Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Түндүк Корея аймак “согуш босогосуна” бара жатканын эскертүүдө


Түштүк Кореянын Йонпхендо аралы, 23-ноябры.
Түштүк Кореянын Йонпхендо аралы, 23-ноябры.

Корей жарым аралында чыңалган кырдаал сакталууда. Түндүк Корея коңшусу Түштүк Корея менен АКШнын апта соңунда башталаары белгиленген биргелешкен машыгуусу аймакты согуш босогосуна алып келерин эскертти.

Корей жарым аралындагы кырдаал бул ирет Түндүк Корея ушул шейшемби күнү коңшусунун эл жашаган Йонпхендо аралын артиллериядан аткылаган соң курчуду. Түштүк Кореянын төрт жаранынын өмүрүн алган ал аткылоо 1950-53-жылкы корей согушунан берки эң олуттуу чабуул катары мүнөздөлдү. АКШ, Жапония, Орусия Түндүк Кореянын аракетин айыптады. Кытай Пхеньянды түздөн-түз күнөөлөбөгөнү менен кырдаалга камтамачылык билдирди.

Бул окуянын артынан АКШ менен Түштүк Корея ушул жекшембиден тарта деңизде аскерий машыгуу өткөрөрүн, ал Пхеньяндын шейшембидеги чабуулуна чейин эле мерчемделгенин жарыялашкан. Ошол машыгууларга катышуу үчүн Сары деңизге АКШнын өзөктүк куралы бар жана учактарды тартып жүрүүчү кемеси да келе жатат.

Алдыдагы машыгууга байланыштуу Түндүк Кореянын расмий жаңылыктар агенттиги тараткан билдирүүдө “Корей жарым аралындагы кырдаал Түндүккө каршы багытталган аскерий машыгуу өткөрүү боюча акылсыз пландан улам согуштун босогосунда турат. Түндүк Кореянын эли жана армиясы марионеткалык топтун (Түштүк Кореядагы) чагымына катуу кыжырданууда. Эгер Түндүк Корея элдик демократиялык республикасынын ар-намысына жана суверендүүлүгүнө кымындай эле кол салына турган болсо, алар окту жамгырдай жаадырып, душмандын таянычын жарууга толугу менен даяр ”,- деп белгиленет.

Мурдараак Түндүк Корея шейшембидеги артиллериялык атышуунун башталышы үчүн жоопкерчиликти Түштүктөгү коңшусуна жүктөгөн болчу. Бүгүн Йонпхендо аралынын айланасында артиллериянын добушу кайрадан угулду. Божомолдорго караганда, Түндүк Корея аскерий машыгуу өткөргөн болушу ыктымал.

Кырдаал чыңалып турган шартта, АКШнын жана БУУнун Түндүк Кореядагы күчтөрүнүн командачысы Уолтер Шарп бүгүн Йонпхендо аралында болду жана Пхеньянга эскертүү жасады:

-Алган маалыматтарыма жана бул жерден өз көзүм менен көргөндөргө таянсам, Түндүк Корея аралга кол салганы айдан-ачык. Бул - элдешүү жөнүндөгү макулдашууну бузгандык. Биз жана Улуттар уюмунун командачылыгы бул нерсени ийне-жибине чейин иликтейбиз жана Түндүк Кореяны болочок кол салууларын токтотууга чакырабыз.

23-ноябрдагы атыкылоодон кийин Йонпхендо аралында турак үйлөр талкаланган.


Түштүк Кореянын өзүндө болсо бийлик сынга алынып жатат. Бүгүн Сеулда Түндүк Кореянын артиллериялык соккусуна өкмөт талаптагыдай жооп бере алган жок деп нааразыланган жарандар демонстрацияга чыгышты. Демонстранттардын лидери Парк Сан Ханг Рейтер агенттигинин кабарчысына буларды айтты:

- Бул биздин өлкөнүн суверенитетине кол салуу экени айныксыз. Бирок биздин өлкө аларды али жазалай элек. Алар жазалоо жөнүндө кандайдыр бир аракеттерсиз эле айтышууда. Биз өзүбүздү жаман сезип жатабыз. Кантип биздин президентке өзбүздүн күндөлүк жашоону ишенип тапшыра алабыз.

Дарегине айтылган сындардан улам кечээ Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Дэ Ёт кызматынан чегинген. Президент Ли Мён Бак азырынча жаңы министрди дайындай элек. Йонпхендо аралынан шашылыш көчүрүлгөндөрдү кабыл алган Инчон шаарынын мэри Сонг Юнг Илдин көз карашында, өкмөт аралдарын айланасында коргонуу саясатын күчөтүүсү керек:

- Президент жана борбордук бийлик чек арага жакын аралдардын батыштагы беш жээги боюнча саясатты кайра кароого жигердүү катышуусу абзел. Эгер Түндүк менен Түштүк бетме-бет келип кала турган болсо, биз түндүккө каршы алардын режиминин күнү бүткөнгө чейин күрөшүүбүз керек. Бул биздин аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун сактоо үчүн кардиналдуу чараларды көрүүнү талап кылат.

Түштүк Кореянын өкмөтү ушул бейшембидеги чукул жыйынынан кийин Түндүк Корея менен чек арасында аскерлеринин санын көбөйтөрүн, ага катар эгер ал тараптан коркунуч жаралган шартта күч колдонуунун эрежелерин өзгөртө турганын жарыялаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG