Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Саяно-Шушенсктеги кырсыкта жоголгондор куткарылабы?


Саяно-Шушенскти толук калыбына келтирүүгө бир топ жыл кетет
Саяно-Шушенскти толук калыбына келтирүүгө бир топ жыл кетет

Орусияда Эне-Сайда (Хакасия аймагында) төрт күндөн бери Саяно-Шушенск ГЭСиндеги аварияда жер астында калган 60ка жакын адамды куткаруу иши жүрүп жатат.

Түштүк Сибирдеги ГЭСте 17-августта катуу жарылуу болгон. Кырсыктан өлгөндөрдүн саны бейшембиде 17 адамга жетти, 58 киши урандылар астында калды. Аларды куткаруу үчүн жетиштүү деңгээлде аракет көрүлбөй, чындыкты жашырып жатышат деп, жоголгондордун туугандары бийликтерди сындап жатышат.

Кырсыктан набыт болгондордун туугандары муну кимден көрүшүн билбей турушат
Урандыларлын астында дале тирүү калгандар бар деп, аларды куткаруу иштери күчөтүлүшү зарыл деген журналистти камап салышты. “Новый фокус” деп аталган интернет-басылманын баш-редактору Михаил Афанасьевди ушак таркаткан, ГЭСтин жетекчилигинин жана куткаруучулардын абийирине шек келтирген деп айыптап жатышат. Аны милиция камакка алаардан мурдараак ал “Азаттыкка” буларды айткан: “Жоголгондордун туугандарынын жана станциянын өзүндө иштеген адамдардын айтымында, ал жерде дале тирүү адамдар бар. 18-августта түн бир убакка чейин урандылар астынан добуштар угулуп жаткан. Мени бул боюнча прокуратурага чакырып, түшүнүк кат жаздырышты”.

Афанасьев “маалыматты жашырып атышат” деп, бийликтерди айыптаган. Ал эми бийликтер куткаруу операциясы дале улантылып жатканын, бирок тирүү жан бар деген үмүт калбай баратканын айтышууда.

Бул - дүйнөлүк гидроэнергетикадагы эң ири жана түшүнүксүз кырсык
Тирүү калгандар куткаруучулар аларды угушат го деген үмүттө бар күчү менен дубалдарды каккылап урган учур Орусиянын тарыхында буга чейин да болгон. Мындан тогуз жыл мурда да августта Баренц деңизине чөгүп кеткен “Курск” атомдук кемесинен да ушундай үндөр угулганын айтышат. Адамдар кеменин ичинен бүт дубалдарды ургулап, куткаруучулар менен байланышка чыкканга аракет кылышкан, бирок кемеде калгандар убагында куткарылбай, 118 адам каза болгон эле.

“Курск” кемеси менен байланыштуу кырсыктуу ал окуя ошол чакта жаңы эле президенттиги башталган Владимир Путин үчүн чоң “саясий ката” болуп калды.

Анда деңиз түбүнөн адамдарды куткаруу иштери кызуу жүрүп жатканда, В.Путин Кара деңиздеги резиденциясында жеңин түрүп алып, шишкебек жасаганы видеого тартылып калган.

Азыр эми Саяно-Шушенск ГЭСиндеги жарылуу да президент Дмитрий Медведев жана бул ирет премьер-министрдин кызматында турган Владимир Путин үчүн дагы бир чоң саясий ката болуп кала тургандай.

Путиндин президенттиги дал ушу "Курск" кемесинин трагедиясы менен башталган, Мурманск, 1999
Бирок азырынча ГЭСте жакындарын жоготкондор жергиликтүү бийликтерди гана айыпташууда.

Хакасиянын өкмөтүнүн башчысы Виктор Зимин менен шаршембидеги жолугушууда жоголгон адамдардын туугандары электр кубатынын ири ишканасында (станцияда) коопсуздукту бекемдебей, кирешени көбөйтүүнүн гана артынан жүрөт деп, ГЭСтин жетекчилигин айыпташты.

Азыр Хакасиядагы бул кырсыктын кесепети менен күрөшүүдө Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу менен Отун-кубат министри Сергей Шматко негизги аракеттерди көрүшүүдө.

Шматко муну “дүйнөдөгү эң түшүнүксүз кырсык” деп атады.

“Бул өңдүү кырдаал түзүлө элек болчу. Бул – дүйнөлүк гидроэнергетикадагы эң ири жана түшүнүксүз кырсык, - деп айтты ал журналисттерге. - Турбинанын кулап түшкөн капкагынын салмагы 800 тонна. Ошондуктан ал эмне үчүн кыйрап калганын түшүнө албай жатабыз. Бул жерде аябай күчтүү адистер иштеши керек”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG