүмкүнчүлүгү болчу. Түрмөгө кирген ар бир адамды, ким болбосун, криминалга тиешеси жок жол кырсыгына кабылып калган адам болсо деле акча талап кылып башташат. Акыркы жумада алардын мындай акча чогултуусуна бөгөт коюлган болчу. Ошентсе да, алар башка жол табышып, телефондор аркылуу кесилгендердин баарынын туугандарына чалдырып, митингге чыгышын талап кылышууда.

Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү ооз тиккендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирип жатат. Бирок камактагылардын айрым камераларды ачып, ээн-эркин жүрүү боюнча талаптары эч качан аткарылбай турганын эскертишүүдө.

Макала даярдалып калганда оозун тиккендердин саны миңден ашып, нааразылыктын бул түрү он абакка жайылганы белгилүү болду. Алардын жетөө түзөтүү колониясы, үчөө тергөө абагы.

Кыргызстанда 19-январдан тартып 13 абакта 2 миңден ашык адам ачкачылык жарыялашкан.



  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG