Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:59

Гени өзгөргөн азыктар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Гени өзгөртүлгөн жана химиялык азыктанган мөмө-жемиштер адамдын организмине кандай таасир этет? Алардан кайсы оорулар пайда болушу мүмкүн? Мөмө-жемиштин табигый экенин кантип аныктаса болот?

Азыркы кезде дүйнө жүзүндө азык-түлүк маселесин чечиш үчүн бир чети өсүмдүктөргө химиялык жер семирткичтер өтө көп өлчөмдө себилип, экинчи жагынан алардын генин өзгөрткөн технологиялар да абдан кеңири колдонулууда. Бул эки ыкма тең айыл чарба азыктарынын биологиялык түзүмү менен сапатын өзгөртүп, аларды колдонгон адамдардын саламаттыгына таасир этээрин окумуштуулар көптөн бери эле айтып келатышат.

Химияга чыланган багбанчылыктын келечеги жок

Жер кыртышы эскиргендиктен азыр аны кубаттандыруу жана өсүмдүктөрдү зыянкеч курт-кумурскалардан коргош үчүн миллиондогон тонна жер семирткичтер, пестициддер себилип келатканы эч кимге жашыруун эмес. Кыргыз улуттук университетинин биология кафедрасынын жетекчиси Алмагүл Кендирбаева бул пестициддер мөмө-жемиш, дан азыктарынын биологиялык түзүмүн өзгөртүп, аны жеген адамдын саламаттыгына олуттуу зыян алып келерин белгиледи:

Алмагүл Кендирбаева.
Алмагүл Кендирбаева.

«Азыр дарыгерлер «абдан көп оорулар "жашарып" кетти» деп жатышат. Дарттын түрлөрү арбып, аллергия болгондор, өсмө илдетине чалдыккандар көбөйдү. Мунун баарынын негизги себеби биз жеп жаткан азык заттарга байланыштуу. Айыл чарбасында тез арада көп түшүм алууга багытталган иш-аракеттердин натыйжасында элдин саламаттыгы начар болуп жатат. Өз казаныбызга эле уу кайнатып алып жеп жаткандай элес калтырат. Бул багытта дыйканчылык, мал чарбачылыгы катуу көзөмөлдө болушу керек деп ойлойм. Көп эле дыйкандар кирешени мол алыш үчүн пестициддерден, жер семирткичтен каражатты аябайт экен. Буга өз көзүм менен күбө болуп эле жатам. Товардык көрүнүшү кооз, жалаң гана пайданы көздөгөн айыл чарбасынын өмүрү кыска».

Генге киришкен илим

Ал эми ГМО (генетикалык модификацияланган организм) деген эмне экенин адегенде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин илимий кызматкери, микробиолог Руслан Адилден сурадык.

Руслан Адил.
Руслан Адил.

«Акыркы жылдары калктын саны улам көбөйгөндүктөн жана айдоо жерлеринин аздыгынан улам генетикасы өзгөргөн организмдер массалык түрдө өстүрүлүүдө. Албетте, мындай организмдерди толук изилдөө азырынча жүрө элек. Гени өзгөргөн өнүмдөрдүн адамга же башка жандыктарга тийгизген таасирин байкаш үчүн бир нече муун алмашууга тийиш. Муундар арасындагы айырмачылыктардан гана алардын тирүү организмге тийгизген оң же терс таасирин билсе болот. Ошондуктан азырынча ГМО азыктарынын адамзатка тийгизген таасирин так атоо кыйын», - деди ал.

Бирок окумуштуу гени өзгөргөн өсүмдүктөр адамдын саламаттыгына үч негизги коркунуч алып келиши мүмкүн деген божомолдор бар экенин айтты. Биринчиден, гени өзгөргөн өсүмдүктөрдө токсиндер, уулуу заттар көп болот деген көз караш кездешет. Бул адам организминде толук эрип, жок болбогон оор металлдардын чогулушу дегенге барабар. Экинчиден, булар түрдүү аллергиялык ооруларды козгоп, анын айынан адам теринин сезгенишинен тартып дем алуу органдарына чейин ар кандай жапа чегет деген адистер да учурайт. Эң башкысы – алар адамдагы генетикалык маалыматтарды өзгөртүп, ар түрдүү аутоиммундук, дарысы жок оорулар келип чыгышы мүмкүн деп чочулашат.

ГМО чыгаруу боюнча Кытай дүйнөдө биринчи орунда турат. Бирок бул өлкөнүн эли да акыркы убакта мындай мөмө-жемиш, дан азыктары зыян экенин айтып, ГМОдон баш тарткан чакырыктарга кулак төшөй баштады.

Кытайда 2014-жылдан бери жергиликтүү эл менен дыйкандардын ортосунда чоң талаш уланып келе жатат. Тынымсыз көбөйгөн калктын санынан улам өлкөдөгү азык-түлүк маселесин чечиш үчүн Кытай агрономдору генетикалык модификацияланган же гени өзгөртүлгөн жашылча-жемиш, дан азыктарын чыгарышууда. 2014-жылы бийлик бул азыктардын саламаттыкка зыяндуу экенин айтып чыккандан кийин Кытай калкынын 46 пайызы ГМО азыктарына каршы экенин билдирди.

Помидордун мисалы

Ал арада адистер мындай азыктар Кыргызстанда да көбөйүп жатканын эскертишет. Профессор-дарыгер Анархан Надирова помидордун мисалында гени өзгөртүлгөн азыктарды таанып билүүнүн жолун айтып берди:

Анархан Надирова.
Анархан Надирова.

«Негизи помидор эки генден турат. Азыркы тапта биздин дыйкандар бир генин жок кылып коюшту. Себеби, бир ген менен калган помидор тез бышат, даамдуу болбойт, бирок көпкө чейин бузулбай тура берет. Андыктан помидорду туура тандай билиш керек. Азыр эми бардык мөмө-жемиштер күнөсканада өстүрүлүп жатпайбы. Негизи генин өзгөртпөгөн деле дыйкандар бар. Мисалы, помидордун баары бир формада болбой, чоң-кичине болуп, тегиз бышпай, бир жери көк, бир жери кызыл болуп турса табигый, эки гендүү помидор экенин билдирет. Тегиз бышып, баары окшош, кыпкызыл, катуу болуп турган помидорлор - бир гендүүлөр».

2014-жылы 181,5 миллион гектар жерге дүйнөнүн 28 өлкөсү генетикалык модификацияланган дан азыктарын өстүргөн. Алардын жарымы гени өзгөргөн соя түрүндөгү азыктар эле. Курт-кумурскаларга туруктуу, алар жей албагандай өсүмдүктөр АКШда, Бразилияда, Аргентинада көбөйгөн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да генетикалык модификацияланган организмдер кишинин саламаттыгына зыян тийгизиши мүмкүн деген талаш-тартыш жүрүп жатканын белгилейт. «Аллергияны козгойт» деген түкшүмөлдөр АКШнын Айыл чарба департаменти менен Дүйнөлүк саламаттык уюмунун лабораторияларында толук тастыктала элек. «Алар адамдын генин өзгөртөт» деген божомолдор да бар. Аны айткандар гени өзгөртүлгөн өсүмдүктөрүнүн клеткалары кишинин ички органдарын жабыркатып, зыянкечтер антибиотиктерди тоготпой калгыдай шарт түзөт деп эсептешет. Бирок азырынча бул божомол толук тастыктала элек.

Өсүмдүк курт-кумурскалардын дүйнөсүн өзгөртөт

Түркиядагы Эржиес университетинин профессору Зафер Гөнүлалан да жогорудагы божомолдорго толук кошуларын, буга кошумча генетикалык өзгөртүлгөн өсүмдүктөр жердеги биологиялык ар түрдүүлүктү бузуп жатканын айтты:

Зафер Гөнүлалан.
Зафер Гөнүлалан.

«Биринчи кезекте айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизеби деп коркуп жатабыз. Себеби, гени өзгөргөн өсүмдүктөр табигый өсүмдүктөрдөй жок болуп кетпейт. Ушундан улам курт-кумурскаларга терс таасирин тийгизет. Флорадагы биологиялык ар түрдүүлүктү азайтат. Айыл чарбасында химиялык жер семирткичтер эсепсиз колдонулуп жаткандыгы да коопсуздукка коркунуч жаратууда. Мындан тышкары, гени өзгөргөн өсүмдүктөр башка чөп-чарга ооруларды жуктурууда. Эч нерсени тоготпогон жаңы микроорганизмдерди пайда кылып жатышат».

Эл аралык уюмдар азырынча мындай дан азыктарын, мөмө-жемиштерди көзөмөлдөөчү, теске салуучу ыкмаларды таба элек. Ушундан улам окумуштууларда көп учурда ар бир мамлекет азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн ГМОго чектөө коюшу керек деген пикир басымдуулук кылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG