Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

ЖМК мыйзамы жашыруун өзгөртүлүп жатабы?

"ЖМК жаатында мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары: медиа коомчулуктун көз карашы" аталыштагы тегерек үстөл өтүүдө.

Кыргызстандын медиа коомчулугу ЖМКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулап жатышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилгени айтылууда. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, "Маалымат каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" эки мыйзам бириктирилмекчи.

ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт 13-сентябрда тегерек үстөл өткөргөн. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттик топко кыска мөөнөт ичинде өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды берүү тапшырылган.

10:39 30.9.2021

10:44 30.9.2021

Султанбек Аманбек: Мени маалыматка жетүү мыйзамы тынчсыздандырып жатат. Анда бийликтин кайсы бутагы болбосун маалымат бербей коюуга укугу бар экени жазылган. Азыр бул мыйзамды даярдоо кайсы этапта?

10:46 30.9.2021

Семетей Аманбеков Юстиция министрлигинин өкүлүнө "ЖМК тууралуу мыйзамды иштеп чыккан топто бир да медиа тармагынын өкүлү жок, эмнеге киргизген эмессиңер?" деген суроо берди.

10:49 30.9.2021

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргызстандагы медиа өкүлдөрү маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат.

Анда "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Телеберүү жана радиоберүүлөр тууралуу" жана "КТРК тууралуу" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт тарабынан түзүлгөн эксперттик топтун сунуштары каралып жатат. Медиа эксперт Семетей Аманбеков анда "ЖМКлар жөнүндө" мыйзам күчүн жоготту деген билдирүүлөргө кошулбай турганын айтып, медиа мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун мезгилсиз деп белгиледи:

"Биз бул каршы пикирибизди медиа мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуштап, талкуулап жаткан эксперттик топко жибердик. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандагы сөз эркиндигине шек келтирет. Бул мыйзамдарды журналистикадан алыс адамдар талкуулап, жокко чыгарууну сунуштап жатканы кейиштүү".

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG