Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Ригалыктар хоккейчи кыздарга форма чогултту


Ригалыктар кыргызстандык хоккейчи кыздарга форма чогултуп жатышат. Рига, 2020-жыл.
Ригалыктар кыргызстандык хоккейчи кыздарга форма чогултуп жатышат. Рига, 2020-жыл.

Ригадагы хоккей мектебиндеги ата-энелер Ысык-Көлдөгү кыздардын хоккей командасына форма, башка жабдыктарды чогултуп жөнөтүүнү чечкен. Бирок азырынча жүктү жеткирүү маселеси чечилбей турат.

“Азаттык” радиосу былтыр өлкөдөгү жалгыз кыздар командасы форма-жабдуулары жок болгону үчүн турнирге катыша албай жатканын айтып берген.

Жыл этегинде Швейцарияда жашаган кыргызстандыктар аларга форма жөнөткөн. Латвиялыктардын демилгеси жөнүндө суроолорубузга хоккей мектебиндеги ата-энелердин бири Артурс Ширяевс жооп берди.

"Азаттык": Артур, хоккей формасына муктаж команда жөнүндө кайдан, кантип билип калдыңыз?

Артурс Ширяевс: ​Бир жыл мурда биздин клубду Бишкек шаарынын мэринин кубогуна арналган турнирге катышуу үчүн чакырышты. Адашпасам, апрель айы болсо керек. 2009-жылы төрөлгөн балдар арасындагы мелдеш болчу.

Ага Ригадан, Казакстан, Санкт-Петербург, Чехия, Америка, Орусиядан коноктор, жергиликтүү командалар катышкан.

Балдарды бир нече ата-эне коштоп барган. Бишкекте бир жумадай жүрдүк. Ошондо көп кишилер менен таанышып, сүйлөшүп, кыздар командасынын машыктыруучусуна жолугуп калдык.

Телефон номерлерибиз, башка маалыматтар менен алмашканбыз. Биздин хоккей мектебинин директору бир күнү “Келгиле, кыргызстандыктарга форма, жабдуу жагынан жардам берүүнүн жолун ойлоп табалы” деди. Ошентип акырындап чогулта баштадык.

Адегенде кийилбей калган бардык формаларды бир кутуга топтоп туралы, анан бир хоккей клубуна же Бишкектеги муз майданынын дарегине жибербиз деп ойлодук. Бирок бул сунуш өтпөй калды.

Мен Ысык-Көлдөгү (Ак-Суу районундагы Отрадное айылынын) кыздар командасынын машыктыруучусу Саламат Абдрахманов менен байланышып турчумун, "келгиле, ошол кыздарга салалы" деп чечтик. Бул ишти ата-энелер кылып жатат, бизге мектептин менежери жардам берет.

"Азаттык": Демек, демилгени хоккей мектебинин директору көтөрдү десек болот экен. Ата-энелер кандай кабыл алышты сунушту?

Артурс Ширяевс: ​Кичинекей, батпай калган формаларды мектепке алып келе баштады. Мектептин хоккейге адистешкен жогорку классында окугандар да алып келишти. Биз бардыгын уюштурдук, бирок кантип жеткиришти билбей отурабыз.

"Азаттык": Мен дал ушул суроону сизге узатайын деп тургам. Сүрөттөргө караганда, көп жүк топтолуп калыптыр. Чоң-чоң баштыктар, кутулар үйүлүп турат. Формадан башка маска, коньки, каскалар бар экен, алар оор болот да.

Ооба, биз бардыгын баштык, кутуларга чогултуп койгонбуз. Таразага тартып, ороп, үстүнө жазып койдук, кыскасы даяр турат. Кантип жөнөтүү жолун ойлонуп жатабыз. Ташып барыш үчүн абдан көп акча керек экен, кымбатка түшүп калчудай. Ошон үчүн ар кайсы жолдорду ойлоштуруп жатабыз. Балким бирөөлөр бизди угуп жардам берет чыгаар. Биздин жогорку класстагылар эки аптада бир жолу Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барып мелдештерге катышат. Биз адегенде ошол жакка жеткирип, андан аркы жеткирели дегенбиз. Бирок бул да чечиле элек.

"Азаттык": Балким биздин интервьюбузду угуп же окугандар арасында жардам берчүлөр табылар. Артур, Бишкектеги турнирге барып көрүп келиптирсиз. Кыргызстанда хоккей салтуу оюн эмес. Кандай таасир менен кайтып келдиңиз?

Артурс Ширяевс: ​Абдан кызыктуу сапар болгон. Командадагы көп ата-эне барган. Бизди абдан жакшы тосуп алышты. Бардыгыбыз абдан ыраазы болуп келдик. Кыргызстандыктар меймандос келишет экен. Жана айткандай, бир топ кишилер менен таанышып, азыркыга чейин байланышып турабыз.

Буга чейин хоккейчи кыздарга Швейцарияда жашаган мекендештер форма салышкан. Бул тууралуу видеодон көрө аласыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG