Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

ЖМК мыйзамы жашыруун өзгөртүлүп жатабы?

"ЖМК жаатында мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары: медиа коомчулуктун көз карашы" аталыштагы тегерек үстөл өтүүдө.

Кыргызстандын медиа коомчулугу ЖМКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулап жатышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилгени айтылууда. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, "Маалымат каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" эки мыйзам бириктирилмекчи.

ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт 13-сентябрда тегерек үстөл өткөргөн. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттик топко кыска мөөнөт ичинде өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды берүү тапшырылган.

11:38 30.9.2021

Жыйынга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү келген жок. ЖМК мыйзамдарын инвентаризациялоо мыйзамын ушул министрлик сунуштаган.

11:37 30.9.2021

Юрист: Ачыктык жок болсо биз акырындап Түркмөнстанга айланабыз. "Жалган маалыматтан коргоо" жөнүндө Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы кабыл алынган. Кечээ Юстиция министрлигине чалып сурасам, "Биз жумушчубуз мунун баарын жасаганга каражатыбыз жок. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине чалгыла" дешти. Азыркы ЖМК тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайсы бир таасирдүү адамдар үчүн эле кирип жаткандай. Мыйзамды карап чыгууга эки жума жетишсиз, кеминде жарым жыл керек.

11:22 30.9.2021

11:19 30.9.2021

Алмаз Исманов: Биз мыйзам жазууга көз салып эле турбай, кошо катышуубуз керек. Биз мониторинг гана кылып турсак, анда биздин ишибизди чектеген мыйзамдар кабыл алынышы мүмкүн. Биз өзүбүздүкүн сунушташыбыз керек.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG