Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Улукбүбү Баткендин торгою эле


Улукбүбү Амирова «Азаттыктын» телестудиясында. Май. 2018-жыл.
Улукбүбү Амирова «Азаттыктын» телестудиясында. Май. 2018-жыл.

Баткенде 20 жылдан бери ишин токтотпой келген «Салам» радиосу түптөлгөндөн бери иштеп, журналистикада, маданиятта, ишкердикте өзүн көрсөтө алган Улукбүбү Амирова 42 жашында капилеттен инсульт оорусуна чалдыгып, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Акыркы жылдары жергиликтүү кеңештин депутаты катары элдин таламын талашып, жашоону сүйүүгө, дилгир болууга, баарына жетишип калууга үндөгөн Улукбүбүнү замандаштары эскерет.

Соңку жыйырма жылдан бери Улукбүбү Амированын шаңдуу үнү баткендиктердин үйүндө жаңырып турчу. Ошол үндү угуп чоңойгондордун айрымдары азыр өздөрү да радиодо иштеп жатат. Алардын бири - журналист Нургазы Жайнаков.

Нургазы Жайнаков.
Нургазы Жайнаков.

«​Биздин бала чагыбыз Улукбүбү эженин үнү менен эсте калды, - дейт ал. - Эсимде, «Салам» радиосу жаңы ачылганда мен 5-класста окучумун. Анын шаңкылдаган үнү күн сайын эртең менен жаңырып турчу. «До шашке» шоу-программасын алып барчу эле. Ал кезде кээ бир адамдар «Салам» радиосун «Улукбүбү радиосу» деп атап коюшчу. Бул да анын бренд болуп калган үнүнө байланыштуу болсо керек. Эженин үнү менен бир муун өсүп жетилди да»​.

«Улукбүбү жашоодо шашып жашады десек болот. Ар бир мүнөттү туура пайдаланып, колу саал бошой калса жакындарынан, курбуларынан же жардамга муктаж болуп мүңкүрөп тургандардан кабар алган боорукер инсан эле», дейт өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева.

Жаркын Ибраева.
Жаркын Ибраева.

«Улукбүбү экөөбүз дос катары жакын мамиледе жүрдүк. Акыркы жолу 7-майда радио күнүндө чалган. Эртең менен эфирден маектешкенбиз. Радионун кадыр-баркы тууралуу сүйлөштүк. Ошондо «Кыргыз миң санариптешсе да радиону таштабайт окшойт. Анткени кыргыз - ырлардын, жомоктордун баарын угуп, кылымдан кылымга оозеки сактап келген куйма кулак эл. Радио кыргыздар үчүн жаралгандай» деп айттым эле. Улукбүбү мына ошол радиону сүйгөн, элине кызмат кылган жан болчу».

Бала кезинен Улукбүбүнүн ишинен үлгү алып кийин журналистиканы тандаган ЭлFM радиосунун алып баруучусу Расул Рахманалиев Улукбүбү Амирова алдыда бир топ иштерди пландап, чоң максаттар менен жашап жүргөнүнүн эскерди:

Расул Рахманалиев.
Расул Рахманалиев.

«Бала кезде Баткенде жаңы ачылган «Салам» радиобуздан Улукбүбү эжебиздин, Сабыр байкебиздин эфирлерин калтырбай укчубуз. Менимче, 2000-жылдардан кийин журналистикага баргандарга ушул радионун алып баруучулары, алардын арасында айрыкча Улукбүбү Амирова таасир берген десем болот. Алардын катарында мына мен да бармын. Мектепте сабакта отуруп радио укчубуз»​.

Улукбүбү замандаштарынын эсинде шайыр мүнөз, мээнеткеч жан катары калды.

90-жылдардын этегинде Оштогу музыкалык окуу жайын аяктагандан кийин Баткен шаарында музыкадан сабак берип жүрүп, ошол кезде облуста алгач ачылган «Салам» радиосуна ди-джей болуп ишке кирген.

«Жаңы түзүлгөн радионун түптөлүшүнө салым кошуп, кийинчерээк аймактагы медианын өнүгүшүнө дем берген инсан болчу» дейт Эл аралык «Интерньюс-Кыргызстан» уюмунун директору Элина Каракулова.

Элина Каракулова.
Элина Каракулова.

«Улукбүбү мүмкүн болбогон иштерди жасай алды. Акыркы эки жарым жыл аралыгында «Интерньюстун» Media K долбоорунун алкагында биз менен иштешип, аймакта кадр тартыш экенине карабай «Салам Медианы» өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн борбору катары калыптандыра алды. Анын айланасында дайыма жашоо кайнап турчу. Ал адамдарды, аудиториясын, мекенин сүйүп жашады. Ал биздин эсибизде энергиянын булагы, лидер катары ар дайым сакталып калат».

Улукбүбү Амированын күжүрмөн аракети, коркпой иш баштаганы көпчүлүктү таң калтырчу. Кыз-келиндерге дем берип, ишкердикти да жандантуу менен баарына жетишип жашаганы, тынымсыз эмгектенгени бааланып, президенттин ардак барагы жана бир канча сыйлыктарга ээ болгон.

Медиа эксперт, «Салам Медианын» биринчи жетекчиси Максуда Айтиеванын айтымында, Улукбүбүдө адамга тиешелүү асыл сапаттар бар болчу.

Максуда Айтиева. “Салам Медианын” биринчи жетекчиси
Максуда Айтиева. “Салам Медианын” биринчи жетекчиси

«2001-жылы ишке кирип таңында «Саламатсызбы?» деп айткандан тартып, өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин эфирди таштаган жок, - дейт ал. - Тажаган да жок. Эфир үчүн жумшаган энергиясы да азайган жок. Стратег, реформатор болчу. Чарбага аябай жакын, жашоону сүйгөн, пейили деңиздей кенен адам эле. Эгер балдары менен кыйналган жалгыз бой энени жолуктуруп калса, кулагындагы сөйкөсүн да чечип берип койчу».

Капыстан кармаган инсульттун айынан көз жумган Улукбүбү Амированын артында бир уул, эки кызы калды.

Баткендеги көз каранды эмес «Салам» радиосу «Азаттык» радиосу менен 20 жылга жакын убактан бери үзбөй өнөктөш болуп келет. «Азаттыктын» эмгек жамааты Улукбүбү Амированын жакындарына, угармандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG