Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 16:05

Сафар Бекжанга Ташкент ийиген жок


Сафар Бекжан.

Сафар Бекжан Каримовдун маалында саясий куугунтукка кабылып, эми Мирзиёевдин учурунда эч түшүндүрмөсүз жарандыктан ажыратылганына нааразы.

Акыркы жылдары Швейцариянын Лозанна шаарында жашаган саясий качкын Сафар Бекжан Өзбекстандын жарандыгынан бир жыл мурун ажыратылганын жакында эле билген. 57 жаштагы Сафар Бекжан (паспорттогу аты Бекчанов Сапарбай Жумабаевич) өзбек бийлиги кандай негизде жарандыктан ажыратканы тууралуу түшүндүрмө бербегенин айтты:

– Мен Берлиндеги Өзбекстандын консулдугунан 2017-жылы 17-мартта президенттин буйругу менен жарандыктан ажыратылганым тууралуу кат алдым. Катта жарандыктан ажыратуунун себептери айтылган эмес. Мыйзам боюнча алар негиздеши керек. Эгерде мен башка жарандык алган болсом, алар муну себеп кыла алышмак. Бирок, менин башка жарандыгым жок. Менде Бириккен Улуттар Уюму берген, качкын макамын тастыктаган документ гана бар.

Бекжан «Азаттыктын» өзбек кызматына каттын көчүрмөсүн жөнөткөн. Катта «Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Миграция жана жарандык башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Бекчанов Сапарбай Жумабаевич жарандыктан 2017-жылы 17-мартта президенттин буйругу менен ажыратылган» деп жазылган. «Азаттыктын» өзбек кызматынын журналисти Өзбекстандын Берлиндеги консулдугуна кайрылганда, «дипломатиялык өкүлчүлүк жеке адамдар тууралуу маалымат бербейт» деген жооп алган.

Сафар Бекжан жарандыктан ажыратылышын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

- Бул, албетте, диктатуранын уланышы, - дейт ал. - Эгерде Мирзиёев өзүнүн реформаларына ишенсе, мага Өзбекстанга барганга уруксат бермек. Ал өлкөдө аны сындап, ага сокку ура алган саясатчыны көргүсү келбейт.

Сафар Бекжан Өзбекстанга айыл чарба тармагына инвестиция жумшай турган он чет өлкөлүк ишкердин тобун түзгөнүн, бирок мекенге кайтуу максаты ишке ашпай калаарын кошумчалайт.

Сафар Бекжан Өзбекстандын Хорезм облусундагы Хазарасп районунда туулуп-өскөн. Ал «Эрк» демократиялык партиясынын борбордук кеңешинин мүчөсү болгон. 1993-1996-жылдары камакка алынып, бошонгондон кийин «Тиги дүйнөнүн босогосунда» деген китеп жазып, анда өзбек түрмөсүндөгү күндөрүн чагылдырган. 1997-жылы саясий ишмердүүлүгүнөн улам Өзбекстандан кетип, Швейцарияда саясий башпаанек алган. Ал Жазуучулардын эл аралык парламентинин мүчөсү.

2013-жылы Сафар Бекжан саясий куугунтуктагы төрт жолдошу менен Гүлнара Каримованын Женевадагы миллиондогон долларга бааланган үйүн сүрөткө тартып чыгарган. Бекжан ал убакта көзү тирүү өзбек президенти Ислам Каримовдун улуу кызынын үйүндө Өзбекстандын музейлеринен уурдалган 60тан ашуун белгилүү сүрөтчүлөрдүн картиналары менен XVIII кылымда жасалып, баалуу таштар менен кооздолгон Куранды өз көзү менен көргөнүн айтып чыккан. Айрым картиналарды ал сүрөткө тартып, Интернетке таркатып жиберген. Өзүнүн кылыгын «мыйзамга каршы келбеген саясий акция катары» баалаган Сафар Бекжан Гүлнара Каримованын үйүн ачкыч менен ачып киргенин да кошумчалаган.

Өткөн жылы Өзбекстанда саясий жана диний көз караштары үчүн атайын кызматтардын «кара тизмесине» алынган, ошондой эле саясий куугунтукка кабылган журналист, укук коргоочу жана оппозициячылардын бир тобу өзбек жарандыгынан ажыратылгандыгы маалым болгон.

Быйыл 23-мартта жарандык коомдун активисттери «Өзбек Республикасынын жарандыгынан ажыратуу» боюнча мурунку президент Ислам Каримовдун 2014-жылдагы буйругун жоюуну өтүнүп Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG