Сөңгөк клеткалар оор илдеттерден дарылоодо чоң роль ойной алат деп ишенген окумуштуулар, доктурлар, ар кандай ооруларга чалдыккан адамдар Обаманын чечимин кубатташты. Дүйшөмбүдө Вашингтондо буйрукка кол коюу аземине белгилүү илимпоздор, изилдөөчүлөр, доктурлар, ар кыл дарттардан жакындарын жоготкон катардагы америкалыктар катышты:
- Мен кол койгону жаткан буйрук окумуштуулар менен изилдөөчүлөр, дарыгерлер менен новаторлор, пациенттер менен жакындарыбыз 8 жылдан бери үмүттөнүп жана күрөшүп келаткан өзгөрүүгө жол ачат. Көптөн үмүттөндүргөн сөңгөк клеткаларды изилдөөгө федералдык бюджеттен каражат бөлүүгө киргизилген тыюуну алып салганы жатабыз. Андай изилдөөнү жүргүзгөн окумуштууларга колдоо көргөзөбүз. Бир күнү жемиш бере турган ачылыштарды жасоодо Американын лидер болушун көздөйбүз.
Жөнөкөй клеткалардан айырмаланып, сөңгөк клеткалар соңсуз бөлүнө беришет. Изилдөөчүлөр алардын жардамы менен жүрөк, инсульт, кант диабети, генетикалык илдеттерди, Алцгеймер, Паркинсон өңдүү ооруларды дарыласа болот деп ишенишет. Шал болуп, төшөктө жаткан адамдардын нервдерин калыбына келтирсе, алар кайра кыймылдай башташы ыктымал.
Обама маркум актер Кристофер Рив бул күнгө чейин жашаса жакшы болмок эле деди. “Супермэн” ролу менен таанылган америкалык актер аттан кулап түшкөндөн кийин шал болуп калган. 2004-жылы көз жумган Рив сөңгөк клеткаларды изилдөө үчүн күрөшкөндөрдүн алдында болуп келген.
Бул тармакка мамлекеттик акча бөлүүгө тыюу 2001-жылы Буш администрациясы тарабынан киргизилген. 2007-жылы болсо Буш чектөөлөрдү алып салууга мүмкүнчүлүк тузгөн мыйзамга вето койгон. Андай тыюу моралдык жүйөөдөн улам киргизилген. Эмне дегенде сөңгөк клеткалар адамдын түйүлдүгүнөн алынат.
Обама мындай позицияны илимий жана моралдык баалуулуктар ортосундагы калпыс тандоо деп атап, адамдын дартын жеңилдетүү – милдет экенин белгиледи:
-Менимче, бул жерде илим менен моралдык баалуулуктарды айкалыштырса болот. Кудайга ишенген адам катары биз бири бирибизге кам көрүүгө, азап чегүүлөрдү жеңилдетүүгө тийишпиз деп ойлойм.
Жакында япониялык, британиялык жана канадалык окумуштуулар адамдын терисинен алынган клетканы сөңгөк клеткасына айландыруу жолун табышканын жар салышты.
Президент Обама медициналык прогресске жол ачкан тыюуну алып салаардын алдында бул маселени талкуулап, ар тараптан карап чыкканын айтты:
- Ар кыл саясий, диний көз караштагы, ар кандай социалдык катмарга таандык америкалыктардын көбү бул изилдөөнү улантышыбыз керек, анын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, ишти туура жүргүзүп, катаң көзөмөлдү камсыздоо менен кооптуу жагдайдарды алдын алса болот деген орток пикирге келишти.
Айрым сынчылар сөңгөк клеткалар адамды клондоо үчүн пайдаланышы ыктымал деп чочулашат. Президент лабораториялардагы калпыстыктарды болтурбоо үчүн өкмөт атайын эрежелерди иштеп чыгат деп ишендирди.
Тыюу киргизилгенден бери кээ бир америкалык окумуштуулар изилдөөлөрү үчүн жеке фонддорду колдонуп, бир тобу ишин башка мамлекеттерде улантып келишти.
Байкоочулар Обама шайлоо алдындагы убадаларын аткара баштаганын белгилеп, эми анын популярдуулугу ого бетер өсөт дешүүдө.
Арийне анын буйругуна нааразы болгондор да жок эмес.