Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Кытайда адамдын генин өзгөрткөн илимпоздор жазаланды


Кытайлык окумуштуу Хэ Цзянкуй. 28-ноябрь, 2018-жыл. Гонконг.
Кытайлык окумуштуу Хэ Цзянкуй. 28-ноябрь, 2018-жыл. Гонконг.

Кытайда адамдын эмбриондорун тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган үч окумуштуу жазага тартылды.

Кытайдын Шенчжен шаардык соту 30-декабрда үч окумуштууну адамдын генин өзгөртүү боюнча мыйзамсыз экспериментке барганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Алдыңкы илимпоз, биогенетик Хэ Цзянкуй үч жылга абакка кесилип, ага 400 миң евродой айып салынды. Ал эми Чжан Жэнли эки жылга, Цин Цзинчжоу 1,5 жылга эркинен ажыратылды. Экөө тең 130 миң евродой айып төлөөгө милдеттендирилди.

Хэ Цзянкуй адам эмбриондорунун гендерин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн 2018-жылдын ноябрь айында жарыялаган. Мунун жыйынтыгында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар жарык дүйнөгө келишкен. Хэ Цзянкуйдун айтымында, ал атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн, CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт. Окумуштуу анын максаты - тукум кууган ооруларды айыктыруу же алардын алдын алуу эмес, адам организминдеги илдеттерге туруштук бере ала турган жөндөм жаратуу экенин айткан.

Ал бул ачылыш тууралуу жарыялаганда эле көптөгөн окумуштуулар мындай ачылыштын этикалык тарабы эске алынбаганын айтып, сынга алышкан. Илимпоздор адам эмбриондорунун гендерин CRISPR-Cas9 технологиясы аркылуу өзгөртүү кооптуу жагдайларды жаратып, Кытайдагы биомедициналык коомдун өнүгүшүнө жана аброюна шек келтирерин жазышкан.

CRISPR-Cas9 – бул окумуштууларга адамдын ДНКсын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген технология.

Генетикалык иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан орус окумуштуулары. 20-декабрь, 2016-жыл.
Генетикалык иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан орус окумуштуулары. 20-декабрь, 2016-жыл.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы да бул иликтөө боюнча тынчсыздануусун билдирип, ошол замат тергөө иштери башталган.

Мындай эксперименттер АКШда жана башка өнүккөн мамлекеттерде адамзаттын үстүнөн жасалган иликтөөгө барабар деп эсептелип, тыюу салынып келет.

Профессор Хэ Цзянкуйдун аты илимий чөйрөдө кеңири белгилүү. Ал бир топ жыл АКШда билим алып, Техастагы Райс университетинде докторлук диссертациясын жактаган. Андан кийин эки жыл Стэнфорддо иштеп, Кытайга кайтып барган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG