Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Апта: Абактагы чатак, кыскартуулар марафону


Энергетикадагы көйгөйлөр ызгаардуу суукта өзгөчө билинди.
Энергетикадагы көйгөйлөр ызгаардуу суукта өзгөчө билинди.

Абактагы тополоңдун себеби эмнеде? Энергетика тармагында кыңыр схемалар жоюлганы айтылууда.

Кыргызстандын энергетика тармагында коррупциялык схемалар жоюлганын энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев 19-январда өкмөт жыйынында билдирди.


Коррупция чын эле жоюлдубу?


Өлкөнүн энергетика тармагында жөнөкөй коррупция эмес, атайын ойлонулган схемалар менен жасалган коррупция бар экени коомчулукка көптөн бери маалым. Аны Акаевдин оппозициясы да, Бакиевдин оппозициясы да деталына чейин айтып, алар бийликке келсе эле абал өзгөрөрүн убада кылып келишкен.

Азыр бийликте турган “Республика” партиясы да шайлоо алдында өздүк баасындагы электр энергиясы боюнча убада бергени маалым. Өздүк баа ушул кезге чейин аныктала элек. Бирок коррупциялык схемалар ачылганын энергетика министри Аскарбек Шадиев 19-январда маалымдады:

- Биринчиден, электр энергиясын экспорттоо ортомчу компаниялар
аркылуу төмөн баада жүргүзүлгөн. Маселен, Орусияга 0.5 центке, Казакстанга 0.9 центке сатылган. 2007-жылы Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына карабай Өзбекстанга 1.1 центке сатылган. Суу аз болгондо энергия кымбат болуш керек эле. Мына ошону менен энергетика тармагына олуттуу зыян келтирилген.

Азыркы кезде Казакстанга сатыла турган электр энергиясынын баасы өкмөттөр ортосунда чечилип, бир кВт саат электр энергиясы 2.8 центтен, Өзбекстанга 3.37 центке сатылып, түшкөн акчалар ачык болуп жатат. Буга чейин улуттук масштабдагы энергетикалык долбоорлор жабык каралып келген. Маселен, "Датка" подстанциясын курууга 256 млн. долларга келишим түзүлүп, андан кийин ал 48 млн. долларга арзандатылды.

“Нарынгидроэнергокурулуш” жана “Нарынгидромонтаж” компаниялары аркылуу ГЭСтердин акчасы солго кетип турган. Азыр бул иштер Башкы прокуратуранын кароосунда турат. Бишкек ТЭЦине көмүр кымбат баада коюулуп келген. Тендерлер жабык жүргүзүлгөн. Азыр тендердик комиссияларга көп тармактын өкүлдөрү кирип, ачык жүргүзүлүп жатат.


Министр Шадиев сөзүндө жоготуулар дале жогору бойдон калып жатканын моюнга алды. Ал эми эксперттер коррупциянын уюгу дал ушул жерде экенин белгилеп жатышат. Андан сырткары энергетикалык жабдууларды оңдоп-түзөө иштеринде коррупция өөрчүгөнү айтылууда.

Энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр 1990-жылдардын соңунда бирдиктүү “Кыргызэнерго” үчкө бөлүнгөндөн кийин күч алган. Техникалык жана коммерциялык жоготуулар 50% жакындап, тармакты колдоо үчүн чет өлкөдөн алынган насыялар да изин таптырбай жоголуп жатты.


Тажикстандан артта калып...


Азыркы кезде да жоготуулар 22% ашуун бойдон калууда. Тажикстанда болсо жоготуулар 13%. Бул кошуна мамлекетте коррупция ооздукталып, мамлекет көзөмөлү бекем экендигин көрсөтүп турат.

Энергетикалык эксперт Расул Үмбеталиев энергетика тармагында коррупциялык схемалар азыркы кезге чейин иштеп жатат дейт:

- Бүгүнкү күндө да коррупциялык схемалар иштеп жатат. Ага бөгөт коюш үчүн энергетика тармагында коммерциялык жана техникалык жоготууларды азайтышыбыз керек. Мамлекеттик сатып алуулар таза жана ачык-айкын болсо, энергетикага чыныгы адистер келсе деп көп маселени көтөрүп жатабыз. Тилекке каршы министрлик андай иштерди жүргүзбөй жатат.

Өлкөнүн экономикасынын эле эмес, элинин жашоо-тиричилигинин да негизи болгон энергетика тармагы оор абалда экенин быйылкы кыш дагы бир ирет тастыктады. Авариялар, өчүрүүлөр саны 12 миңге жетип, кыштын кычыраган күндөрү тургундар жарыксыз жана жылуулуксуз калып жатат.

Абалдан чыгуу үчүн энергетика тармагын каржылоону жана энергетикалык кубаттуулуктарды күчөтүү каралууда. Каржылоону жакшыртуу үчүн тарифтерди көтөрүү сунушталган. Бирок бул саясий маселе болгондуктан бийликтеги партиялардын чечим кабыл алуусу жеңил болбойт.


Абакта чатакты кримтөбөл уюштурганбы?


Узап бараткан аптада Кыргызстандын абактарында кооптуу жагдай түзүлдү. 16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында тополоң чыгып, андан Жаза аткаруу мекемесинин төрт кызматкери, ондогон камалгандар жабыркады. Камалгандардын ичинен бирөө мерт болду.

Абактагы жаңжалдын башатына “криминалдык төбөл” деп аталган Дамир Сапарбеков аттуу жаранды башка абакка которуу себеп болгону айтылып жатат. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул ишти аткарууда Жаза аткаруу мекемеси одоно катачылык кетиргенин белгиледи:

- Эртең менен сегиз жарым, тогуздарда атайын бөлүктүн жоокерлери кирип барат. Дароо эле сабап киришет. Абактагылар укугу чектелген күндө да адам да. Буларды барып токмоктош керек эмес.

Бир “положенец” Дамир Сапарбековду которуу үчүн ошондой кылышабы? Мен аны менен да сүйлөшүп көрдүм, ал “мага алдын-ала эскерткен эмес, эскертсе кетмекмин. Мунун баары чыкпайт эле”, - дейт. Ошон үчүн Жаза аткаруу мекемесинин пландуу түрдө иш жүргүзүлдү дегени туура эмес
.

Ал эми Жаза аткаруу мекемесинин жетекчилиги №1 тергөө абагында бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн, пландын негизинде тинтүү жүргүзүлө турган болгонун билдирди.

Мекеменин башчысы генерал Шейшенбек Байзаковдун кеңешчиси Табылды Исаев окуя кандай болгонун башкача айтат:

- Бул пландуу иш-чара болгон. Анын учурунда тинтүү жүргүзүлгөн. Пландуу иш-чараны аягына чыгаруу үчүн аракет жасалып жатканда ошол жерде абакта отургандар жана ошондой эле тергөө амалы менен жаткандар мыйзамга баш ийбей, камералардын эшигине керебеттерди коюп, матрацтарды өрттөп, мына ошол ызы-чууга алып келди.

№1 абактагы өзгөчө камера.
№1 абактагы өзгөчө камера.
№1 тергөө абагындагы окуя Кыргызстан абактары “криминалдык аталыктардын” көзөмөлүндө экенин, ошолордун буйругу менен баары кыймылга келип турганын көрсөттү.

Мына ошол криминалдык аталыктар отурган камералардын мыкты жасалгалары жана шарттары Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери менен криминалдык төбөлдөрдүн ортосундагы коррупциялык байланышты далилдеп турат.

Жаза аткаруу мекемесинин жетекчиси генерал Байзаков мындан ары андай камералар болбой турганын айтып, Дамир Сапарбеков №1 абактан которулганын билдирди. Бирок абактарда абал тынч болбой, 18-январдан бери ачкачылык акциясы жүрүп жатат.


Реформа кыскартуулар менен башталды


Өлкөнүн саясий турмушу мамлекеттик кызматтагы кыскартуулар, компроматтар менен коштолуп жатат. Ошол эле учурда президенттик шайлоонун алдында бириккен ыңкылапчыл күчтөр демилгени колго алып, реформаларды жылдырууга аракеттенүүдө. Мисалы, Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин бийлигинин идеологу катары чыгып, сот системасын реформалоо боюнча президенттик комиссияны жетектеди. Ал ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо боюнча мыйзам долбоорунун да демилгечиси.

Ал эми Темир Сариев экономика жагын колуна алып, учурда министрликтердин, агенттиктердин функцияларын аныктап, тактап жатат. Бул тактоолор мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуулар менен коштолмокчу.

Кыскартуулар өнөктүгү Жогорку Кеңеште да жүрүүдө. Жалпысынан өкмөт 2 200дөн ашуун кызматкерди кыскартып, 800 млн. сомдон ашуун каражатты үнөмдөп калууну көздөп жатат.

Кыскартуулар мамлекеттин алдында турган милдет, пландарга, чече турган маселелерге карап эмес, кыскартуулар болуш керек деген популисттик максаттар менен жүрүп жатат деп сындалууда.

Кыскартууларга тушуккан кызматкерлер, энергетикадагы өчүрүүлөрдөн жабыркагандар, казинолордун жабылышынан көчөдө калгандар нааразылардын катарын толуктап, оппозицияга кошулууда.


Бакиевдердин үй мүлкүн ким тоногон?


Бийликтеги коррупциялык көрүнүштөр жана фактылар бийликтин аброюна сокку урууда. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги арак-ликер заводун арзан баада сатып алганын билдирип чыкты. Турсунбеков аны төгүндөп, бирок арак заводду тууганы сатып алганын моюндап жатат.

Турсунбековдун тууганы арак заводун 66 млн. сомго сатып алган. Ал эми арак заводдун акционери Александр Ким заводдун жайгашкан жери эле бери дегенде 150 млн. сом болоорун айтып, бул жерде коррупция жана бийликтен пайдалануу жатканын кыйытты.

Дагы бир жаңжал “Ата Мекен” партиясынын жетекчилигинин айланасында пайда болду. Бир нече айдан бери абакта жаткан Абдулла Юсупжанов, Дастан Оморов жана Азамат Шергазиев аттуу жарандар депутаттарга кайрылуу жолдоп, анда 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин аларды “Ата Мекен” партиясынын жетекчилиги Бакиевдерге таандык үй-мүлктөрдү талап-тоноого пайдаланганын билдиришкен.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов 7-апрель түнү Юсупжанов менен бирге болгонун тастыктап, бирок Бакиевдердин мүлкү алар келгенге чейин эле таланып-тонолгонун гезиттерге курган маегинде билдирген. Айрым маалыматтарга караганда, бул талап-тоноолор боюнча кылмыш иши козголуп, бирок ал прокуратура кызматы тарабынан аягына чыгарылган эмес.

Компроматтык согуштун дагы бир учкуну апрель ыңкылабынан кийин тонолгон банк уячаларына байланыштуу чыгышы ыктымал. Анткени “Ата-Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков ал окуя кандайча болгонун иликтөөгө киришти.

Ошентип, кыргыз саясаты “жаз жарышка” кирип келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG