ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

"Сындагыла, жекеликке өтпөгүлө". Жапаров атаандаштары менен эмнени сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаровдун шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берген жарандар менен жолугушуусу. 18-ноябрь, 2026. "Ынтымак ордо".
Президент Садыр Жапаровдун шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берген жарандар менен жолугушуусу. 18-ноябрь, 2026. "Ынтымак ордо".

Президент Садыр Жапаров 18-ноябрда президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн арыз бергендерди кабыл алганы белгилүү болду. Бул тууралуу Жапаров өзү да Фейсбуктан билдирүү жасап, жолугушууну шайлоону ачык атаандаштыкта өткөрүү максаты менен байланыштырды.

Буга чейин Жапаров талапкер болуу ниетин билдирип, мамлекеттик тил боюнча тесттен өтпөй калган коомдук-саясий ишмер Өмүрбек Суваналиев жана Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев менен да жолуккан. Анда мамлекеттик тил боюнча сынакка байланыштуу айтылган сөздөр коомчулукта талкуу жараткан. Ал эми соңку жолугушууда эмне кеп болду?

18-ноябрда "Ынтымак ордодогу" жолугушууда президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берген саясатчы Исхак Масалиев да болгон. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайлоого аралашып жатканын айтты:

“Административдик ресурс тууралуу сөз башталганда эле: “Жок, андай эмес, мен жарлык кабыл алдым. Азыр дагы кошумча айтам”, - деп жатат. Бирок мен башка нерсени айтат элем. Айрым депутаттар жер-жерлерде куратор болуп алышты. Акимдер менен айыл өкмөт башчыларынын баары тең президенттин фондунан айлык алышат. Бул көз каранды деген сөз да. Алардын кызмат орду, ишмердүүлүгү толугу менен президенттин колунда. Ошондуктан административдик ресурсту азайтуу аракети жөнүндө сөз болду. Бирок президент: “Мен айтып койдум, эч ким аралашпайт”, - деп койду. Негизи талаптарды ал киши деле биз айткандай айтты. Бирок жоопторуна толук канааттандым деп айта албайм”, - деди Масалиев.

Саясатчынын айтымында, жолугушууда президент Жапаров анын ишмердигин сындоого ачык экенин белгилеп, бирок жекеликке өтпөөгө чакырды.

Президенттикке талапкер болуу үчүн арыз берген дагы бир саясатчы Мамбетжунус Абылов кол топтоо маселесин көтөрүп, президентке кат даярдап барган. Анын пикиринде, 30 миң кол топтоо ашыкча талап жана жарандар “Түндүк” тутуму аркылуу талапкерлерди ачык колдоодон чочулап турушат.

“Биз колдоп койсок, “Түндүктөн” чыгып калат. “Шайлоого катышпа дебедик беле?” деп бизди кыйнайт”, - деп жатышат. Ошентип мага кол бербей жатат, ал эми жаштар мени тааныбайт. Негизи, 30 миң кол топтомоюнча катталбайт дегени мыйзамсыз. Себеби Конституцияда “президент болуп 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген, мамлекетте 15 жыл жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат” деп турат. Мындан сырткары, кылмыштуулугу боюнча маселеси жок адам катталышы керек. Менде кылмыштуулук боюнча маселе жок. Болду, менин катталууга укугум бар да. Эми 30 миң кол топтош керек деп, бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатышат”.

Президент Садыр Жапаров буга чейин талапкер болом деген саясатчы Сыймык Жапыкеевди жана Өмүрбек Суваналиевди кабыл алганы белгилүү болгон. Анда да шайлоого байланышкан маселелер талкууланып, мамлекет башчы тең атаандаштыкты камсыздай турганын айткан. Бул жолу да ачык атаандаштык болорун кайталап, жарандарды талапкер болууга арыз берген саясатчыларды “Түндүктөн” колдоого чакырды.

“Мен алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө жеке өзүм кызыкдармын. Буга чейин да бир нече жолу айткам, бүгүн дагы кайталайм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Мурдагы шайлоолордогу административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек", - деди мамлекет башчы.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо талапкер болом деген 11 адамдын арызын кабыл алып, учурда документтерин териштирип жатат. Президент Садыр Жапаров шайлоого катышкандарга эч кандай чектөө болбой турганын, тең атаандаштыкка шарт түзүлөрүн кайталап келатат. Мындан тышкары, административдик ресурсту колдонбоо боюнча Жапаровдун жарлыгы да чыккан.

Анын шайлоо өнөктүгү учурунда президенттик кызматын улантышы боюнча ар кандай пикирлер айтылып, бул мыйзамга жазылган талап болгону менен тең атаандаштыкты бузат дегендер болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров "Азаттыкка" мындай түшүндүрмө берди.

"Бул - мыйзамдын талабы. Биз ошого жараша аракет кылабыз. Болбосо Жогорку Кеңеш "келечекте депутат менен президент кызматын тапшырат" деп мыйзам кабыл алып берсин. Ошондо башка принцип менен иш алып барабыз".

Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун шайлоодогу саясий атаандаштык дээрлик жок деген пикирин айтып, мындай негиздерди келтирди:

"Президент өзү да талапкер. Башка талапкерлерди чакырып, диалогго үндөп, алдын ала административдик ресурс колдонулбайт, кол топтоого жардам бергиле деген чакырыгы жакшы. Мындай чакырыкты мурдагы президенттерден уккан эмес элек. Бирок 27-январда боло турган шайлоонун жыйынтыгы азыртан эле белгилүү. Коомчулук деле билет. Президент аймактарды кыдырып, эл менен жолукту. Үгүт-пропаганда жүргүздү. Азыр атаандаштарын чакырып, сүйлөшкөнү менен ага чейин жасаган иштери башкача болуп калбадыбы. Татыктуу атаандаштарына байланыштуу сот болду. Ташиев, Мадумаров катыша албайт, соттолуп калышты. Канчалаган саясатчылардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, мындан улам шайлоого катыша албай турган болуп калды. Ушунун баары шайлоого даярдык болгон. Шайлоодо тең тайлаша ала турган талапкерлердин чыкпай калышынын себеби ушунда. Президент өзү талапкер катары катышкандан кийин кызматын спикерге же Министрлер кабинетинин төрагасына өткөрүп бериши керек эле. Резиденциядан чыгып, өзүнчө штаб түзүп иштесе туура болмок. Каалайбызбы, жокпу, мамлекеттик кызматкерлердин баары ага иштеп берет".

Анткен менен өкмөт шайлоону ачык-айкын өткөрөрүн айтып келатат. Маселен, ушул эле риториканы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-ноябрда Жогорку Кеңеште да келтирди.

"Бийликте тургандар биз шайлоого кийлигишпешибиз керек. Мен шайлоону өткөрүү боюнча штабды жетектейм. Штабдын негизги милдети – бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү”, - деди Касымалиев.

Президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январына белгиленген.

  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

​
XS
SM
MD
LG