Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:05

Кыргыз өкмөтү бир нече жылдан бери майып балалуу үй-бүлөлөрдүн энелерине баласын бакканы үчүн айлык акы төлөп беребиз деп убада кылып келет. Бирок маселе ушул убакка чейин чечилген жок.

Баласын караган мезгилди эмгек стажы катары эсептөө тууралуу демилге көтөрүлгөнү менен ал ишке аша элек. Өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан энелердин түйшүгү, аларга карата мамлекеттин камкордугу, чечилбей жаткан маяна жана эмгек стажы тууралуу маселелер "Арай көз чарай" берүүсүндө талкуусунда каралды.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миңдей бала каттоодо турат. Аларды баккан энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей жатат. Бүгүнкү талкууда майып баласын баккан эненин түйшүгү, мамлекеттин камкордугу тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова катышты.

"Азаттык": Карамат Бабашевна, он жылдан ашуун убактан бери эле майып балдарды баккан апаларга айлык төлөө маселеси парламентте кайра-кайра талкууланып келет. Бирок демилге эмнеге ишке ашпай жатат?

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

Карамат Орозова: Бүгүнкү күндө бул көйгөй өтө актуалдуу. Анткени балдары майып ата-энелер жумушта иштей албай, социалдык абалы оор болуп жатат. Жалпы эле Кыргызстанда азыр үй-бүлө институтунда кыйынчылыктар аябай көп.

2017-жылы биздин демилгебиз менен жөлөкпул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип, аны бардык балдарга берүү маселеси коюлган. Ошол мыйзам парламенттен колдоо таап, президент кол койсо да алты айдан ашык иштебей турду.

2018-жылы дал ошол мыйзамды өзгөртүүнү өкмөт бизге кайра сунуш кылды. Муну кайра карап чыгууга бирден-бир себеп - азыр биз талкуулап жаткан маселе болду. Майып баласын баккан энеге эмгек акы берүү мыйзамдык деңгээлде чечилген, эми аны ишке ашыруу өкмөттүн токтому менен жүрөт. Өкмөт бул маселеде каражат проблемасын эске алып, аны кайра карап чыгууну сунуш кылды го деп ойлойм.

Таалайкүл Исакунова: Жакында Жогорку Кеңештеги Финансы жана бюджет комитетинде да бул проблеманы көтөрдүк. 2012-жылы Жогорку Кеңеш "2013-жылдын бюджетин кароодо киргизиш керек" деп өкмөткө тапшырма берген. Бирок негедир ал жылы да кирбей калган. Албетте, андан бери иш-аракеттер болду.

Азыр Эмгек кодексине ылайык ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген баланы баккан эне же кызматкердин эмгек стажы социалдык кызмат тарабынан эсептелиши керек. Эгер балалуу болгонго чейин бир жерде иштесе - анда стажына кошулат. Тилекке каршы, расмий иштеген жери болбосо, анда стаж кошулбай калып, кийин пенсияга чыгарда бир топ кыйынчылыктарга учурап, минималдык төлөм менен чыгышы ыктымал. Мындай оор кырдаалга көбүнчө аялдар туш болот.

Адатта ооруган баланын атасы жоопкерчилик албай, үй-бүлөсүн таштап кеткен учурлар бизде аябай көп. Азыркы тапта майып балага мамлекет 3 миң сом жөлөкпул берет. Күйөөсү жок, анан ошол 3 миң сом менен жан сактап жаткан жалгыз бой энелер көбөйдү. Бул албетте, чоң социалдык көйгөйгө жол ачууда.

"Азаттык": Март айындагы акыркы маалыматтарда акыбалы оор балдарын караган энелер 6 миңдей деп эсептелиптир. Жалпы майып балдардын саны 30 миңге чукул болсо, эмнеге аларды баккан 6 миң гана эне айлык алышы керек?

Таалайкүл Исакунова.
Таалайкүл Исакунова.

Таалайкүл Исакунова: Биз азыркы учурда мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багуунун түйшүгүн баалоо системасын карап жатабыз.

Мамлекет чындап эле эненин же баланы караган кызматкердин түйшүгүн көрө албай жаткандай болуп жатат. Дени-карды соо баланы кароо канчалык кыйын экени айтпаса да белгилүү. Ал эми саламаттыгы жабыркаган баланы кароо миң эсе оор.

Биздин министрлик азыр ата-энеге айлык төлөө эмес, ошол баланы караган, түздөн-түз байланышы бар кызматкер катары маяна берүүнү сунуш кылып жатат. Себеби кээ бир энелер башка жумушта да иштейт. Оорулуу баланы бирөөгө каратат. Караган кызматкерге минималдык айлык 5 миң сом өлчөмүндө берилиши керек. Биринчи кезекте биз акыбалы оор 6 миң баланын апасына же караган адамга акы төлөө жөнүндө сунуш киргиздик.

Албетте, майыптыктын оор же жеңил формасын аныктоо кыйын. Азырынча өз алдынча баса албаган, 24 саат бою кароого муктаж болгондор биринчи планга чыгып жатат.

Майып балалуу энеге айлык төлөө чечиле элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:54 0:00
Түз линк

"Азаттык": Карамат Бабашевна, баланы багуудан баш тарткан аталарды жоопко тартуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүшү керек?

Карамат Орозова: Парламент өкүлдөрү мурдагы чакырылыштан бери эле үй-бүлө ажырашкандан кийин алиментти талап кылууну күчөтүүнүн жолун сунуш кылып эле келет. Бирок мыйзам менен эле чектелбей, азыр коомдук аң-сезимди өзгөртүш керек экенин байкаса болот. Бизде жакшы жазылган мыйзамдар бар. Алардын көбү кагаз түрүндө эле калат. Аткарыш үчүн өкмөт атайын жол-жобо иштеп чыгышы керек. Мисалы, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча бир топ мыйзамдар кабыл алынган. Анда үй-бүлөнү байкоочу бардык тиешелүү тармактардын укуктары кеңейтилген. Бирок баары бир аткарылбай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG