Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Садыр Жапаров "Эркин Европа/Азаттыктын" жетекчилиги менен кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алды.

14-сентябрда Бишкекте өткөн жолугушууга радионун Борбор Азия боюнча регионалдык директору Хамид Исмаилов жана кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева катышты.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштөөгө даяр экенин белгиледи. Жалпыга маалымдоо каражаттары калыс болуп, ар тараптуу, кайсыл бир тарапка көбүрөөк артыкчылык бербей, дүйнөдө таанылган чыныгы журналисттик принциптерди бекем карманып иштеши зарыл экенин билдирди.

Жейми Флай Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кесиптик ишмердиги үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин билдирди.

13-сентябрда Жейми Флайды тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кабыл алып, "Азаттык" радиосу Кыргызстандагы ишенимдүү маалымат булагы бойдон кала берерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG