Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Сирия түндүгүндө кармаш күчөдү


Түрк аскерлери.
Түрк аскерлери.

Сириянын түндүгүндө Түркия жүргүзүп жаткан «Евфрат калканы» аскерий операциясы уланууда. Кечээ аскерлер Манбиж шаарын көздөй чабуул баштады. Ал арада бул операцияда Түркиянын өкмөттүк күчтөрү жоготууга дуушар болду.

Түркиянын аскерлери жана Сириядагы козголоңчулардын «Султан Мурад» деп аталган тобу сириялык күрттөр басып турган Манбиж шаарын ээлеп алгандан бери Сириянын түндүгүндө кармаш күчөдү.

Евфрат дарыясынын батыш жээгинде жайгашкан бул шаарды өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтон Сириянын “Демократиялык күчтөр” уюмунун, анын ичинде Сириялык күрттөрдүн альянсы АКШнын колдоосу менен ишке ашкан 10 күндүк чабуулдан кийин ээлеген.

Анкара өткөн жумада Сириянын Түркия менен чектеш аймагында баштаган аскерий операциясында күрттөрдүн элдик коргонуу отрядынын согушкерлерине каршы Манбижге чабуул жасаганын 28-августта жарыялады.

«Султан Мурад» козголоңчулар тобунун жетекчиси Ахмед Осмондун белгилешинче, сириялык күрттөрдүн турумдарына чабуул жасаш үчүн шаарды көздөй жылууга Түркиянын куралдуу күчтөрү жардам берди. Алар мурда сириялык күрт согушкерлер ээлеп турган бир нече айылды өз карамагына алууга жетишти.

Ал арада коңшу Сириянын өзү менен чектеш аймагында баштаган аскерий операциясында Түркия алгачкы жоготууга дуушар болду. Аскерлердин маалыматына караганда, Сириянын түндүгүндө Түркиянын эки танкына күрт козголоңчулары тараптан чыгарылган ракеталык сокку бир түрк аскеринин өмүрүн алды, дагы үчөө жарадар болушту.

Жоготууга жай тургундар да учуроодо. Кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары боюнча обсерваториясы уюму маалымдагандай, Түркиянын аба соккуларынан Манбижде бир түндө 20 адамдын өмүрү кыйылды. Мындан тышкары Сириянын түндүгүндөгү айылдарда дагы 15 жай тургун түрк артиллериясы менен танктардын чобуулунан каза тапты.

Бирок Түркиянын Куралдуу күчтөрү бул маалымат жалган деп, четке кагууда. Алардын айтуусунда, «25 күрт согушкери жок кылынды жана аларды Анкара террорчу деп эсептейт».

24-августта Түркия коңшу Сириянын түндүгүндө, өзү менен чектеш тилкеден бир чакырым аралыкта жайгашкан Жераблус шаарына бастырып кирген. Бул шаарды сириялык оппозиция күчтөрү 2012-жылдын июль айында ээлеп алган. Бир жылдан кийин аларды өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ сүрүп чыгаргандан бери шаар ошолордун колунда болуп келди.

Түркиянын куралдуу күчтөрү жана АКШ баштаган эл аралык антитеррордук коалиция Жераблусту ИМ тобунан тазалоо операциясын баштаганын президент Режеп Тайып Эрдоган жар салып:

- Сирия тараптан бизге жасалган чабуулдар... Газиантеп, Килис жана башка чек ара аймактары... Мунун баары биздин чечкиндүү кадамдарга барышыбызды шарттады. Биздин чыдамыбыз түгөндү. Муну токтотуу керек, - деп айтты.

Эрдоган "Евфрат калканы" деп аталган бул чабуул "Ислам мамлекети" террордук тобуна гана эмес, Түркияда экстремисттик деп жарыяланган Күрт жумушчу партиясынын аракеттерине да каршы уюштурулуп жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG