Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Байден Эквадордон Сноуденге башпаанек бербөөнү сурады


Украинанын интернет партиясынын активисттери АКШнын Киевдеги элчиканасы алдында Эдвард Сноуденди колдогон акция өткөрүүдө. 27-июнь, 2013.
Украинанын интернет партиясынын активисттери АКШнын Киевдеги элчиканасы алдында Эдвард Сноуденди колдогон акция өткөрүүдө. 27-июнь, 2013.

АКШ жетекчилиги Эквадор президентине кайрылып, өлкөнүн коопсуздук агенттигинин мурдакы кызматкери Сноуденге башпаанек бербөөнү сурады.

АКШ вице-президенти Жо Байден менен мындай сүйлөшүү жума күнү телефон аркылуу болгонун эртеси күнү Эквадор президенти Рафаэль Корреа билдирди. Корреанын айтышынча, Эквадор Вашингтондун пикирин эске алат, бирок Сноудендин өтүнүчүн кандай канааттандырат, аны өлкө өзү чечет.

Эквадор президенти Рафаэль Корреа ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден экөөнүн телефон сүйлөшүүсүн мындайча сүрөттөдү:

- Албетте, биз Сноуден жөнүндө сүйлөштүк. Байден өтө сыпаалык менен Кошмо Штаттар башпаанек бербөөбүздү өтүнгөнүн айтты. Мен ага Эквадордун көз карашын билдирдим. “Вице-президент, телефон чалганыңызга ырахмат. Биз АКШны аябай сыйлайбыз. Биз мындай жагдайда болгонду каалабайбыз. Кээ бир пейили бузук маалымат каражаттары кабарлагандай, биз АКШга каршы эмеспиз”, - дедим.

АКШнын коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден өткөн жекшембиде Гонконгдон Москвага учуп келип, ошол бойдон "Шереметьево" аэропортунун транзиттик зонасында отурат деп боолгонууда. Сноуденди мекенинде коопсуздук кызматтарынын жарандарды электрондук көзөмөлдөө боюнча жашыруун программасын ашкере кылды деп айыпташууда.

Эквадор былтыр “Викиликстин” негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга саясий башпаанек берген. Ал ошондон бери Эквадордун Лондондогу элчиканасында отурат. Ассанжды Швеция аял зордуктады деп, суракка алганга кызыкдар. Ассанждын айтышынча, ал “Викиликсте” америкалык аскерлердин жана дипломаттардын миңдеген жашыруун документтерин жарыялагандыктан, Швеция аны АКШга өткөрүп бериши мүмкүн.

Рафаэль Корреанын сөзүнө караганда, Жо Байденге азырынча Сноуден Эквадорго келе элек, ошондуктан ага саясый башпаанек берүү маселесин кароо мүмкүн эмес деген. Ал ошондой эле, Эквадор Вашингтондун суранычын эске аларын айтып, бирок Сноуденге качкын макамын берип-бербөө жагын өлкө өзү чечет деди:

- Бирок Сноуден Эквадор жерине келмейинче, анын өтүнүчүн кароону баштай албайбыз. Бул жараянды ал келсе гана баштайбыз. Албетте, биз адегенде Ассанжга байланыштуу Англия менен болгон окуядагыдай Кошмо Штаттардын пикирин карап көрөбүз. Биз ар бирин угабыз, бирок чечимди өз эгемендүүлүгүбүзгө ылайык кабыл алабыз.

Корреа Сноуденди кайда жөнөтүү Орусия бийликтеринин эркинде экенин да белгилеп, Вашингтон Сноуденди тутуш керек эмес, оболу америкалыктардын телефон сүйлөшүүлөрүн жана интернеттеги кат-кабар алмашуусун жашыруун көзөмөлдөгөн программасы тууралуу түшүндүрмө берсин деди.

Ишемби күнү немистердин Spiegel жумалыгы редакцияда АКШнын улуттук коопсуздук агенттигинин Евробиримдиктин Брюсселдеги, Вашингтондогу жана Нью-Йорктогу кеңселерин тыңшаганы, Биримдиктин компьютердик системасына кирип, андагы документтер менен каттарды окуганы тууралуу АКШнын жашыруун документтери бар экенин жазып чыкты. Журналдын ырасташынча, 2010-жылга тиешелүү бул документтер Сноуденден алынган.

Бул кабар Евросоюздун жетекчилигинде катуу нааразылык жаратты. Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц береги кабар Броюссель-Вашингтон алкасына “оор залака кылат” деп, АКШнын кеңири түшүндүрмө беришин талап кылды. Германиянын юстиция министри Сабина Лойтхойзер-Шнарренбергер айым да Вашингтонду “тез” жана “кеңири” түшүндүрмө бергенге чакырып, бул сыяктуу ыкмалар “Кансыз согуш жылдарындагы душмандар ортосундагы аракеттерди эске салат” деди.

XS
SM
MD
LG