Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Клинтон учуучу табакка таң калбайт


Белгисиз учуучу объект.
Белгисиз учуучу объект.

Махабат ышкысына көп баткандардын маянасы көбүрөөк. Мындай тыянакка немис окумуштуулары келди. Мурдагы АКШ президенти Билл Клинтон бөтөн планеталыктар Жерге келсе, таң калбасын билдирди. Эт жеген адамдардын ден соолугу аны жебегендердикине караганда жакшыраак экен.

АКШнын мурдагы мамлекет башчысы Билл Клинтон президент маалында белгисиз учуучу объекттер (БУО – НЛО) жана бөтөн планеталардан келгендер тууралуу өкмөттөгү болгон маалыматты териштирип чыкканын ачыктады. Бул тууралуу ал белгилүү америкалык журналист Жимми Киммелдин телеберүүсүндө билдирди.

Мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун күйөөсү Биллдин президенттигинин экинчи мөөнөтүнүн башталышы Розуэлл окуясынын 50 жылдыгына туш келген. Гезиттер 1947-жылы "Нью-Мексико штатына "учма табактар" чөлгө кулап түштү" деп жазып чыгышкан эле.

Клинтон өзүнүн жардамчыларына БУОго жана бөтөн планеталыктарга байланыштуу бардык документтерди карап чыгууну буйруган. Мурдагы президент Клинтон өзүнүн 4-апрелдеги маегинде төмөнкүлөрдү айтты:

- 51-аймакта бөтөн планеталыктардын сөөгү бар-жогун аныктоо менин биринчи приоритетим болгон. Розуэлл окуясынын юбилейине байланыштуу элден көп кат келет. Ошондуктан жардамчыларыма жашыруун архивдерде космостон келген коноктордун АКШдагы издери тууралуу болгон документтерди талдап, карап чыгууга тапшырма бергем. 51-аймакта бөтөн планеталыктардын сөөктөрү жок.
"Учма табак", Пассориа ш., Нью-Жерси, АКШ, 1952-ж.
"Учма табак", Пассориа ш., Нью-Жерси, АКШ, 1952-ж.
Андай болгону менен, президент Клинтон космосто сан жеткис планеталар бар экенин жана жаңы планеталарда жашоого мүмкүнчүлүк жаралып жатканын билдирди. АКШнын 42-президенти бул ааламда адамзат жалгыз цивилизация эместигине ишенерин да кошумчалады.

- Эгер космостон келгиндер Жерге түшсө, мен таң калбайм. Алар тынчтык максатында келет деген үмүттөмүн. Айтор, "Эгемендүүлүк күнү" кинотасмасындай бизди басып алуу ниети жок болсо эле болду. Балким, адамзатка Жер планетасынан тышкарыдан коркунуч болгондо гана адамдар ортосундагы айырмачылыктарды четке чыгып, бириккенге аракет кылар.

Эт жегендер жакшы жашайбы?

Австриядагы Грац медициналык университетинин акыркы изилдөөсүнө ылайык, эт жеген адамдардын ден соолугу эт жебеген жана диета кармап, чөп-чар жегендерден жакшыраак болот экен. Спирттик ичимдиктерди ичкен, тамеки чеккен жана аз кыймыл-аракет кылган учурда да эт жегендердин саламаттыгы жакшыраак болот.
Жылкы эти.
Жылкы эти.
Грацтык илимпоздордун иликтөөсүнө ылайык, тажрыйбага катышкан 1320 адамдын арасына эт жебеген жана аз арак ичкендердин денесинин салмагы жеңил болуп чыкты. Ошондой эле алардын физикалык жана психологиялык абалы да бошоң экени аныкталды. Чөп-чар жегендер арасында рак, аллергия, депрессия, астма өңдүү ооруларга кабылгандар эт жегендерге салыштырмалуу жогору экенин изилдөөлөр көрсөткөн.

Сүйүү ышкысынын пайдасы

Адам канчалык сүйүү ышкысына көп батса, ошончолук көп маяна табат. Мындай тыянакка немис окумуштуулары келген. Изилдөөгө шилтеме жасап, "Коммерсант" гезити активдүү сексуалдык жашоосу барлар орто эсеп менен 5 пайыз көп акча табаарын жазды. Иликтөөгө Германияда жашаган 26 жаштан 50 жашка чейинки адамдар тартылган.
Махабат ышкысы - карьерага пайдалуу.
Махабат ышкысы - карьерага пайдалуу.

Сексолог Юлия Варра болсо адамдын ишке жөндөмү сексуалдык жашоосуна байланыштуу экенин көрсөтүп, төшөктө көп кошулгандар профессионалдык жактан тез өсүшкө жетишет деген тыянак чыгарат. Иши жакшы жүргөндөр башкаларга салыштырмалуу активдүү сексуалдык өмүр сүрөт. Немис илимпоздору билдиргендей, сүйүү ышкысына көп баткандар артрит, диабет жана жүрөк дарттарына сейрек чалдыгат.

Билл Клинтон: Бөтөн планеталыктар келсе таң калбайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG