Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2022 жума, Бишкек убактысы 04:15

Кыргызстанда чылым азайса насыбай күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Адистер Кыргызстанда чылымды таштагандар азайганы менен насыбай чегүүгө өткөн өспүрүмдөр менен аялдар барган сайын көбөйүп баратканын айтышууда. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттары чылым жана насыбай чегүүнү чектөө боюнча мыйзамга толуктоолорду сунуш кылып жатышат.

Кыргызстанда чылымдын ордуна насыбай чеккен 13-15 жаштагы мектеп окуучулары үч пайызга көбөйдү. Бул көрсөткүч аялдар арасында да арбын.

Жакында эле Жогорку Кеңеште чылым чегүүнү тыюу боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш талкууланды. Мыйзам долбоорунун авторлору насыбайды, электрондук чылымды жана кальянды тыюуну сунуш кылып жатышат.

Ошону менен катар балдар ойногон ачык жана жабык аянтчаларда, коомдук транспортто, эс алуучу жайларда, суу жээктеринде, маданий иш-чаралар өткөрүлүүчү, эл көп чогулуучу жерлерде тамеки чегүүнү толук токтотуу каралууда.

Мыйзамдын эмне зарылдыгы бар?

Тыюу салуу канчалык жөндүү? Чын эле насыбай менен чылым азыр кыргызстандыктардын саламаттыгына чоң коркунуч келтирүүдөбү? Чектөөлөрдөн өлкө экономикасы жабыркап калбайбы? Ушул жана башка суроолорго жооп алыш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин чылым чегүүгө каршы бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Бекбасарова менен Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубаныч Айдаралиевге кайрылдык.

"Азаттык": Чынара айым, мурдагы мыйзамдар толук аткарылбай жатканда мындай толуктоолордун зарылдыгы бар беле?

Чынара Бекбасарова.
Чынара Бекбасарова.

Чынара Бекбасарова: Кыргызстанда тамекиге каршы күрөш боюнча мыйзам 2006-жылы кабыл алынып, 12 жылдан бери иштеп келе жатат. Бирок азыркы учурда жаңы тамеки заттары пайда болду.

Убагында жакшы мыйзам деп эсептелгени менен бүгүнкү күндө анын ичине көп нерселер кирбей калганы далилденди. Маселен, мыйзам боюнча коомдук жайларда тамеки тартканга болбойт. Анткен менен тамактануу жайларында, ресторандарда, кафелерде чылым чегүү такыр токтобой келет. Андан сырткары, “тамекинин жарнамасын толугу менен токтоттук” деп айтып жатсак да соода жайларында тиешелүү талап аткарылбай жатат. Азыркы тапта Кыргызстанда тамеки өндүргөндөр жок болгону менен импортту камсыз кылган компаниялар анын өтүмдүүлүгүн көздөп, ар түрдүү элди кызыктырган акцияларды уюштуруп жатканына күбө болуп эле жүрөбүз.

Тилекке каршы, мыйзамда мындай акцияларга тыюу салынган эмес. Тегерегибизди эле алсак, Орусияда, Казакстанда, Беларуста тамекинин көргөзмөсүн, ал үчүн ар түрдүү оюндарды, акцияларды өткөрүү тыйылган. Ал эми бизде чоң дүкөндөрдөн тартып майда күркөлөргө чейин аны жарнамалаган чоң кутуларды көрсө болот. Ошондой эле тамекинин сатылышын көзөмөлдөө начар болуп жатат.

Салык төлөөчүлөр нааразы болбойбу?

"Азаттык": Кубаныч мырза, ансыз да чылымдын салыгы улам көтөрүлүп жатканда салык төлөөчүлөр мындай тыюуларга каршы чыкпайбы?

Кубаныч Айдаралиев: Көп жылдан бери эле тамекинин салыктарын көтөрүп келе жатабыз. Минималдык чекене бааларына мурда чектөө жок эле, азыр чектөө киргиздик. Жылыга ошол чектөө менен баасын 40 сом, кээде 10 сом кылып кымбаттатып жатабыз. Ошондой эле беш жылга чылымга акциздик салыктын өлчөмдөрү бекитилген. Мисалы, 2017-жылы акциздик салык чылымдын миң даанасына миң сом болсо, быйыл 1250 сом болду, 2019-жылга дагы 250 сом кошулат. Бул салыктын мурдагыдан айырмасы - кошумча акциздик төлөмдөн жылына бюджетке 938 миллион сом түшөт деген сөз. “Мындай чектөөгө каршыбыз” деп азырынча бизге түздөн-түз эч ким кайрыла элек. Эл деле тамекинин зыянын толук түшүнүп калды.

"Азаттык": Демек акциздик салыктан эле мамлекет 1 миллиард сомго жакын киреше тапса, анда саламаттыкка тийгизген таасиринен канча чыгаша тартып жатат? Муну эсептегендер барбы?

Кубаныч Айдаралиев.
Кубаныч Айдаралиев.

Кубаныч Айдаралиев: Чынын айтсам, бул багытта изилдөөлөр жок. Ошентсе да тамекиге байланыштуу оорулардан каза болгон, зыян тарткан жарандарыбыз абдан көп. Кийинки жаңы чыгып жаткан кальянга, электрондук чылымдардын баары эле никотин кошулгандыктан, булардын деле зыяны бир топ. Өзгөчө жугуштуу ооруларды көбөйтүп жатат да. Анан ээн-эркин эле сатылып, өспүрүмдөр деле алып жатпайбы. 18ге жашы толо элек балдар чылымдын түрүн, насыбайды күркөлөрдөн көзөмөлсүз эле сатып алып жатпайбы. Бизде көзөмөл системасы таптакыр жок. Чылым тарткан адам сөзсүз бир ооруга чалдыгат. Ал иштөө жөндөмүнөн айрылса албетте, экономикага, үй-бүлөсүнө да материалдык зыяны тийет да.

Саламаттыктын тарткан зыяны - 170 миллиард сом

"Азаттык": Чынара айым, Кыргызстандагы калктын басымдуу бөлүгү жугуштуу эмес оорулардан өлүп жатат. Бирок мамлекеттик бюджеттен алардын алдын алууга каражат өтө аз берилет. Мындай дарттарга чылым чегүү да себеп эмеспи? Бул багытта илимий тактоо барбы?

Чынара Бекбасарова: Бул маселе боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын иликтөө жүргүзгөн. Дал ушул сиз сураган жугуштуу эмес оорулардын чыгымдарын эсептеди. Жалпысынан ошондой оорулардан жабыркаган жарандарыбызды дарылоого жыл сайын 170 миллиард сом талап кылынат экен. Азыр эле айтылган 1 миллиард сом кирешеден канча эсе көп сумма экенин көрсө болот. Дал ушул сумманын 40 пайызга чейинкиси онкологиялык ооруларды дарылоого кетет. Маселен, өсмөнү (ракты) ала турган болсок, өлкөдө өпкө рагы менен ооругандардын 95 пайыздан ашыгы дал ушул тамеки чеккендер. Азыр эле айтылган кальян, насыбай сыяктуу таптакыр мамлекет карабаган нерселердин баары жаңы мыйзамга кирип жатат. Булардын көзөмөлүн мыйзам аркылуу бекитиш керек.

"Азаттык": Кубаныч мырза, насыбайды башка өлкөлөргө экспорттоо жагынан Кыргызстан аймакта алдыңкы орундардын биринде турат. Экономика министрлиги экспорттун бул түрүн көзөмөлгө алганбы?

Насыбай. Иллюстрациялык сүрөт.
Насыбай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кубаныч Айдаралиев: Насыбайды көзөмөлдөө боюнча убагында Орусия Федерациясында да иш-аракеттер болду. Тилекке каршы, бул ишти жүргүзүү татаал болуп жатат. Себеби, насыбай колго жасалып, эл арасында, базарларда сатылат. Ачык супермаркеттерде жок, соодадагы ордун аныктай албайбыз. Анын үстүнө зыяндуулугун изилдеген илимий тыянактар да жок. Аны ар ким каалагандай технология менен жасап жаткандыктан, базарда ар түрдүү насыбайлар сатылууда. Тилекке каршы, бул заттын экономикалык чыгымын, кирешесин тактоо мүмкүн эмес.

Чынара Бекбасарова: Орусияга насыбай Борбор Азиядан ташылат. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаттары, Саламаттык сактоо министрлиги да ушул маселени көтөрүштү. Жок дегенде сапатын көзөмөлгө алып, марка чаптап сатуу жөнүндө сунуш киргизилди. Кыргызстандын базарларынан алынган насыбайды биз АКШга жиберип, курамындагы заттарды изилдеттик. Натыйжада насыбайда адамдын организмин күйгүзө турган зыяндуу заттар көп экени аныкталды. Айрыкча өсмөнү козгой турган зыяндуу заттар көп.

Кыргызстанда чылым азайса насыбай күчөдү (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:11 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG