Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду


Арсалан Будажапов жеңишин майрамдап жатат. Индия, Нью-Дели шаары. 22-февраль, 2020-жыл.
Арсалан Будажапов жеңишин майрамдап жатат. Индия, Нью-Дели шаары. 22-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстандык эркин күрөшчү Арсалан Будажапов спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болду.

Ал 79 килограммга чейинки салмакта финалда индиялык балбан Балиян Гоурав менен күч сынашып, 7:5 эсебинде жеңишти камсыздап, Азия чемпионатынын алтын байгесине ээ болду. Күмүш медаль Балиян Гоуравга ыйгарылса, коло байгелер ирандык Али Бахтияр Савадкоуши менен жапониялык балбан Шинкичи Окуиге буюрду. Мелдеш Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Будажапов 22-февралда эркин күрөштөн 79 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жалпы үч беттеш өткөрдү.

Будажапов мелдешти чейрек финалдан баштап, алгачкы беттешинде Галимжан Эсербаевди 4:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште ирандык балбан Али Бахтияр Савадкоушини 3:1 эсеби менен утту.

Бүгүн эркин күрөштөн 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмактарда байгелер ойнотулуп, үч кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Алар Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг), Исламбек Орозбеков (70 кг) жана Магомед Мусаев (97 кг).

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты 18-февралда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргыз балбандары эки күмүш, үч коло байге алышкан. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын, Айсулуу Тыныбекова коло медалын тагынды. Мелдеш 23-февралда аяктайт. (GT)

XS
SM
MD
LG