Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

ЖМК мыйзамы жашыруун өзгөртүлүп жатабы?

"ЖМК жаатында мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары: медиа коомчулуктун көз карашы" аталыштагы тегерек үстөл өтүүдө.

Кыргызстандын медиа коомчулугу ЖМКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулап жатышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилгени айтылууда. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, "Маалымат каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" эки мыйзам бириктирилмекчи.

ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт 13-сентябрда тегерек үстөл өткөргөн. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттик топко кыска мөөнөт ичинде өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды берүү тапшырылган.

21:11 30.9.2021

12:25 30.9.2021

Жалпыга маалымат каражаттарына байланыштуу мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө каршы болгон журналисттер президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго жана юстиция министри Асел Чыныбаеванын атына кайрылуу жолдошту.

Кайрылуу ээлери "ЖМК тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" мыйзамдарды өзгөртүүсүз калтырууну өтүнүшүүдө.

Алар ЖМК ишмердүүлүгүн тескөөчү мыйзамдар чукул өзгөртүлгөнүн белгилеп, бирок өзгөргөн мыйзам долбоорлору ачык талкууланбай жатканына нааразылык билдирип жатышат. Медиа эксперттер бул мыйзамдарга киргизиле турган ар бир өзгөртүү терең анализди жана кеңири талкууну талап кыларын эскертишти.

Кайрылуу ээлери ЖМК жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө эрте деп эсептешет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилген. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, "Маалымат каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү" эки мыйзам бириктирилмекчи.

Демилгечи болуп жаткан министрлик бул мыйзамдар Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы редакциясына шайкеш келтирүү максатында өзгөртүлүүгө тийиш экенин билдирүүдө.

ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт 13-сентябрда тегерек үстөл өткөргөн. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттик топко кыска мөөнөт ичинде өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды берүү тапшырылган.

12:01 30.9.2021

Акмат Алагушев: Төрт мыйзамды чукул жазып Юстиция министрлигине жибердик. 14-сентябрда анын экөө гана талкууга коюлганы суроо жаратат. Концепция бул анализ, мыйзам эмес. Аны иштеп чыгуу керек. Мисалы, КТРК тууралуу мыйзам тууралуу талкууланган жок. Бизде бул мыйзам кайра жазылып жатканы тууралуу инсайдерлик маалымат бар. Коомдук эмес улуттук кылганы жатышыптыр. Ким мындай тегерек үстөлдөрдү ким уюштуруп, эки мыйзамды талкуулап, экөөнү жылдырууга буйрук бергенин билишибиз керек. Кечээ биз БУУнун өкүлдөрү менен жолуктук. Эмнеге мамлекет кылы турган ишке каражат бөлүп жатасыңар деп сурадык. Бул мыйзамдарды жазуудан мурда коомчулук менен кеңешүү керек болчу. Президенттик аппараттын каты ачык турат. Анда методологиясын сындап, мыйзам чакырууга чакырып атышат. Биз өткөн тегерек үстөлдө мамлекеттик ЖМК өкүлдөрү басымдуу экенин көрдүк. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү келбей койгону өкүнүчтүү. Юстиция министрлиги буга тиешеси жок экенин айтууда. Бул мыйзам качан талкууланарын ким чечип атканын билгибиз келет.

11:40 30.9.2021

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG